Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүүгө арыз жазды. Маалыматка караганда, Зилалиевдин кызматтан кетишине «бомба» чырына байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон. «Мен кайсы жерде иштебейин ачык жана толук берилүү менен иштөөгө аракет кылып келем. Бирок жакында эч түшүнүксүз бомба тууралуу маалымат боюнча козголгон кылмыш ишине менин атым аралашып калды. Бул кырдаал, албетте, менин ар-намысым менен абийириме зыянын тийгизүүдө»,- деп жазган арызында Зилалиев. Аталган жагымсыз окуя өкмөт менен премьер-министрге да көлөкө түшүргөнүн айтып, кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин кызматтан кетүү туура жол болгонун кошумчалады. Өкмөт Зилалиевден арыз түшкөнүн расмий ырастай элек.
Эскерте кетсек, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземинде укук коргоо кызматкерлери Бишкектин Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен бомба издегени белгилүү болгон. Бомба ИИМдин академиясынын курсантынан түшкөн маалыматтын негизинде изделген. Ал эми курсант кыздын айтымында, аталган аймакка бомба коюлганы тууралуу маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев айткан. Зилалиев курсант кызга бомба тууралуу эмес, формасы тууралуу сын айтканын, кыз анын сөзүн туура эмес түшүнүп алганын билдирген. Бул боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.
Дүйшөнбек Зилалиев ушул жылдын августуна чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп келип, августта Сапар Исаков жетектеген жаңы өкмөттүн курамында вице-премьер-министр болуп дайындалган. 17-ноябрда аталган кызматтан бошотулуп, бир жумага жетпей, 23-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчилик кызматка келген. Бул фонддогу ишмердүүлүгү да узакка созулбай, кызматтан кетүүгө арыз жазды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg