ОБОНДУУ ЫР «АППАК КАР»

("Ак шоола" балдар хору)

Эшикке чыксам аппак кар,
Мына, мына ап-аппак.
Кар калың жаап салыптыр,
Карасаңар кызыктай,
Кара күчүк, мышыктар, ай,
Аппак болуп калыптыр.
Бакчабызда бак аппак,
Балатылар да аппак.
Балдар "чана теп" дешти,
Баары болуп карышкыр,
Коён кылып салыптыр, ай,
Кичинесиң деп мени.

Кайырма:
Тоголонуп топтой, (2 жолу)
Тоңобуз деп коркпой,(2 жолу)
Чоңдор тез-тез басышат,
Алар кайда шашышат?
Жыгылабыз дешет го,
Жылгаяктан качышат.

Кардан кылсак мамалак,
Короо күчүк кабанаак.
Капысынан качырды,
Капталынан жыгылып,
Карга башы тыгылып, ай,
Кайда бизден жашынды?

Кайырма:
Тоголонуп топтой,(2 жолу)
Тоңобуз деп коркпой,(2 жолу)
Чоңдор тез-тез басышат,
Алар кайда шашышат?
Жыгылабыз дешет го,
Жылгаяктан качышат.

Бактыгүл Момбекова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Урмат
2022-12-11 17:42:00
ырлардын текстти копия болбойбу
0
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан