Сулуу куйрук, жалы бар,
Сүтү абдан дары мал.
Эр жигиттин канаты,
Эмне деген жаныбар? (Жылкы)
Эң эле жоош-момун мал,
Эң пайдалуу, сонун мал.
Ызгаар суукта үшүбөйт,
Абдан жылуу тону бар. (Кой)Тырмактары абдан курч,
Тызылдатып чычкан кууйт.
Тамактанып бүткөн соң
Тоюп алып бетин жууйт. (Мышык)
Бактыгүл Момбекова
balakai@super.kg