КАНАТ БЕГАЛИЕВ: «АКШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН БАЛБАНДАРЫ МЕНДЕН ЖЕҢИЛГЕН»

Дүйнөлүк аренада кыргыздын туусун бийик көтөрүп, атын даңазалап келе жаткан спортчулардан уучубуз куру эмес. Ошолордун бири грек-рим күрөшү жаатында улам ийгилик жаратуу менен бийиктикке көтөрүлүп келаткан эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канатбек Бегалиев экендигин эч ким тана албаса керек. Талас облусунун Бакайата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 1984-жылдын 14-февралында туулган ошол азаматыбыз менен маек курган элек. Эмесе, сөз кезеги менен болсун.

Максаты: Олимпиада чемпиону болуу.
Мүнөзү:
Шайыр, бирок, өзүнүн чымчым сөз­дөрү менен жакын адамдарын кээде таарынтып алат. Буулуккан учурда үнүн катуу чыгарып ырдаса эс алып калат.
Жандүйнөсү жаратылышка, көркөмдүккө тартылып турат.
Хоббиси:
Күрөштөн тышкары бильярд ойноп, сууга түшкөндү жактырат.

– Канат, грек-рим күрөшү менен машыгып калышыңа эмнелер себеп болгон?
– Өзүмдүн бир тууган агаларым күрөш боюнча спорттун чеберлери болушкандыктан, эмнегедир кичинемде эле ошолордой болууну каалачумун. "Аганы кө­рүп ини өсөт" дегендей, 14 жашымдан баштап күрөш менен машыга баштадым. Ошол учурда мыкты кү­рөшкөн балдардын Бишкектеги спорт мектебине кетип жатышканы ичимди тызылдатып, башкача бир сезимдерди жаратты. Алардын аркасынан мен дагы баргым келди, бирок, үйдөгүлөр ага каршы болуп туруп алышты. Айлам кеткенде машыктыруучум Ороз Шаршекеевди ортомчу кылып, анын жардамы менен спорт мектебине окуганга уруксат алгам.
Бир жыл убакыт өтпөй эле, тагыраак айтканда, 1998-жылы Москвада жаш балдардын дүйнөлүк олимпиадасы өтүп, анда 8-орунга илингем. Бул менин алгачкы чоң ийгилигим десем болот, себеби, өзүңдүн салмагың боюнча дүйнөдө 8-орунга татыктуу болуунун өзү жетишкендик. Дал ошол мелдештен соң аракет кылсам менден бир нерсе чыгат го деген ой келди.

– Анан бир нерсе чыктыбы?
– 2000-жылы Иранда өткөн жаштар арасындагы мелдеште Азия чемпиону болсом, 2003-жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 3-орунга татыктуу болдум. 2004-жылы Афиныда өткөн олимпиада оюндарына кыйынчылыктар менен жолдомо утуп, катышууга жетиштим. Бирок, жеңиш таразасы мен тарапка ообой калганы өкүнүчтүү болду.
2006-жылы Монголиянын борбору Улан-Батордо өткөн дүйнөлүк универсиадага Кыргызстан боюнча жалгыз барып, 3-орунду камсыз кылып келдим.

– Эмне үчүн жалгыз бардың?
– Себеби, мени Улуттук университет баш-аягы 1 миң 400 доллар бөлүп берип жөнөткөн. Ал эми башка жогорку окуу жайлар бир дагы студентти жибербегенинен улам жалгыз барууга туура келди. Ошентип, жетим балдардай жалгызсырап барсам да, кара терим менен 3-орунга илинип келдим.

– Улуттук университеттин атын ааламга угузганың үчүн анын жетекчилиги ыраазычылыкты абдан билдирсе керек...
– Студенттерди чогултуп, кол чаап куттукташканына абдан эле ыраазы болдум. Бирок, өкүнүчтүүсү, конверт берип, анын ичине 160 сом салып койгонунда болуп жатпайбы. Жок дегенде ошол акчанын ордуна жакшы сөздөр жазылган открытка берип койсо, көңүлүм көтөрүлүп калат эле. Өзүң ойлоп көрчү, мобул коңшу Өзбекстан спорттун бардык түрүнөн спортчуларын мелдешке салса да, алардын бири да медалга жетишкен жок. Анан жалгыз барып, жалгыз медал алып келсем, жанагындай мамиле болуп жатканына бир аз ызаланып калат экенсиң.

– Андай окуяларды эстеп ызаланба, себеби, алар жок болсо да жашоо кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Андан көрө, Кытайда жараткан ийгилигиң тууралуу ой бөлүшсөң?
– 2006-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кытайда дүйнө чемпионаты болуп, ага төгөрөктүн төрт бурчунан тандалып, такшалган мыктылардын мыктылары келип, күч сынашты. Бул жактан биз менен кошо барган спортчу агаларыбыз мелдеш учурунда сүрөөнчү болуп олтуруп, 2-орунга жетиштим.

– Спорт адистери сенин жараткан ийгилигиң боюнча: «Кыргызстандын тарыхында алгачкысы жана тарыхта калат» деген ойлорун билдирүүгө жетишти. Анын сыры эмнеде болду экен?
– Эми мактангандай болбоюн, бирок, буга чейин айрым балбандар жаштар арасында гана эркин жана грек-рим күрөш­төрү­нөн дүйнө чемпиону болуп келишкен. Ал эми чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында маркум Раатбек Санатбаев агабыз гана 3-орунга жетишсе, эми анын жолун жолдоп мен 2-орунга татып отурам. Ии, баса,2006-жылы Кытайдагы чемпионатта финалдык беттешүүгө чыгуу үчүн 2005-жылдын дүйнө чемпиону болгариялык балбанды жыгууга туура келди. Финалдык беттешүүлөрдө айыгышкан таймаш жүрүп, дүйнөлүк үч державанын бири болгон Кытайдан гана утулуп, АКШ менен Орусия экөөнү артка калтырдым. Кытайда өткөн чемпионатта Казакстан менен Өзбекстандын грек-рим күрөшү эле эмес, эркин күрөшү боюнча барган балбандары да байгелүү орундарга илине алышкан жок. Командалык эсепте Кыргызстан 11-орунга татыктуу болсо, Казакстан 23, Өзбекстан 30-орунга жетишкенин айтып коюшум керек.

– Ошол жеңишиң үчүн үйлүү жана машиналуу болуп калдыңбы?
– Ооба. Президент өз колу менен Жал кичирайонунан 1 бөлмөлүү үйдүн ачкычы менен 50 миң сом акчаны колума карматса, күрөш боюнча спорттун чебери болгон Кара-балталык Алмаз Бокушев деген байке да колдоо көрсөтүп, «БМВ-520» үлгүсүндөгү машинаны белек кылды. Менин жеңишиме алардын да салымы бар десем болот, себеби, агаларың жаныңда караан болуп турса, таймаш учурунда кадимкидей дем-күч алат экенсиң.
Тилекке каршы, азыркы учурда президент берген үйгө көз арткандар да жок эмес.

– Канат, суроону бир аз башка нукка бурсак. Казакстанга кетип, кайра келгениң тууралуу көбү билбесе керек. Ошол тууралуу сөз учугун уласак...
– Казакстанда спорт министри болуп иштеп жүргөн олимпиаданын чемпиону, маркум Р.Санатбаевдин досу Давлет Турлыханов өзү чакырып: "Бизге келип машык, бардык мүмкүнчүлү­гүңдү түзүп берейин" деген эле. Мен болсом машыктыруучуларым жана спорт чөйрөсүндөгү айрым жакын адамдарым менен акылдашсам баары эле: "Ал жакты да көрүп кел" дешкенинен кетип калгам. Бир жылга жакын машыгып, анан 2005-жылы Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатына катышууга барсам компьютерден "К.Бегалиев – Кыргызстандын жараны" деп чыгып калса болобу?! Көрсө, башка мамлекеттин атынан мелдештерге чыгуу үчүн ошол өлкөдө эки жыл жашаш керек экен. Анан Кыргызстандын спорт жетекчилиги менен сүйлөшсөм: "Бизге кел, көптөгөн демөөрчүлөрдү таап беребиз, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз" дегенинен кайра келгем. Бирок, мен бир нерсени айтып коюшум керек. Казакстанга кетип, андагы күчтүү атаандаштар менен машыгып жүргөнүмдүн пайдасы Кытайда өткөн чемпионатта Кыргызстан үчүн тийди.

– КМШ алкагынан тышкары кайсы өлкөлөрдө болдуң жана алардын кайсынысы сага өзгөчө таасир калтырды?
– КМШ мамлекеттерин эске албаганда Франция, Дания, Иран, Индия, Монголия, Кытай, Польша, Катар жана Греция өлкөлөрүндө болууга жетиштим. Олимпиада оюндарынын мекени болгон Афины көптөгөн кызыгууларымды жаратты. Ар бир шаардын өзүнүн айтып бүткүс жактары бар экен.

– Кыргызстандык спортчулар спорт менен өзүн багып кете алышабы?
– Учурда Кыргызстандагы спортчулар арасынан жалгыз мен гана 25 миң сом стипендия алам. Албетте, бул мен үчүн азыр жетиштүү, бирок, башкаларды да ойлош керек да. Эгерде өзүңө ишенип, белгилүү бир бийиктикти багындыра алаарыңа көзүң жетсе, анда багып кете аласың. Бирок, өкүнүчтүүсү, мамлекетибиздеги капчыктуу агаларыбыз жана бийлик башындагылардын көбү спортко тиешелүү деңгээлде көңүл бурушпай жатканында. Эгерде ийгиликке жетип жүргөн балдарга мамлекет болбосо да бизнесмендер демөөрчү болуп колдоп-коштоп турушса, Кыргызстандын атын чыгарчу таланттуу балдар бизде өтө эле көп. Аларга колдоочулар гана жетишпей турат. Эгер спортчуларыбыз эл аралык аренада ийгиликтерге жетишип, мекенибиздин желегин желбиретип, туусун бийик көтөрүп турса, Кыргызстандын аброю жогоруламак. Мына ошондо инвестициясы да, башкасы да келмек. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы.
Өткөн жылы жай айында Казакстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Ысыккөлдө эс алып кетишти. Сүйлөшүп жатып: "Кытайдагы жеңишиң үчүн эмне беришти?" деп сурашканынан: "эки бөлмөлүү квартира менен 5 миң доллар" деп апыртып койсом жатып алып күлүштү. Себеби, Казакстан үчүн күрөшүп жүргөн Грузиянын Георгий Сурцуми деген легионери 2003-жылы дүй­нөлүк чемпионатта коло медалды утуп алгандыгы үчүн Казакстандын өкмөтү Алматанын чок ортосунан үч бөлмөлүү квартираны ичин кымбат баалуу эмеректер жана тиричиликке керектүү техникалары менен толтуруп берип, жаңы үлгүдөгү "Мерседес" машинасын мингизгени эсимде.

– Канат, мен бир нерсеге таң каламын. Эмне үчүн спортчулардын көбү белгилүү бир убакыттан кийин криминал чөйрөсүнө өтүп кетишет?
– Көбү эмес, айрымдары гана десек туура болот болуш керек. Эми алардын мындай кадамга барышы айланып келип эле акча маселесине такалат да. Эгер иш орундары бар болсо ким эле "чёрный мирде" жашагысы келсин? Аргасыз кадам деп жооп берет элем.

– Бала чагыңда кандай экениңди айтып бербейсиңби?
– Айылдагы мектепте окуп жүргөндө классымдагы эң тентек жана эң кичинекей бала мен болчумун. Башка класстагы балдарды бири-бири менен кайраштырып, көп мушташтырганыман бардыгы мени абдан жаман көрүшчү. Спорт мектебине кеткенимде айылдагылар "чын эле ушул тентектен арылдыкпы?" деп кадимкидей таң калышып, көпкө чейин ишенбей жүрүшүптүр. Мен спорт мектебине келсем, бул жакта менден өткөн «жиндилер» бар экен. Анан айла жок, алардын арасында мен эң жоош бала болуп калдым. Азыркы учурда кээ бир классташтарыма жолугуп калсам: "Ушунча токтолуп калдыңбы?" деп таң калышат.

– Үйлөнгөн жарың менен кантип таанышып, баш кошуп калдың эле?
– Ата-энем: "Балам, үйлөнө турган учуруң келди, баланчанын Айпери деген жакшы кызы бар, ошону менен тааныштыралыбы?" деген оюн айтышкан. Бирок, мен анын дарегин алып, өзүм эле таанышам деп болбой койгом.
Бишкекте окуган жерине барып, алгач аны менен бирге окуган классташ баласы менен достошуп, ошол аркылуу таанышууга жетиштим. Биринчи жолугушуу кафеде болуп, көз караштардын чагылышуусу, бири-бирибизди сынамай менен өттү. Кыскасын айтканда, үч жылдай болочок жубайымды байкап, ал үчүн жакшы эле "банкрот" болуп, 2006-жылдын күз айында баш кошуп, түбө­лүккө кол кармаштык

– Канча балалуу болууну каалайсың?
– Буга бир гана менин каалоом аздык кылат экен, аял киши да макул болушу зарыл. Айрымдар «карьера жасайм» деген сыяктуу шылтоолорду айтып чыгышат. Ошону эске алып, үйлөнөөр алдында Айпери менен көп балалуу болуу жөнүндө келишим түзүп алганмын. Эми аны ишке ашыруу үчүн колдон келген аракетти жасаймын.

– Кимди өкүл ата кылдыңар?
– Өзүмдүн машыктыруучум Майрамбек Ахмедовду өкүл ата кылып алдык.

– Сен чоң спорттон кеткен соң эмне менен алектенейин деген оюң бар?
– Чоң спорт менен 2010-жылдагы олимпиада оюндарына катышам да, утсам да, утулсам да кош айтышам. Спорттук карьерамдан кийин бизнес менен алектенсемби деген оюм бар.

– Эмесе, ойлогон оюң ишке ашсын...

Маектешкен Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА