ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК

Саналуу күндөрдөн кийин Жаңы жыл башталат. Бул күнү ар бирибиз эң жакын, жакшы көргөн адамдарыбызга белек тартуулайбыз. Балдар, силер Жаңы жылда кимге белек тартуулайсыңар? Келгиле бардыгы жакшы көргөн таттуулардан оригиналдуу белек жасап, жакындарыбызды кубантабыз.

«ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЧАНА»
Ал үчүн бизге узун таякчага окшош момпосуй, шоколаддын түрлөрү, суюк клей жана лента керектелет.

1. Алгач таякчага окшош эки момпосуйду алабыз. Анын үстүнө жалпак, төрт бурчтуу шоколадды клейлеп жабыштырабыз. Клей катканча коюп турабыз.


2. Андан соң өзүңөр каалаган шоколад батончиктерин клей менен тизип баштайбыз.


3. Шоколаддарды беш же алты катар кылып тизип чыгабыз. Улам үстүнкү катардан бир шоколадды азайтып, пирамида жасайбыз.


4. Акыркы кадам, шоколаддан жасалган пирамиданы лента менен байлайбыз. Белегибиз даяр.



Бактыгүл Момбекова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан