Биз социалдык тармакта

ЭНРИКЕ ИГЛЕСИАС МЕНЕН АННА КУРНИКОВА ЭГИЗ НАРИСТЕЛҮҮ БОЛУШТУ

42 жаштагы испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен 36 жаштагы Анна Курникованын эгиздүү болушу көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Орус теннисчиси Анна 16-декабрда Майамиде көз жарганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Бир учурда кыз менен уулдуу болгон ата-эне уулун Николас, кызын Люси деп аташкан. Кызыгы, 9 ай бою теннисчи айымдын кош бойлуу экендигин көпчүлүк билген эмес.

Кошумчалай кетсек, Анна менен Энрикенин чогуу жашаганына 15 жылдан ашкан, бирок расмий түрдө баш кошуша элек. 2013-жылы Майамиден 26 миллион долларга хан сарай сатып алып, ошол жакта жашап келишкен. Алар ырчы мырзанын “Escape” аталыштагы ырынын клибинде таанышкан.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aita1995
2017-12-26 11:51:17
Иии соонунгооо. Аллахым бизге да буйруса 9 айдан кийин ушундай эгиздерди насип этсе экен.
+6
Dembele84
2017-12-26 12:35:18
15 жыл жашап эми балалуу болушса,анда боюнда болуунун башка жолун табышкан го
+1
Jazdyn_tany
2017-12-26 21:48:26
Булар тээ илгери 1998-жылы, мен кичинекей кезде кыз жигит эле... Орус басылмалары бул экөө жөнүндө жазып бүтүшчү эмес. Бактылуу болушсун!
+1
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан