68 жаштагы Голливуд жылдызы Ричард Гир 34 жаштагы испаниялык журналист, укук коргоочу Алехандро Сильвеге баш кошуу сунушун киргизгени айтылууда. Түгөйлөр жарандык никеде чогуу жашагандарына 3 жыл болгон. Батыш басылмалардын маалыматына караганда, актёр экинчи жубайы актриса Кэри Лоуэлл менен жашап жүргөндө эле азыркы сүйүктүүсү менен жолугуша баштаган. Эки жылдан бери сүйүшкөндөр иш-чара, кечелерде бири-бирин коштоп келишет. Ал эми 14 жыл чогуу түтүн булаткан жубайы менен былтыр гана расмий түрдө ажырашкан. Жашы 70ке таяп баратса да актёрдун дымагы күч. Биринчи жубайы супермодель Синди Кроуфорд экенин көбү билсе керек. Экинчиси да кесиптеши, мурунку фотомодель, эми учурдагы сүйүктүүсү Алехандро “Реал Мадрид” футбол клубунун мурунку вице-президентинин кызы.