Жанры – Мелодрама, трагикомедия
Режиссёру – Ричард Кёртис
Продюсерлери – Данкан Кенуорси, Тим Беван, Эрик Феллнер, Дебра Хейярд, Лиза Чейсин
Сценарийдин автору – Ричард Кёртис
Оператору – Майкл Коултер
Башкы ролдордо: Хью Грант, Кира Найтли, Лиам Нисон, Эмма Томпсон, Колин Фёрт, Алан Рикман, Томас Сэнгстер, Билл Найи, Мартин Фримен жана башкалар
Узактыгы – 135 мүнөт
Бюджети – 40 миллион доллар
Чогултулган каражат – 247 миллион долларга жакын
Тарткан өлкөлөр – АКШ, Улуу Британия
Чыккан жылы – 2003-жыл
ТАСМА ТУУРАЛУУ
«Чыныгы сүйүү» тасмасы – Ричард Кёртистин режиссёр катары дебюттук эмгеги. Тасма «Бизди бардык тараптан сүйүү курчап турат» деген ураандын негизинде тартылган. Тасмада 2003-жылдын аягы, Жаңы жылга чейинки 5 жумадагы лондондук тургундардын жашоосу сүрөттөлөт. Кол алдында иштеген кызматчысын сүйүп калган премьер-министр, классташын жактырган мектеп окуучусу, бактысын АКШдан издеген жигит, сүйүктүүсү көзүнө чөп салып жүрөгү жараланган жазуучу... Деги койчу, бардык каармандар чыныгы сүйүүнүн алдында алсыз, сүйүү баарына бирдей. Тасманын соңунда бардык каармандардын жолу биригет, бирок кокустан эмес! Алардын жолун Жаңы жыл бириктирет. Эгерде жаңы жылдык жомоктун бардыгы «хеппи-энд» менен аяктай турганын эске алсак, бул тасма да так ошондой. Тасмада лондондук тургундардын 10го чукул окуясы бир беткей өнүгүп отурат. Ар бир окуя өзүнчө кыска тасма. Эмесе, алардын сюжетине кыскача токтоло кетсек.
БИЛЛИ МЭК ЖАНА ЖО
Жаш кезинде популярдуулуктун туу чокусун багынткан рок ырчысы Билли Мэк (Билл Найи) «The Troggs» тобунун «Сүйүү бардык жерде» аттуу романтикалуу ырын жаңылап ырдап, сахнага кайтат. Ырдын текстиндеги «сүйүү» деген сөз «Жаңы жыл» деген сөзгө алмаштырылганын ырчы көп жактыра бербейт. Жергиликтүү ММКларга берген маектеринде Билли өзүнүн жаңы ырын «өтө начар» деп атап, муну жаздырууга «семиз менеджери» Жо түрткү болгонун баса белгилейт. Жаңы жылдык хит-парадда ал 1-орунду багындырып, ырчы Элтон Жондун кечесине чакыруу алат. Бирок Билли жашоодо бир гана адамды жакшы көрөрүн түшүнөт да, Жаңы жылды аны менен чогуу тосууну чечет. Ал өзүнүн менеджери эле.
ЖЕЙМИ ЖАНА АУРЕЛИЯ
Капыстан үйүнө келген жазуучу Жейми (Колин Фёрт) сүйлөшкөн кызы башка менен төшөктө жатканын көрүп калат. Болгондо да өзүнүн бир тууган агасы менен. Буга ачуусу келген Жейми жаңы детектив жазуу үчүн Францияга кетип калат. Ал ижарага алган үйдүн кожойкеси жазуучуга жардам берсин деп Аурелия аттуу португалиялык кызды таштап кетет. Бири-биринин тилин түшүнбөсө да, аз убакыт ичинде экөөнүн ортосунда сезим пайда болот. Мекенине кайткан Жейми Жаңы жылга 1 жума калганда португалча бир аз сөз үйрөнүп, Аурелиянын колун сураганы Францияга барат. Ал учурда Аурелия да англисче үйрөнүп жаткан, «ооба» деген жооп айтат.
ДЭНИЕЛ ЖАНА СЭМ
Аялы каза болгон Дэниел (Лиам Нисон) өгөй баласы Сэм (Томас Сэнгстер) менен жылуу мамиле түзүүгө аракет кылат. Тасманын башында ата-баланын мамилеси салкын болсо, аягында экөө тил табышат. Сэмдин мектептеги балаты майрамына барган Дэниел ал жактан Кэрол (Клаудия Шиффер) аттуу жалгыз бой айым менен таанышып, жылдыздары келишет. Демек, Дэниел дагы бир ирет сүйүүдөн бактысын сынап көрүш керек.
ГАРРИ, КАРЕН ЖАНА МИА
Гарри (Алан Рикман) жарнама агенттигинин жетекчиси жана үлгүлүү үй-бүлөнүн кожоюну. Аны катчысы Миа (Хайке Макач) арбап жүрөт. Ал эми Гарринин аялы Карен (Эмма Томпсон) болсо балдарын балаты майрамына даярдоо менен алек. Жаңы жылга аз калганда Гарри катчысы Миага белек кылмакчы болуп кымбат баалуу зер буюмун сатып алып, күрмөсүнүн чөнтөгүнө салып коёт. Аны аялы көрүп калат. Карен Жаңы жыл күнү күйөөсүнөн күткөн зер буюмдун ордуна ырчы Жони Митчеллдин дискин белекке алат. Капа болгон Каренди үй-бүлө очогун сактап калуу же өчүрүү тууралуу суроо түйшөлтө баштайт.
ЖУЛЬЕТ, ПИТЕР ЖАНА МАРК
Жульет (Кира Найтли) менен Питердин (Чиветел Эджиофор) үйлөнүү тоюн күйөөнүн эң жакын досу Марк (Эндрю Линкольн) уюштурат. Той учурунда Марк Жульетти тымызын өзүнүн видеокамерасына тартып алат. Кийин Марктын үйүнө аяшы капыстан конокко келип, видеотасманы көрсөтүүнү суранат. Видеотасманы көргөн Жульет Марктын өзүнө болгон сезимдерин айттырбай түшүнөт. Жаңы жыл күнү чындыкты айтууну чечкен Марк досунун үйүнө барат да, эшикти ачкан Жульетке кагазга жаза келген сүйүү саптарын окутат. Мындан ары алардын жашоосуна тоскоол болууну каалабай үйгө кирбестен кетип калат.
ЖОН ЖАНА ЖУДИ
Жон (Мартин Фримен) жана Жуди (Жоанна Пейдж) көп каражат менен тартылып жаткан тасмада 18+ кадрларда дублёр болуп тартылышып, ошол жерден таанышат. Экөө «олуттуу» нерсеге тартылып жатышса да, бири-биринен жаш баладай тартынышып, атүгүл сүйүү тууралуу сүйлөшүүдөн да сүрдөшөт. Тартуу иштеринен кийин Жуди үйүнө узатып келген Жонго «сен мага Жаңы жылдагы эң чоң белек болдуң» дейт. Тасманын соңунда экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанганын көрөбүз.
САРА ЖАНА КАРЛ
Сара (Лора Линни) жана Карл (Родриго Санторо) үч жылдан бери кесиптеш болгону менен, жакындан таанышуудан тартынып келишет. Акыры экөө кесиптештердин жаңы жылдык кечесинде таанышып, Саранын үйүнө келишет. Бирок бул ирет да алардын мамилесинин өөрчүшүнө телефон чалуу тоскоол болот. Сарага бейтапканадан чалышып, акыл-эси кем агасы кыйналып жатканын айтышат. Айласыз Сара кесиптешине болгон сүйүүсүн «садага чаап», агасына жөнөйт.
КОЛИН ЖАНА АМЕРИКАЛЫК КЫЗДАР
Жеке жашоосунда ийгилик жылмайбаган Колин (Крис Маршалл) досуна АКШга барса, аны ал жактагы кыздар англис диалектисинен улам жактырып каларын айтат. Ал максатына жетүү үчүн Жаңы жыл алдында АКШга кетип калат жана ал жактан биринчи эле кирген бардан 3 сулуу менен таанышат. Чындап эле англиялык жигитти жактырган сулууга жолугат.
ДЭВИД ЖАНА НАТАЛИ
Улуу Британиянын жаңы шайланган премьер-министри Дэвид (Хью Грант) өзүнүн катчысы Наталини (Мартина Маккатчен) жактырып жүрөт. Бир күнү АКШнын президенти иш сапары менен келип Дэвиддин катчысы менен жакындан таанышууга аракет кылат. Муну көрүп калган Дэвид кызганып, АКШ президенти менен мамилесин бузуп алат. Ошондой эле ал журналисттерге АКШнын дипломатиялык иш сапары оңунан чыкпаганын, өзүнүн өлкөсү аларсыз эле «улуу» болуп келгендигин айтып салат. Ал эми Наталини жумуштан кетирет. Жаңы жыл күнү Дэвид өзүнө келген куттуктоолорду окуп жатып Наталинин катын окуйт. Анда Натали Дэвидди жакшы көрөрүн жазган эле. Ошол замат Наталинин үйүнө издеп барат. Натали инисинин балаты майрамына бараткандыктан экөө мектептен сүйлөшмөкчү болот. Балаты майрамы өтүп жатканда экөө сахнанын артына өтүп алып өбүшүп жатканда көшөгө ачылып кетип, премьер-министр менен катчысынын сүйүүсү балаты майрамына келген коноктордун баарына, кийинчерээк бүтүндөй өлкөгө маалым болот.
Асхат Субанбеков
star@super.kg