Бул актрисаны баарыбыз «Карагыз» тасмасынан жакшы тааныйбыз. Фильмде чачы жок, өзгөчө эмоция менен майып кыздын ролун ойногон актриса Гүлсина Чотонова чыгармачылыктагы жолу, жашоосундагы кызыктар тууралуу айтып берди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Чотонова Гүлсина Баймырзаевна 1975-жылы 11-январда туулган.
1992-жылдан 1996-жылга чейин азыркы Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде билим алган.
1997-жылы алгачкы эмгек жолун Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында баштайт.
«Метомарфоза», «Карагыз», «Исход», «Сулайман-Тоо» , «Туздуу талаа», «Көпөлөк» жана башка тасмаларда тартылган.
«БЕШ ЭРКЕКТИН АРАСЫНДА ЖАЛГЫЗ ЧОҢОЙДУМ»
-Өзүм Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөм. Сыныда булак суулары чогулуп чоң сайдан агат, ошол сайды жээктеп түзүлгөн айыл. Кээ бир айылдар таштак болот эмеспи, биздин айылдын көчөлөрүндө топурак асманга сапырылчу. Көчөдөн машина өтүп кеткенден кийин бир карыш топурак үйүлүп калчу. Секелек кезде балдар менен жылаңаяк чаңды сапыра жарышып ойноп, боз топуракка оонап эле жатып калчумун. Университетте окуп жүргөндө Таалай Бектурганов менен курсташ болдум. Бир жолу Таалай Кербенге концерт коюп, андан ары мага жолугам деп айылыбызга келген экен. Алыстан карасам эле чаңдан бир караан көрүнөт, жакшылап карасам костюм-шым кийген кычыраган жигит биздин айылды көздөй басып келе жатат. Ичимден «биздин айылда мындай жигит жок эле» деп коём. Көрсө, Кербенден бери автобус менен биздин айылды таппай жүрүп сураштырып келиптир. Шымы тизесине чейин чаң, көрүп алып боорум ооруган.
Биздин айылда Кара-Жыгач деген орто мектеп бар, ал мектепке башка айылдын окуучулары да келип окушчу. Жазуучу Төлөгөн Касымбеков да биздин мектепте окуп кеткен дешет.
Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, беш эркек, анан мен жалгыз кыз. Беш эркектин арасында чоңойдум. Ал кезде кыздар көчөгө чыгып ойночу эмес. Мен эле эркектерге теңелип көчөнү сапырып жүрчү элем. Эркек бир туугандарым менен чогуу жатып, чогуу турчумун. Апам дагы бир кыз төрөп алайын деп мага куурчак алып келе берчү. Аны мен ойносомчу, колу-бутун жулуп, сайга агызып салат элем. Апам «чоңойгондо эркек балдардын сага кылган мамилесин электен өткөрө алар бекенсиң, турмушта аял менен эркектин ортосундагы ажырымды айырмалай алар бекенсиң?..» деп эле кабатыр боло берчү.
«АКТРИСА БОЛОМ ДЕСЕМ АЙЫЛДАН КЕЛГЕН АПАМ ТААРЫНЫП КЕТИП КАЛГАН»
-5-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип мектеп-интернатта окуп калдым. Биздин мектепте түрдүү ийримдер көп болчу, театрга көп алып барышчу. Мендеги актрисалык кесипке болгон кызыгуу ошондо ойгонгон болуш керек. Мектепти бүтүп, актрисанын окуусуна тапшырам дегенде ата-энем аябай каршы болушкан. «Искусство университетине тапшырам» дегенимди уккан апам атайын айылдан келген жеринен кайра таарынып кетип калган. «Сенин актриса болом дегениңди атаң укса эмне дейт?» деп капа болгон. Атам мени «экономист болосуң» дечү. «Карагыз» тасмасында ойноп чачым жок сүрөттөр гезитке чыкса, атам уялып гезиттерди чогултуп үйдөгүлөргө «бул гезиттерди чогултуп эч кимге көрсөтпөй катып койгула» дептир.
«ӨЗҮМДҮ АКТРИСАМЫН ДЕГЕНДЕН УЯЛАМ»
-Окуумду аяктагандан кийин театрда иштеп калдым. Ошол жактан Бакен Кыдыкеева сыяктуу залкарларды көрдүм. Өзүмдү актрисамын дегенден уялам, анткени мен театрдан эмне деген заманыбыздын залкар таланттуу адамдарын көрдүм, иштештим. Алардын астында жөн эле толкундун чачырандысы болуп калам. Мен актриса эмесмин, кино сүйүүчүмүн.
Ошентип бир жылга жетпей театрдагы жумуштан кеткенге туура келди. Анткени айлык акы аз болчу. Театр суук, жука кийимдер менен репетиция кыласың, шарты катаал болчу. Спектакль көргөнү эл келбей калган. 1996-жылы КТРКга «Арноо концерти» берүүсүнө режиссёр болуп келдим. Өзүмчө режиссёр катары да дараметимди сынап көрөйүн деп клип, кино тартып көргөм. «Кыз-Бурак» тобунун «Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын», Токтобек Асаналиевдин «Боогачың сенин болоюн» деген ырларынын клибин мен тарткам. 2010-жылы «Бактылуу болгум келет» деген тасма тарттым.
Режиссёрлук кесипти улантып кино тарткым келет. Бирок жаштыгың өткөн сайын адамдын курчтугу мокоп, жүрөктөгү жалын өчүп, бет дагы жукарып калат экен. Жаш кезде бет калың болот эмеспи. «Чымчык сойсо да касапчы сойсун» деп коёт го, бизде таланттуу режиссёрлор көп эмеспи, ошолордун эмгектерине эле суктанып туралычы. Анан да үй-бүлөнүн очогун тутантуу аялга таандык энчи. Бир убакта жерди төңкөрчү энергияң болот, бирок ал нерсенин кумары убактылуу эле тура. Мезгилдин анча-мынча сыноолорунан кийин жумшарып калат экенсиң. Мезгил бардык нерсеге даба да, жара да болот экен.
«КАРАГЫЗДА» МЫКТЫ ОЙНОДУМ ДЕП АЙТА АЛБАЙМ»
-«Карагыз» тасмасы – бул менин актриса катары кинодогу дебютум. КТРКда иштеп жүргөндө кокусунан Геннадий Базаров мени ашканадан көрүп, мага ассистентин жөнөтүптүр. Жанына барсам «киного тартылгың келеби?» деп сурап калды. Мен тамашалап эле «ооба» деп жооп берип койдум. «Анда кастингге чачыңды кырып кел» деди. Кастингге барсам «эмне чачыңды кырбай келдиң?» деп жатпайбы. Кастингге келген кыздардын баары чачын кырып келишсе, мен ролго өтпөй калсам чачым жок жүрмөк белем деп кырктырбай баргам. Анан чачтарачка барып, чачымды кырдырып келдим. Чачымды кырган эже улам «эмне, ооруйсуңбу?» деп сурап коёт. Ошентип чачымды кырдырып барсам Геннадий агай чочуп кетти окшойт. Мага өзү кийин айтты, «сен чачыңды кырдырып келгенде коркуп кеттим, «проба кылып алсам болмок экен, аткара албай калса жаш кыз канча убакыт чачы жок жүрөт?» деп кабатырландым» деди. «Карагызда» мыкты роль аткардым деп айта албайм. Геннадий агай мага кандай үйрөтсө, ошондой аткардым. Режиссёрдон да көп нерсе көз каранды, ошол тасмада мени режиссёр жакшы ийлеп, талантымды ачып бере алды.
«АЯЛ КАТАРЫ БАКТЫЛУУМУН»
-Жолдошум экөөбүз 3 балабызды тарбиялап келебиз. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Өзүм турмушка кеч чыктым. Жолдошума күйөөгө чыкканда 30га чыгып калган элем. Аял киши эгер каалоосу, мүмкүнчүлүгү болсо турмушка чыкканга чейин карьерасын түптөп алганы туура окшойт. Кийин жолдошуна «баштаган ишимди улантышым керек» деп айтканга оңоюраак болот.
Үй-бүлөлүк шарт деген такыр башка экен. Аял киши өзүңдүн эне, келин, жубай катары милдетиңди аткарышың керек. Бир мезгилде такыр эле шаардан алыстап короо-жай тазалап, айылдын жай турмушун каалап кетип калгам. Жолдошум тамашалап «аял кишини отуз жаштан кийин экрандан карап отуруу анчалык деле мырзаларга ырахат алып келбейт» деп калат. Ал мага «намёк» кылганы «экран жаштыкты сүйөт» деп. Бирок актрисалыкта ар бир жаштын өзүнүн керемети болот эмеспи, ар бир куракка жараша роль болот.
Лунара Бекиева
star@super.kg