(Башталышы өткөн сандарда)
– Кетпе,- деди аркасынан угулган үн. Бул Керем болчу. Эмренин колунан алды да, акырын кучагына кысты.
– Сен ойноп тур, мен энең менен бир аз сүйлөшүп алайын, ээ?- деди эркелете карап. Бала чуркап кетти.
– Мени кечирип кой, чегимен ашып кеттим. Дагы да жаныңды күйгүздүм мен. Байкап жатам, абалың мен ойлогондон да оор. Келечегиң андан да караңгы. Бирок чыдашың керек. Андан башка жол жок. Сага да, мага да жол жок. Ушул жолубузду балабыз үчүн, анын келечеги үчүн уланткандан башка аргабыз жок. Эмрени кайда алып барасың? Мында бир ханзаада сыяктуу жашайт. Бардыгы анын бут алдында төгүлүп жатат. Ахмедде, менде эмне бар болсо, ошонун баары Эмреге калат. Сен бул нерседен балаңды кур жалак калтырасыңбы? Сен өзүң үчүн балаңдын мындай келечегинен баш тарта аласыңбы?
– Байлык мен билгенден эч кимиңе бакыт алып келбептир.
– Жок, Эмренин жолу таптакыр башка болот. Дүйнө жүзүндөгү эң бактылуу бала болот. Мен муну сенсиз да кыла алам, бирок анын сага болгон муктаждыгы бар. Сен жанында болбосоң ал бактылуу болбойт. Андыктан тагдырыңа баш ийгенден башка чараң жок.
– Коё бер мени.
Керем үн катпай, баш чайкады.
– Коё бере албайм.
ххх
– Дина, мен көк галстугумду таппай жатам.
– Азыр,- элпек турган колукту шкафты ачып издегенин таап берди.
– Кел, мен байлап берейин.
Эптүү кыймылдаган колдор моюнуна галстук байлап жатты. Экөө тең бири-биринин көздөрүнө чалдыкпаганга аракет кылышты. Тиктешип калса эле бардык сыры төгүлчүдөй аярлап турушту. Алибек чыдабай кетти. Келинчегинин көздөрүнөн өөп жиберди. Ал колун моюнуна арта салып ого бетер суналып эркелеп калды. Көтөрүп керебетке жөнөп калды эле келинчеги акырын токтотту.
– Сен жумушка бара жатасың, кечигесиң.
– Мейли.
– Али, мен сени сүйөм.
– Билем.
Билем деген сөздүн өзү анын өзөгүн өрттөчү болду. Бирок үйлөнүп жатканда эч качан кызганбаганга, чыр чыгарбаганга сөз берип туруп тийбеди беле. Ушундай болорун, бир өмүр аны кимдир бирөө менен бөлүшүп жашоону туура көрүп чечпеди беле. Эми эмне демек? Кантсе да аял, кээде дили ооруп таптакыр макул болбой, ичи туйлап кетет. Бирок бир үмүт бар. Кайсы бир күнү ал өзү да байкабай Дианага катуу ашык болуп каларын күтүп жүрөт. Китепте, кинолордо бар го. Атүгүл жашоодо деле кезигет эмеспи. Азыр сүйүлүп-сүйүп жатып да көкүрөгүндө “тиги аял менен Алибек кандай мамиледе болмок?” деп ойлоно берди.
– Али, мен кызыбыз төрөлгөндөн кийин сени менен башка жерге кетип калууну кыялданып жүрөм.
– Мисалы?
– Билбейм. Сен жана мен эле болсок. Бал айыбызды да өткөрбөдүк.
– Хм, болот, а эмнеге кызыбыз? Сен билдиңби кыз болорун?
– Жок, мага ошондой сезилип жатат.
“Таң калычтуу, эмнеге менде бул балага карата эч кандай сезим жок” деп Алибек кыжалаттанып ойлонду. "Бул баланы Жамиля төрөсө кандай болмок? Кызык, аны менен жашоо кандай болмок?" деп ойлонуп кетти негедир.
– Жамиля менен жашооң кандай болмок деп ойлоп кеттиңби?- деди колуктусу түз тиктеп.
Алибек алдастап кетти.
– Жок, антип ойлободум. Сен аны кайдан чыгардың?- актанганга аракет кылганы да келишпей турду.
– Бала тууралуу айтканымда сен дайым ойлонуп кетесиң. Жүзүң бир башкача болуп кетет бир нерсени чече албай жаткандай.
Тема ачылып кетти. Ордунан туруп кайрадан кийимдерин кийип алып сыртка жөнөдү. Айыбы ачылып калганына, аялы аны китеп окугандай окуп турганына нааразы болду. Өзүнүн канынан жаралган балага мээрим төгө албаганына нааразы болду. Көкүрөктө жарылбаган сыздоок сымал ар дайым каната берген Жамиля деген дарттан кутула албасына ыйлагысы келди.
ххх
Арзуу Нуриляны издеп жүргөнүнө 1 жума болду. Ар кимден сурап, изин кууп отуруп акыры жашаган жерине келди. Эшикти саксайган уйкудан калган бир кыз ачты.
– Сизге ким керек эле?
– Нуриля бул жерде жашайбы?
– Ооба, сиз кимиси болосуз?
– Апасымын.
– Апе-ей, ал тоголок жетим кызмын деп жүрбөйбү?..
Тиги көзүн тостойто тиктеп турду. Бирок баары бир Нуриля менен окшоштурдубу, башын кашып үйгө кир дегендей ишарат жасады.
Кире бериши караңгы экен. Буту улам бир нерселерге чалынып отуруп төркү бөлмөгө араң жетти.
– Билбейм, бул жер сизге кандай, бул жерде клиенттер менен...- күбүрөнгөн неме Нуриляны ойготмок болду.
– Сенин апаң имиш, бир аял отурат, сени издеп келиптир.
– Ыя?!
– Апаң келиптир дейм.
Нурилянын акылына эч нерсе чүргөлбөдүбү, кайра чүмкөнүп жатмакчы болуп баратып токтоп калды. Халатын кие салып кире беришке чыгып, апасы турганын көрүп ден-дароо болуп туруп калды.
– Сизби?
Арзуу кызын көрүп жүрөгү оозуна кептелди. Баягы маралдай керилген супсулуу кызы жок. Ач арбактай болуп арыктап, купкуу болуп калган экен. Кучактап ыйлап жиберди.
ххх
Ашканада бир кесим нан менен жумуртка кууруп, кара кофени алдына койгончо үн ката албады. Маңдайына келгенде гана акырын үн катты.
– Кебетең кантет? Эл айтса ишенген жок элем.
Кыз мурдунун учунан күлүп койду.
– Өз жашооңду ушунчалык бузганга эмне себеп болду, кызым?
– Жөн эле. Кызыкчылыктан.
– Нуриля!
– Келдим, Москва мени кучак жайып тосуп албады. Кыйналдым. Тапкан иштерим оор болду. Теримди тескери сыйрып туруп аз гана акча төлөшөт. Баары эле жүзүмө кызыгышат. Башында бир адам менен баштагам. Көп акча сунуш кылды. Ойнотту, жыргатты. Кийин тажап кеттиби, таштап койду. Анан баары башталып кетти. Мына ушундай кызыкчылыктан башталды баары. Баса, сени кайсы шамал айдап келди?
– Сени издеп келдим. Эл-журттан уктум, санаам тынбай...
– Эмне деп уктуң, кызың сойку болуп кетиптир деппи?- Нуриля өзүн-өзү шылдыңдагандай жылмайып койду. Арзуу кызын тиктеп туруп жанын коёрго жер таппай кетти...
(Уландысы кийинки санда)