КУДАЧА МЕНЕН ВАННАДА

Жайдын бир күнүндө агаларыбыздын бири куда күтүп калды. Тууган болгондуктан тойго каралашып, конокторду сыйлап жатабыз. Келгендердин арасында Жаркын деген сулуу, наздуу, жапжаш келин да бар экен. Бир көргөндө эле жагып калды. Улам ширин сөздөрдү айтып, тийишип, кыстап ичирип жатам. “Колго тийсе ушул келин менен жыргалга батсам” деп коём ичимден. Стакан карматкан сайын аппак колу колума тийип ого бетер дүүлүгөм. Ага мен да жаккан окшойм, айтор, кылгырып карап, көзүн сүзүп жылмаят. Ошентип түн жарымында баары кызып калышты. Эс алганы баары сыртка чыгып, анан кайра кире башташты. Карасам, Жаркын эң артта үйгө кирип келе жатат. Оңтоюн келтирип туруп билегинен шап кармап оозгу кампа бөлмөгө сүйрөп кирип кеттим. Шап белинен имере тартып, колдорун моюнума арта салдым да оозу-башынан өпкүлөп, аймалап кирдим. Бир колум санына жабышып, көйнөгүн өйдө түрө баштады. Келин да мени кучактаган бойдон өпкүлөй баштады. Кашайып ошол маалда мени издегендердин үнү угулуп калбаспы. Менден мурда келин эсине келип:
– Коё тур, анан мени үйгө жеткирип барганда, күйөөм Орусияда ...- деп ийди.
Айла жок шалдырай кучагымдан бошоттум.
Той таркаганда Жаркынды, ага кошо дагы 3 келинди салып үйлөрүнө жеткизгенге жөнөдүм. Беркилерди жолдон таштадык. Жаркындыкына барганда ал түз эле душка кирип кетти. Аңгыча душтун эшиги ачылып:
– Мага сүлгүнү берип койчу, унутуп калыптырмын,- деди. Сүлгү менен ваннага кошо кирдим. Келишкен келбети суунун тамчылары менен ажайып көрүнөт. Тирсийген мамактары, аппак сандары эсиңди оодарат. Мамактарын сылагылап, оозунан соро баштадым. Ал да таппай эле турган окшойт, нымдуу жылаңач денеси менен онтолоп жабыша калды. Шымымды жанталаша чечип ыргытып, келинди капшыра кучактап лаззатка батып кеттик.
Эртеси экөөбүз зорго бөлүнүшүп, коштоштук.

Астра Айдарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Gulnaz.GS
2018-02-14 02:00:20
коруп журом даже.эркектер бираз козунорду ачып жургулочу .россияга кетип келип жургондор .
+2
usonabdulaev
2018-03-09 17:43:40
Gulnaz.GS,
неге антесин
+3
Abdynur
2018-03-13 00:54:28
Жакшы жомок экен вооо
0
DAVLES
2018-03-25 02:35:05
орот экен эй!
0
milan-707
2018-07-30 20:58:54
Анекдот окуугандай эле болдум
0
meky
2018-08-05 04:38:35
Зор болуптур
0
meky
2018-08-05 04:39:02
Сонун
+2
Adhambek
2018-09-01 02:45:02
Бул эротикалык окуянардан Комментарий кызыкгооо
+6
Rus8989
2019-01-08 13:52:21
Дуулугуп кеттим
+4
moldobaev.zamir
2019-01-17 14:57:13
Бунун баары анекдоттон алышат
-1
urmat92kg
2019-02-16 04:37:00
Орусияда журом ))) бирок жакшы бойдок экенмин деп коем))) бирок чынында мындай окуяны окуганында коркосун эртен менин башымада келбесин деп , Чубак Ажы айткандай эчнерсе жон кетпейт дейт келме кезек кайтар дунуйо бир кун келип Доссум Аялын Башка бироого сулгуно алып Берип койчу деп журбосо еле болду !!!
+4
NurikAKSUU89
2019-03-10 23:33:33
мазза, катта экенго
+2
oshondoiraak
2019-03-13 03:06:31
Ошол мен болчумун оо түн жарымында болгон жоруктарды айтсам точно жыгыласыңар
+2
mister_akkuu
2019-06-23 03:22:20
Аял-шайтан. Илгери ушинтип айтышчу.
0
pero5184
2019-07-08 00:31:39
Тообо кылгыла , тообо
+2
anas2020
2020-06-13 00:44:31
Жакшы кылыпсын
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан