2017-жылы өлкөбүздө жүрөктүн үшүн алган окуялар болбой койгон жок. Алардын ичинен коомчулукту дүрбөткөн, көп талкуу жараткандарын кайра эске салып коюуну эп көрдүк. Эмесе, жыл ичинде бизди дүрбөлөңгө салган орчундуу окуялар, алардын жыйынтыктары жана иштер кантип жүрүп жатканына саресеп салабыз.БИРӨӨГӨ КОР, БИРӨӨГӨ ЗАР БАЛДАР
Бул жылы балдарын таштап кеткендер, ал тургай ымыркайын өлтүрүп салгандар да болду. Мисалга, 31-июлда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургунунун дааратканасына кимдир бирөө төрөп, жаңы төрөлгөн ымыркайын даараткананын ичине таштап салган. Баланын ыйын уккан тургундар чөгүп бараткан наристени алып чыгып, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Наристе ууланып калганы менен, бактыга жараша, тирүү калды. Кийинчерээк "күкүк эне" кармалып, ал 22 жаштагы Нарын районунун тургуну экендиги аныкталган.
14-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Кустанай көчөсүндөгү таштанды таштоочу челектен эркек ымыркайдын жансыз денеси табылган. Наристе жарык дүйнөгө келери менен өлтүрүлүп, андан соң ташталганы аныкталган. Бир жумадан соң ымыркайдын өлүмүнө шектүү катары анын 30 жаштагы энеси, М.М. аттуу аял кармалган. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, кылмышка шектүү ымыркайды төрөгөн соң бычактап өлтүрүп, жансыз денесин халатына ороп ыргытып жиберген. Бул кылмыш боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалган аял ошол күнү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле, 23-сентябрда анын камерада өзүнүн жоолугуна муунуп асынып алган денеси табылган.
КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРГӨН АЯЛДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ
Ушул жылдын 27-августунда Ош шаарында таштанды салуучу контейнердин ичинен 45-55 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Кескиленген, башы жок денени алгач Ош шаардык «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери көрүп, милицияга кабарлашкан. Ошондой эле таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, денеси оролгон көшөгө, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан. Бир күндөн соң маркумдун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну 51 жаштагы Жумагүл Арзыбаева экендиги аныкталган. 2 күндөн кийин Ош ШИИББинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип маркумдун келини, 1992-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган Умсунай жана анын 1980-жылы туулган Гүлнара аттуу бир тууган эжеси кармалды. Тергөөдө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Умсунай кайненеси менен уруша кетип, таш менен башына чаап өлтүргөн. Андан соң эжесин чакырып, экөөлөп маркумду башын өзүнчө, денесин өзүнчө бөлүп шаардын ар кайсы жагындагы таштанды салуучу челектерде таштап келишкен. Бул боюнча тергөө аяктап, иш жакында Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Ал эми маркумдун башы азыркыга чейин табыла элек.
КҮЙӨӨСҮН ЖИЛИКТЕГЕН АЯЛ 16 ЖЫЛГА ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТЫЛСА, ИБРАГИМДИ КОРДОГОНДОРГО ДА КАТААЛ ӨКҮМ ЧЫКТЫ
2015-жылдын 11-январга караган түнү Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып, укук коргоо органдарына билдиришкен. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын бир тууган агасы Жаныбек Түлебеков менен анын аялы Айзада Аккөзова кармалган. Андан соң Ибрагимдин атасы да камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 24-мартында 2 жылга жатак абакка кескен. 2017-жылдын 28-февралында бул ишти караган Аламүдүн райондук соту наристени кордогондорго карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, Айзада Аккөзова 15 жылга эркинен ажыратылса, Жаныбек Түлебеков өмүр бою эркинен ажыратылды. Чүй облустук соту ноябрь айында райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Ушул жылдын май айында Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды үйгө камап алып 1 жума бою сабап, зордукташкан деп шектелип 3 адам кармалган эле. 25-сентябрда Майлуу-Суу шаардык соту кылмышка шектелип кармалгандарды күнөөлүү деп таап, аларга карата өкүм чыгарды. Анын негизинде, 43 жаштагы З.К. 13 жылга, ал эми 22 жаштагы Т.К. менен 36 жаштагы К.А. 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Бишкек шаардык соту күйөөсүн жиликтеп өлтүрдү делген Айдай Субановага карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Октябрь райондук соту аны киши өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркиндигинен ажыраткан эле.
БЕТИ АЧЫЛЫШЫ КҮМӨН ИШТЕР
2014-жылы табышмактуу жагдайда Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы студент өлтүрүлгөн. Анын жансыз денеси 16-мартта Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган. Аны ким, эмне үчүн өлтүргөнү дагы деле белгисиз.
2014-жылдын 27-мартында Токмок шаарында кикбокс боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасов өлтүрүлгөн. Анын өлүмү буйрутма болду делгени менен, ким буйрутма бергени, ким аткарганы белгисиз бойдон калды.ЖҮРӨК ТҮШҮРГӨН КЫРСЫКТАР
Бул жыл жол, жаратылыш кырсыктарына өтө бай болду. Патрулдук милициянын тараткан маалыматына караганда, ушул жылдын алгачкы 10 айында эле жол кырсыгынан 695 адам каза болгон.
26-мартта Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында көчкү бир үйдү басып калган. 29 жаштагы үй ээси, аялы жана алардын 4 баласы көчкү астында калып каза болгон.
29-апрелде Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон көчкү 24 адамдын өмүрүн алып кетти.
3-май күнү Тажикстандын аймагында зилзала катталып, ал очогунда күчү 7 баллга жеткен. Андан улам Чоң-Алай районунда көптөгөн үйлөрдөн жарака кетип, кооптуу абалга келген. Мындан сырткары кар көчкүлөрдөн улам бир нече киши көз жумду. ӨКМдин билдиришинче, өлкөдө 4 миңге чукул үй-бүлө дагы деле көчкү, сел коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышат.
КАНДУУ ЖҮКТҮН ЭЭСИ АЧЫКТАЛБАДЫ...
16-январда таң атпай бейпил жаткан айылдын башына кырсык келди. "Манас" эл аралык аэропортуна жакын дачалар жайгашкан аймакка жүк ташуучу Боинг учагы кулап, анын кесепетинен 39 киши көз жумуп, 23 үй жараксыз абалга келген. Өлкө жарандарынан банктагы атайын эсепке 102 миллион сом жардам чогултулуп, жабырлануучуларга таркатылып берилген. Ошондой эле кырсыктан жабыркагандарга Түркиядан компенсация төлөнүп, анын суммасы ачыкка чыгарылбай турган болуп чечилген. Коомчулукта жаралган «учак Бишкекке контрабандалык жүк алып келген» деген күмөн ойлорду жокко чыгарган ынанымдуу жооп айтылган жок.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg