Кыш. Декабрь. Жаңы жыл. Эл ичинде бул майрамды кандай тоссоң, жыл ошондой болот деген ишеним жашап келет. Бул ирет спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү ары кызыктуу, ары күлкүлүү өткөргөн Жаңы жыл майрамдарын эскеришти.
Барчынай Узгенбаева, ММА мушкери: “БАШКА УЛУТТУН КЫЗДАРЫНА “ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢАР МЕНЕН!” ДЕП ЧЫГЫП КЕТКЕМ”
– 2015-жылы Грецияга Дүйнө чемпиондугуна күрөштүн эркин түрү боюнча мелдешке барып калдым. Мелдеш алдында бир бийик имараттын лифтине башка улуттун спортчу кыздары менен чогуу түшүп калдым. Сырткы келбети түрктөргө окшош кыздар өз ара орус тилинде сүйлөшүп жатышты. Лифтке киргенде эле шыңкылдашып, мен жөнүндө сүйлөшө башташты. Бирөөсү “Бул кыз орусча түшүнсө керек” десе, экинчиси “Монгол кызы кайдан орусча билмек эле?” деп жеңип койду. Дагы бирөөсү мени кытай кызы деди. Бийик имараттан ылдыйга түшкөнчө мен жөнүндө сүйлөшүп келишти. Мен аларга “Ай, мен кыргызмын, силерди түшүнүп жатам” деп айта албай, же күлө албай кызыктай абалда калгам. Анан биринчи кабатка жеткенде лифттен чыгып баратып тигилерге орус тилинде “Келе жаткан Жаңы жылыңар менен! Жакшы калгыла” десем үчөө мени карап нес болуп катып калышты. Чыгып алып жарым саат каткыргам. Эртеси ал кыздар менен мелдеште чогуу болдук. Мени карай албай уялып жүрүшкөн.
Улан Молдодосов, Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча федерациясынын жетекчиси: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ 30 ГРАДУС ЫСЫКТА ТОСУП...»
– 2014-жылдан 2015-жылга карап жаткан жылы Катар мамлекетине мелдешке барып калдык. Турнир 27-декабрдан 7-январга чейин болмок. Араб өлкөлөрүндө Жаңы жыл тосушпайт эмеспи, 31-декабрь деле, 1-январь деле алар үчүн катардагы күн. Жаңы жыл деген түшүнүк жок. Биз барган топ Доха шаарында жүрөбүз. Борбор калаа тыптынч, майрамдык маанай, шаан-шөкөт жок. Жаңы жылда сыртта 30 градус ысык, кар жок, өзүбүз футболка, шорты кийип алганбыз. Айтор, ушул көрүнүш бизге бир аз өөн учураган. Бирок ошентсе да, Катардагы мигранттар майрамдап жатышканын сырттан карап туруп, кетип калганбыз. Анткени, жигиттер 1-январь күнү таңкы 7де таразага түшүп, турнирге даярданышмак. Ошол Жаңы жыл майрамы адаттан тыш өтүп, эсте калыптыр. Негизи чет өлкөлөргө иш боюнча чыгыш керек болбогондо, жыл сайын ата-энемдин үйүнө барып 31-декабрь күнү жыл узатып, 1-январда жыл тосуп кетүүнү салт кылып алгам.
Нурбек Изабеков, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча Эмгек сиңирген башкы машыктыруучусу: “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ АСКЕРДЕ ТИКЕМДЕН ТИК ТУРУП ТОСКОМ”
– 1989-жылы 19 жашымда Советтик армиянын спорттук ротасында кызмат өтөгөм. Армияда себепсиз казармадан чыгарбайт эмеспи, ошол жылы биринчи жолу ата-энемден алыста Жаңы жыл тосо турган болдум. Ошентип 31-декабрь күнү саат сайын алмашып турган күзөт кайтаруу кезеги мага келип калды. Болгондо да саат 12де туруу жүгү мага илинди. Кызмат деген кызмат, айла жок, милдетиңди аткарышың керек. Ошентип жыл тогошуп, башкалар майрамдап жаткан учурда казармада какайып туруп жыл тоском. Аскерге барган күндөрдөн эсте калган окуялар көп болсо да ошол Жаңы жыл дагы деле көз алдымдан кетпейт.
Мээрим Момунова, балбан: “ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КҮТҮП, 10 МҮНӨТТӨ УКТАП КАЛГАМ”
– Мурда биз дзюдочулар Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын жатак мектебинде жашап, машыкчубуз. Ал жерде тартип катуу болгондуктан, бизди себепсиз эч жакка чыгарышчу эмес. Жаңы жыл болобу, башка майрамбы, баарын ошол жактан белгилечүбүз. Анан жаңы жылдык машыгуу деген бар эле. Ал машыгуу башкаларга салыштырмалуу аябай катаал болуп, алыбыз калбай калганча машыкчубуз. Бир жылы 31-декабрда машыгууга бир мүнөт кечигип калдым. Бул үчүн машыктыруучулар мага жаза катары үйгө жөнөтпөй турган болушту. Машыгып бүтүп, үйгө барам деп ыйлактап, көгөрүп отуруп, араң сурангам. Ошентип үйгө барганга кыйынчылык менен уруксат алып Жаңы жыл тосом деп ээленип, сүйүнүп үйгө келсем, тосуп алган эч ким жок, жадакалса Жаңы жылга эч ким даярданбаптыр. Анан жалгыз эле даярданып, дасторкон жазып отурсам ата-энем 12ге бир саат калганда кирип келишти. Күндүз шашып жүргөнгө, анан жаңы жылдык машыгуудан чарчаганга алар менен 5-10 мүнөт эле отуруп, уктап калгам. Аябай күткөн Жаңы жыл майрамым 10 мүнөткө эле созулган.
Азамат Байматов, футболчу: “ЖЭЭНИМДИ МЕНИН КЫЗЫМ ЭКЕН ДЕП ОЙЛОШКОН”
– 3-4 жыл мурда ата-энем менен учурашканы Жаңы жылга карата Ошко баргам. Ошол кезде жээним бала бакчага барчу. Анан аны балаты майрамына коштоп барганга эч ким жок болуп калып, мен бара турган болдум. Ошентип экөөбүз даярдандык. Жээнимдин чачы жок болчу, ага кийме чач кийгизип алдым. Өзүнө чоң келген кийме чач менен ал Алла Пугачёвага окшошуп калды. Экөөбүз жетелешип алып бала бакчага бардык, балдар ыр-бийин аткарышты. Анан ал жерге чогулган ата-энелер улам мени карап жатышкан. Көрсө, мени тиги “Алла Пугачёванын” атасы деп ойлоптур. Концерттин соңунда баары “Аделинанын атасысызбы?” деп сурашкан.
Ал эми акыркы эки жылдан бери Жаңы жылды Бахрейнде тосуп жатам. Кардын жоктугу бир аз маанайды түшүрөт экен. Бирок ошентсе да бул жактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бизге ата-энедей болуп калган. Жаңы жылда оромо жасап, чогуу-чаран майрамдайбыз.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg