Бүгүн дагы актуалдуулугун жоготпой, жаңы жылдык гимн катары бала бакчаларда, мектептерде, атүгүл кечелерде да ырдалган ырлар эсиңиздеби? Эмесе майрамга арналган ретро ырлардын сандыгын ачып, жаралуу тарыхына собол таштап, жооп издеп көрөлү.
Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БАШКА ЫРЛАР БУЛ ЫРДЫН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЖЕТЕ ЭЛЕК”
“Жаштар дагы карылар, кубангыла баарыңар...” деп Жаңы жыл түнү жыл сайын сааттын жебеси 12ни какканда кыңылдап ырдап, колубузга бокал кармап Жаңы жылды тосуп алат эмеспизби. Бул ыр жарым кылымга тете убакыттан бери ырдалып келе жатканын билсеңиз керек. Анда ырдын алгачкы аткаруучусу Каныкей Эралиеванын кызыктуу баянына токтололу.
– Бул ыр кыргыз музыкасында Жаңы жыл темасына арналган алгачкы ыр болгон. Сөзүн Турар Кожомбердиев, обонун Сардарбек Жумалиев агайыбыз жазган. 1970-жылы Сардарбек Жумалиев агай жубайы менен үйгө келип “ушул ырды сен ырдап чык” деп сунуштаган. Ал убакта мен “Кыргыз жери” жана башка өзүмдүн ырларым менен таанылып калган элем. Ырдын сөзү менен обону бири-бирине бап келип, аябай жакты. Эсимде, ырды аккордеон, гитаранын коштоосунда жаздырганбыз. Алгач радиодон, кийин “Кутмандуу болсун күнүңөр” деген берүүдөн дагы элге кеңири жайылып, популярдуу болуп кетти. Ошондон кийин жаңы жылдык кечелерге, көгүлтүр отко чакыруулардын аягы суюлбай, балатыны айланып бийлеген далай жылдар өттү. Бул ырды 40 жылдан ашуун убакыт ырдалып калат деп күткөн эмесмин. Андан кийин Жаңы жыл темасына арналган бир нече обондуу ырлар жаралды, бирок бири дагы ушул ырдын деңгээлинен ашып түшө элек. Мына, азыркы тапта деле канча муун ырдап, Жаңы жылды тосуп келишет. Заманыбыздын жаш ырчылары “чогуу ырдайлы, же өзүм аткарып чыгайын” деп кызыккандар канча? Албетте, ырдын сөзүн дагы, обонун дагы бурмалабай, менден жакшы ырдап чыга беришсин. “Жаңы жыл” деген ыр элдин жүрөгүнө кыт куйгандай эле уюп, элдик ыр болуп калды. Дегеним, жакында эле бир кечеде “Жаңы жылды” ырдайын деп ырдын минусун берсем компьютер флешканы окубай койду. Анан элге каалоо-тилек айтып, жандуу аткарып баштасам отургандардын баары кошулуп ырдашты. Бардыгы жаттап алгандай ар бир сөзүн билишет экен.
Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЖАҢЫ ЖЫЛ” ЫРЫМ ЖАКШЫ ЫРЛАРДЫН КАТАРЫН ТОЛУКТАДЫ”
“Жаңы, жаңы, жаңы жыл, кубаныч жалпыга. Жашоонун шаңы бул...” деген саптарды дале унутпасак керек. Бул ырды эстраданын примадоннасы Гүлнур Сатылганова ырдап чыккандан бери 18 жылдын жүзү болуптур.
– Негизи ар бир ырчынын репертуарында майрамдык ырлардан болуш керек. 2000-жылы “Жаңы жыл” аттуу ырды атайын жаздыргам. Сөзүн Кыялбек Урманбетов, обонун Муратбек Бегалиев агайыбыз жазып берген. Бул чыгарманы башында өзүм аткарып жүрдүм. Кийин Жанета Бобкова менен дуэт аткарып чыкканбыз. Бирок менин аткаруумдагы вариант элге жакшы жайылган. Жакшы ырлар бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келатат. Мен ойлойм, менин ырым дагы “жакшы” деген катардан орун алды.
Жылдыз Тутуева, ырчы: “АК КАРДЫ” ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕЛЕРДЕ АТКАРЫП БЕР ДЕП ЧАКЫРЫШАТ”
Кыш темасына арналган Жылдыз Тутуева аткарган “Ак кар” аттуу ыр көпчүлүк учурда жаңы жылдык кечелерде ырдалып келген. Бул ырдын жаралуу тарыхынан да клибин тартуу кызыктар менен коштолгонун ырчы айтып берди.
– Мен “Ак карды” 2002-жылдары ырдап чыккам. Автору кайнагам Бактияр Токторов. Чыгармачылыкка аралашып баштаганда кайнагам менен дуэт ырдап жүрчүмүн. Кийин турмушка чыккандан кийин "каалаган ырларыбызды ырдап чыга бер" деген эле. Ырларынын арасынан “Ак карды” жактырып, аткаргам. Бул ырды Бактияр байкенин аткаруусунда да уксаңыздар керек. Бирок менин аткаруумдагы ыр эл оозуна алынып, мени “ак кар” деп таанып калышкан. Ырды Жаңы жыл темасына байланыштырып жазган. Бирок жаралышынан да клибин тартуу аябай кызык болгон. Анда кызым кичинекей эле. Беш айлык кызымды бирөөлөргө каратып, өзүм клип тартам деп кеткем. Клипти Бишкектин чет жакасындагы капчыгайдын биринен тартканбыз. Тартылуу иштерине “Туңгуч” театрынын окуучуларын маршруттук такси менен алып бардык. Бир убакта токтоп турган маршруттук таксибиз артты көздөй жылып баратат. Анда мен кыйын болуп аркасынан түртүп туруп калдым. Оюмда токтотуп калам дегем, бирок колумду катуу кайрып алгам. Дагы жакшы унаанын алдында калган эмесмин. “Ак карды” азыр деле жаңы жылдык кечелерде аткарып бер деп чакырышат.
“АВВА” ТОБУНУН ЫРЫ АРАКЕЧ АТАГА АРНАЛГАНБЫ?
Ал эми Жаңы жыл майрамына арналган дүйнөлүк хиттер да саналуу эле. Швециялык “ABBA” тобунун хитке айланып, “алтын сингл” деп табылган “Happy New Year” же “Жаңы жылыңыз менен” деген англис тилиндеги ыры майрам алдында, андан кийин деле теледен, радиодон жана уюлдук телефонубуздан жаңырып калат. Бул ырга туптуура 48 жыл болсо дагы популярдуулугун жоготкон эмес.
“Жаңы жылыңыз менен” деген ыр жаңы жылдык майрамдан кийин жазылган. Баштапкы аталышы “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” болгон. Ырдын жазылуу тарыхына токтолсок, 1980-жылы швециялык музыкант Бенни Андерссон менен Бьорн Ульвеус Барбодосто эс алып жүргөндө британиялык “Монти Пайтон” тамаша жаратуучу топтун мүчөсү Жон Клизди жолуктуруп, “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” деген текстти сунуштап, ушул тексттин негизинде мюзиклди элге алып чыгуусун суранышат. Жон Клиз бул идеяга канааттанбай, иштешүүдөн баш тартып коёт. Ошентип швециялык музыканттар күткөн мюзикл жарыкка чыкпай калат. Ал ортодо көп убакыттан бери репертуарын жаңылоонун үстүндө иштеп жаткан “ABBA” тобу “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” деген текстти кайрадан жазып чыгып, аталышын “Жаңы жылыңыз менен” деп өзгөртөт.
Ырдын сөзүнө көңүл бөлсөк “Эгер кыялдарыбыз ишке ашпаса, экөөбүз бул өмүрдө соолуган гүл сымал өтүп кетебиз. Сен жана мен” деген сөздөр айтылган. Демек, чыгарма майрамдык маанай эмес, тескерисинче, жашоо тууралуу ой тартуулайт тура.
“Жаңы жылыңыз менен” аттуу ыр 1980-жылы “ABBA” тобунун “Super Trouper” альбомунда жазылган биринчи трек болгон. Чыгарма 1999-жылы экинчи ирет жарыяланып хит параддардан алдыңкы орундарды багындырган. Мындан тышкары “Жаңы жылыңыз менен” чыгармага бир нече каверлер да жазылган.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg