Ширелүү кабырга: ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОНДУН КӨРКҮ

Кечки тамакка же майрамдарда өзгөчө даам жасап үй-бүлөңүздү же жакындарыңызды сүйүнткүңүз келеби? Анда бизде рецепттер бар. Ал – жаш койдун кабыргасынан даярдалган даамдар. Жасап көрүңүз, сизге жагары талашсыз.


КАБЫРГА ТАНДОО

• Жаңы союлган малдын кабыргасын тандасаңыз жаңылбайсыз.
• Кочкул кызыл түстөгү эт картаң, ачык кызыл түстөгүсү жаш малдыкы болуп саналат.
• Жаш козунун кабыргасынын түсү көгүш-күлгүн, картаң малдыкы ак, саргыч түстө болот.


МАРИНАДДОО

• Жаш малдын кабыргасын 1-1,5 саат, ал эми картаң койдукун 3-5 саат маринаддоо керек.
• Маринаддоо үчүн өсүмдүк майы, зайтун майы, лимон, лайм ширелери, соя соусу, уксус, газдалган суу, айран, ал эми татымалдардан туз, калемпир, мурч, горчица, орегано, зире, сарымсак, пияз жана башкалар ылайыктуу.
• Этти маринаддоодон мурун ашыкча майларын, чел кабыктарын кесип алып салуу зарыл.


КИВИ ОРОЛГОН КАБЫРГА
Керектелүүчү азыктар:

Койдун кабыргасы – 1 килограмм Киви – 1 даана
Майонез – 100 грамм Өсүмдүк майы – 4 аш кашык.
Татымына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабырганын уч жагындагы этти 3-4 сантиметрдей тилип кесип салабыз. Андан соң үстүнкү бетиндеги этти ылдый карай бычак менен аягына толук жеткирбей кесебиз. Сулп этти ашкана балкасы же оор нерсе менен чапкылап жумшартабыз.
2. Кивинин кабыгын аарчып, майда туурайбыз.
3. Эттин бетине көз болжооңуз менен туз, калемпир себелеп, үстүнө майонезди тегиз кылып сүйкөйбүз.
4. Андан соң тууралган кивини себелеп, этти оройбуз.
5. Эми кабырганы фольга кагазына салып, үстүнө өсүмдүк майынан чуурута куюп, бетин жаап, 180 градуста ысып турган электр мешинде 30-35 мүнөттө бышырып алабыз.


ШЫЛЫНГАН КАБЫРГА
Керектелүүчү азыктар:

Койдун кабыргасы – 1 килограмм
Кумшекер – 2 аш кашык
Соя соусу – 2 аш кашык
Газдалган суу – 1 стакан
Лимон ширеси – 1 аш кашык.
Татымына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабыргаларды жууп, кургатып, сөөккө 1 сантиметрдей эт калтырып, калганын шылып алып салабыз.
2. Газдалган сууга туз, мурч салып аралаштырып, кабыргалардын үстүнө куюп, 1 саат тыныктырып коёбуз.
3. Кумшекер, соя соусун, лимон ширесин кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.
4. Маринаддалган кабыргаларды алгач мангалдагы чокко эки тарабын 2-3 мүнөттөн кактап алабыз да, соуска малып кайра 1 мүнөт кактайбыз. Тамагыбыз даяр!


БУУГА БЫШКАН КАБЫРГА
Керектелүүчү азыктар:

Койдун кабыргасы – 1 килограмм
Картошка – 3 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 баш
Кургатылган жалбыз – 1 чай кашык
Кургатылган тимьян – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, калемпир


Даярдоо ыкмасы:
1. Кабыргаларды жууп, кургатып, араларын ажыратып кесебиз. Эгер кабыргалар узун болсо экиге бөлөбүз. Эми ага өсүмдүк майын куюп, татымына жараша туз, калемпир, кургак чөптөрдү себелеп, 1 саатка тыныктырып коёбуз.
2. Картошка, пиязды, сарымсакты аарчып, жууп, чоң-чоң туурайбыз. .
3. Атайын электр мешине азыктарды бышырууда колдонуучу целлофан баштыкка (рукава) этти жана жашылчаларды салып, оозун бекем бууп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 30-40 мүнөткө салабыз. Бышкандан кийин целлофан баштыктын бетин ачып, дагы 10 мүнөткө электр мешине салабыз. Тамагыбыз даяр! Целлофан баштыктын ордуна фольга кагазынан атайын баштык жасап пайдалансаңыз болот.


КОЗУНУН КАБЫРГАСЫНАН ЖАСАЛГАН КАРЕ
Керектелүүчү азыктар:

Козунун кабыргасы – 1 килограмм
Сарымсак – 4 тишче
Зайтун майы – 100 грамм
Розмарин – 3 тал
Укроп – 3 тал.
Татымына жараша туз, калемпир


Даярдоо ыкмасы:
1. Кабыргаларды жууп, кургатабыз да, араларын кесип ажыратабыз. Эми кабырганын уч жагындагы этти 2,5 сантиметрдей тилип кесип салабыз. Сөөк көрүнүшү керек.
2. Зайтун майына майда тууралган сарымсакты, розмарин, укроп жана татымына жараша туз, калемпир салып аралаштырып маринад даярдап алабыз. Эми бул маринадга кабыргаларды салып аралаштырып, 1-1,5 саатка тыныктырып коёбуз.
3. Маринаддалган кабыргаларды 3 ыкма менен бышырууга болот:


МАНГАЛДА БЫШЫРУУ
Алгач эки тарабын 3 мүнөттөн өтө күчтүү чокко кактап алууңуз керек. Кийин табы баштагыдан азыраак чокко бышыруу сунушталат. Кабырга кареси мангалда 10-12 мүнөттө бышат.


ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШЫРУУ
Электр мешинде бышыруу оңой жана көп эмгекти талап кылбайт. Ал үчүн электр мешин 220-240 градуста ысытып алып салуу керек. Кабырганын бир тарабын 10, экинчи тарабын 10 мүнөт кактап бышырсаңыз, тамагыңыз даяр.


ТАБАДА БЫШЫРУУ
Табанын ичин майлап, какшыган кезде кабырганы салып, алгач эки тарабын 2 мүнөттөн өтө күчтүү отко кактап бышыруу керек. Андан соң отту жайлатып, эки тарабын улам алмаштыруу менен 4-5 мүнөт кактоо жетиштүү.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nur72
2018-01-02 10:17:10
Аа жакшы бирок ....
+2
Edelveis929317
2018-01-02 16:48:36
Менин эң жакшы көргөнүм го.Кабырганы аябай жакшы көрүп жейм.Бир жолу тоок бышырышып үйдөгүлөр"сен эмнесин жейсин?"дешсе "кабыргасын"дегеним эч эсимден кетпейт.Азыр да айтып күлүп калышат.
+3
Bulak25
2018-01-02 22:51:05
Edelveis929317,
тоокто кабырга болбойбу?
0
Edelveis929317
2018-01-04 13:19:47
Bulak25,Ичке,узундугу көп болсо 10см,эти жок бт.Койдукундай кылып жей албайсың.Көргөн эмессиңби?Каяктан түшкөнсүң)))
+1
engel
2018-01-04 16:27:08
Edelveis929317,))) тоок жеп коргон эмес го
+1
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан