2017-ЖЫЛ. КИНО ТАРМАГЫНДА “БУМ”, ШОУ-БИЗНЕСТЕ ЖЫМ...

Маданият – бул дүйнөнү куралсыз башкаруучу тармак. Мамлекеттерди бөлүп турган чек ара, ар улуттун бирин-бири түшүнүүсүндө тил барьери бар. Ал эми маданиятта андай чектөөлөр жок, ушул артыкчылыгы менен бул тармак дүйнөнү тынчтык жолу менен башкаруучу курал болуп келет. Андыктан Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдө деле кино, музыка, искусство аркылуу дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүк кенен. Быйыл Кыргызстан үчүн маданият тармагында кандай жаңылыктар, өсүүлөр, жетишкендиктер, кемчиликтер болду. Чогуу талдап көрөлү.


“ОСКАРГА” ТАЛПЫНГАН ТАСМАЛАР

Акыркы жылдары кинону искусство эмес, бизнес катары караган режиссёрлор көбөйүп кеткен. “Минте берсек элдин табитин жоготуп алабыз” деп айгайлап чыккан жайыбыз да бар. Көрсө, мыкты кино өзү эле иргелип калат экен. "Кыргыздын түркөйлүгүн тартканда гана “Оскар” алабыз" деген кептерди төгүнгө чыгарып бул жылы жарыкка чыккан Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмалары чет өлкөлүк сынак, фестивалдарда өлкө сыймыктана турган ийгилик жаратышты. Алсак, “Саякбай” тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык «Алтын Зенит» киносыйлыгына татыса, “Кентавр” фильми Берлин эл аралык кино фестивалында, Бельгияда өткөн "MOOOV", Астана шаарында өткөн "Евразия" эл аралык кинофестивалдарында сыйлыктарды алууга жетишти. Ошондой эле “Кентавр” тасмасы “Оскар” киносыйлыгынын “Мыкты чет өлкөлүк тасма” наамында ат салышууга аракет кылууда.
Ал эми бюджети 400 миң долларды чапчыган “Апамды издеп” тасмасы Казакстандын улуттук “Тулпар” сыйлыгын алып кино сүйүүчүлөрдү кубантты. Мындан сырткары режиссёр Садык Шер-Нияз уюштурган АКШнын Лос-Анжелес шаарында болуп өткөн lll Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын жүрүшү мактанарлык уюштурулуп, бул фестивалга Голливуд жылдызы Анжелина Жоли катышты. Кыргыз жаранынын океандын ары жагында фестиваль уюштурганы көпчүлүктү ыраазы кылды. Кыргыз кереметин жандантып, Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдордун жолун улап бараткан заманыбыздын мыкты режиссёрлору өз эмгектери менен кыргыз маданиятынын өсүүсүнө салым кошуп келе жатканын ким танат?


ЭМГЕГИ ЭМИ БАШТАЛГАНДАР
2017-жылы жаш ырчылар сыйлыктарга марышты. Нурайым Азыкбаева, Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзинат Суранчиева “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамын алышкан. Бирок коомчулук кечээ чыккан ырчыларды эмес, чыгармалары менен бир нече муунду тарбиялап келе жаткан маданият кызматкерлерине сыйлык берилбегенин айтып нааразы болушту. Алардын катарында ырчылар Мерген Турган, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев, актёрлор Марат Жанталиев, Назым Мендебаиров, Азиз Мурадиллаев, Аскат Сулайманов өңдүү таланттар бар. Мерген Турган “менин Маданияттын мыкты кызматкери эмес, жаман кызматкери деген да төш белгим жок” деп нааразы болгону элдин эсинде калды. Айрыкча эл арасында Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбековдун наам алганы катуу сындалды. Ушундай окуяларга байланыштуу талкуулар маданият министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетишине себепчи болду.


“АЛБАРСТЫ” ДАЛАЙ ЫРЛАРДЫ “БАСТЫ”
Ырчылардын фестиваль-сынактарга ылайыктуу, терең мазмундуу чыгармаларды аз жазып калганына көп болду. Бул жылы Турдакун Ниязалиевдин “Жубайыма” деген ырындай хит ыр уга алдыңызбы? Ырчылардын көбү тойдон колу бошобой, үйлөнүү той, тушоо той, юбилейге арнап ыр жазып калышты. Ырчылардын теңи элдик ырга айланып бараткан “Жар-жарды” жаздырып тойлордо кызмат кылса, теңи эски ырларды жаңылап ремейк ырдап чыгышты. Тарбиялык мааниси бар ырлар баркталбай баратканы өкүндүрөт. “Албарсты мени басты” деген ырлар менен толукталып жаткан шоу-бизнестин ырларын быйыл чындап эле албарсты басып калгандай. Угармандар өзгөчөлүктү күтүп жатышкандай. Себеби жыл соңунда Каныкей, Тата Улан сыяктуу өзгөчө стиль, образ менен Кайрат Кыргыз деген ысым пайда болуп, бат эле элге таанылды. Ал эми жаш ырчы Ишен Назаровдун “Апакем” аттуу ыры тойлордо элдин баарын “жашытып” жаткан убак.


ӨНӨРЛҮҮ МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ “ӨРГӨ ЧАБЫШТЫ”
Өлкөбүздү бий жагынан дүйнөгө таанытып жүргөн Атай Өмүрзаков бул жылы да ишмердүүлүгүн улантты. Бийчинин шакирттеринен түзүлгөн “Адэм” бий тобу Малайзияда өткөн "Asia’s Got Talent" сынагында мыкты өнөр тартуулаганы үчүн калыстар аларды автоматтык түрдө жарым финалга өткөрүшкөн. Мекендештеринин колдоосу менен Атай Өмүрзаковдун шакирттери 5-орунга ээ болуп кайтышты. Кыргызстанды чет өлкөдө татыктуу көрсөтүү вазыйпасын кичинекей жарандарыбыз да татыктуу аткарышты. Алар орусиялык куудул Максим Галкин алпарган “Баарынан мыкты” (“Лучше всех”) балдар берүүсүнө катышып келген. Интернетте өзгөчө бийи менен популярдуу Нурпери Тургуналиева, жаныбарлар дүйнөсү тууралуу кызыктарды айтып Галкиндин оозун ачырган Албан-Али Алым уулу жана Брюс Линин ыкмаларын туураган Нурмухаммед Ташмаматов аталган берүүгө катышып Кыргызстанда өнөрлүү муун өсүп келе жатканын далилдешти.
Ошондой эле ырчы Омар Казакстанда өткөн Эл аралык “Silk Way Star” музыкалык сынагында баш байгени жеңип баарыбызды кубантты.




ЧЫР МЕНЕН КОШТОЛГОН СУЛУУЛАР СЫНАГЫ. КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ КЫТАЙГА БАРБАЙ КАЛДЫ
2017-жыл сулуулар сынагына байланышкан чырларга бай болду. Апрель айында “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагы өткөн. Ал сынактан себепсиз четтетилип калган катышуучу Алтынай Абдымомунова сынактын жеңүүчүсү алдын ала аныкталгандыгын, байгелүү орун сатылып кеткенин коомчулукка айтып чыккан. Аталган сулуулар сынагында калыстардын катарында отурган ырчы Айгерим Расул кызы да сынак адилетсиз өткөнүн айтып чыккан. Уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы дүйнөлүк сулуулар сынагына өзү катышып келгенин жана ал жакка кандай кыз барыш керек экенин жакшы билерин айтып актанган. Бул чырдуу окуя кытайлык кошуналарга да жеткенби, айтор, “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына аз калганда “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбековага Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза бербей коюп, ал сынак Бегимайсыз өттү. Окуяны улай эле, жай айында Ливанда өткөн эл аралык "World Next Top Model-2017" сулуулар сынагына Сусанна Егорян аттуу сулуу Кыргызстандын атынан кетип, бирок сынактын финалында Армениянын атынан катышканы талкууга түштү. Коомчулук тарабынан түрдүү күмөн ойлорду жараткан сулуулар сынагын өткөрүүнү тиешелүү кызматтар тескеп, бул тармакта да ийгиликтер болот деген ишенимдебиз.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2018-01-02 11:04:32
Эн эле жинди келтирген армян кыз болду. Бору баласы ит болбойт дегендей ал кыз аман эле болсун.
+8
Gdosalieva1
2018-01-02 11:17:23
Омарга ийгилик!
+3
bela77
2018-01-02 11:34:10
Албарстылар хит болду негизи)))Кайрат Кыргызды куйоом корсоле жини келе берет:)
+3
Venerochka
2018-01-02 17:20:56
bela77,менин да куйоом жини келет коргон сайын. Бирок хит болуп кетти го)))
+1
Stervamyn
2018-01-04 09:10:11
bela77,менин куйоом да жини келет,согунуп баштпйт))баардык эркектерге жакпайт окшойт
0
cholpon119966
2018-01-03 18:53:44
Кайрат кыргыздын корунушу кээбирибиздин жинибизди кээбирибиздин кулкубузду келтирет бирок уну жакшы экен.
+2
margit
2018-01-08 13:31:00
Ишен Назаров дун апакемин таппадым го медиа порталдан, админ жуктоп койгулачы, рахмат
0
damir007
2018-01-08 15:26:28
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан