Мезгил үнү
Учурда Бакиевдер жана айрым адамдар элди бөлүп-жаруу, улуттук араздашуулар отун тутандыруу жана баскынчылык менен бийликти алууну көздөшүүдө. Бирок жалпы элге бөлүнүп- жарылуу жана улуттар аралык кагылышуу керек эместиги чыркыраган чындык.
БАКИЕВДЕР ЭМНЕ ҮЧҮН СОГУШТУ КӨЗДӨШӨТ?
Бакиевдин туугандары, жакындары жана аны жактоочулар Убактылуу өкмөткө каршы 3-толкунду, улуттар аралык кагылышты көтөрүшүүдө. 1-толкун бул – 7-апрелдеги окуя, экинчиси – 12-14-майдагы өлкөнүн түштүгүндөгү окуя. Учурда референдумду өткөрбөй коюуга аракет кылышып, бул үчүн өзбектер менен кыргыздардын кагылышуусун уюштуруу үстүндө. Анткени алар башка өлкөгө качып кетүү менен ал жакка бата албасын, башка жакка кетсе да кармаларын билишет. Андыктан өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүү планы ишке ашпай калып, эми улуттук кагылышты уюштуруп жатышат. Себеби эптеп кайра бийликке келип, ошону менен бийлигин да, керт башынын эркиндигин да сактап калуудан башка жолду таппай турушат.
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ОКУЯНЫ КИМ УЮШТУРГАН?
А.Бекназаровдун маалыматына таянсак, кээ бир саясатчы-авантюристтер пайда табуу үчүн опурталдуу иш-аракеттерге барышууда. Мисалы, 14-майда Жалал-Абадда Кара Айбек кличкалуу кримавторитет, улуту өзбек Ойбек Мирсидиковдун атасынын үйүн өрттөп жиберишкен. Ошондой эле өзбек улутундагы Махамаджан аттуу атуулдун үйүнө кол салуу уюштурулган.
Белгилүү болгондой, өлкөнүн түштүгүндө 700 000дей өзбек бар. Бекназаров өзбек диаспорасынын лидери, экс-депутат Кадыржан Батыровго жолугуп, “улуттар аралык кагылышууга жол бербейли” деп сүйлөшкөн. Ушул жерден айта кетчү нерсе, түштүктөгү баш аламандыкты көпчүлүк Кадыржан Батыров уюштурган дешсе, кээ бирлер көпчүлүк Батыровдун сөөк өчтү душманы, улуту өзбек Кара Айбектин колунан келгенин айтышууда. Батыровдун айтымында, Кара Айбек Ахмат Бакиев менен байланышта келген жана обладминистрацияны ээлеп алуу максатында элди курал менен камсыздаган. Кара Айбек өзү тууралуу мындай маалыматтарды уккан соң “Азаттыкка” байланышып, интервью берген. Эмесе, интервьюдан кыскача.
“14-майдагы окуя Кадыржан Батыровдун колунан келген иш. Өлтүрүү менин эмес, Батыровдун кесиби. 14-майда мен үйдө болчумун. “Тейит айылында Бакиевдердин үйү өрттөнүп жатат” дегенди укканда тааныштарыма чалып, “ал жакка барбагыла, бул провокация” деп айткам. Батыров убагында Курманбек Бакиевден кызматка коюусун ыйлап суранган. Эркек болсо Бакиев менен эркекче сүйлөшпөйбү! Курал менен барып К.Бакиевдин, анын атасынын жана ага-инилеринин үйүн өрттөбөй! Батыров менин үйүмдү талкалап ээлеп алгысы келди эле, колунан келген жок. Ал өзү Дубайда жашайт. Жаман иштерди жасап коюп, ал жакка кетип калат. А биз Кыргызстанда жашоого тийишпиз. Батыровго айтарым, сүйлөсө өзүнүн атынан сүйлөсүн, бүт өзбектин атынан сүйлөбөй! Жашоо калыбына түшүшү үчүн мыйзамдуу президент учуп келиши, парламент мурункудай иштеши керек. Ошондой эле Убактылуу өкмөт бир чечимге келиши зарыл. Ушинтип гана курмандыктардын алдын алып, кырдаалды өзгөртүүгө болот”.
«УШУНДАЙ КҮНДҮ 20 ЖЫЛДАН БЕРИ КҮТКӨНБҮЗ,
БАШ КӨТӨРГҮЛӨ!»- ДЕП ӨЗБЕКТЕРГЕ АЙТКАНЫМ ЧЫН»
"Би-Би-Си" радиосу Кадыржан Батыров менен байланышып, “Кыргызстандагы өзбек жамааты азыркы абалдан пайдаланып калууну көздөп жатат” деген пикирлерге карата оюн сураган. Интервьюдан кыскача.
К.Батыров: – Азыр Конституциялык кеңеш жаңы Баш мыйзамды талкуулап жатпайбы. Андыктан эл чогулуп өз ой-пикирин айткан. “Өзүбүздүн жерде жашап жаткандан кийин укуктарыбызды кыргыз элиники кандай болсо, бизге да ошондой кылып бергиле” деген маселе коюлган. Муну өтө жаман кабылдап жатышат. Кыргызстанда башка эл жоктой сезишет да. Ошондуктан ушундай тирешүү пайда болуп жатат.
Би-Би-Си: – “Ушундай күндү 20 жылдан бери күткөнбүз, баш көтөргүлө!” деп өзбек улутундагыларга кайрылганыңыз чынбы?
К.Батыров: – Мен муну ачык эле айтам, 20 жылдан бери эмес, 2007-жылы митинг өткөрүп, ушул маселелерди айткам. Конституцияны талкуулап, бүт райондорго барып өзүбүздүн ой-пикирлерди айтып жатам. Бишкекте Конституциялык кеңеш биздин сунуштарды каттады.
Би-Би-Си: – Сиздин “ушундай күндү 20 жылдан бери күткөнбүз” деген сөздөрүңүздү чагым катары кабыл алуу мүмкүнбү?
К.Батыров: – Чыр-чатак чыкса башка элден чыккан жок, кыргыз элинин өзүнөн чыгып жатат. Бийликке келген адамдар жакшы иштешсе, закон иштеп турган болсо, башка эч нерсенин кереги жок эле. Бул иштерден кийин дагы чыр-чатак чыгат.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗБЕКТЕРДИН УКУГУ ЧЕКТЕЛГЕНБИ?
Бул жаатта саясат таануучу Марс Сариев ой бөлүшөт:
– Буга кыскача эле мисалдарды келтирсем, “өзбектердин укугу чектелген” деген калп болуп чыгат.
ЭЛ БИРИМДИКТИ, ТЫНЧТЫКТЫ КААЛАЙТ!
Жогоруда айтылгандай, улуттар аралык кагылышуу бир ууч гана адамдар тобуна керек. Жалпы эл улуттар аралык биримдикти, өлкө ичиндеги тынчтыкты каалайт. Антсе да, мурда бийликте турган айрым адамдардын терс жоруктарга барганы өкүнүчтүү. Мисалы, эл жана саясатчылар ичинде "Бакиевге бийликтен пайдаланып калуу тууралуу тескери кеңештерди берген дагы, "бийлик түштүккө келди, эми аны колдон чыгарбайлы, буларды эзели" деген дагы Үсөн Сыдыков болгон" деп айтылууда.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
КЫРГЫЗСТАНДЫ БӨЛҮП-ЖАРУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН
АДАМДАРГА КАНДАЙ ЖАЗА БЕРҮҮ КЕРЕК?
Бактияр,
22 жашта, студент:
– Чынында, карапайым эл бөлүнбөйт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бийликке келүүнү максат кылгандар бөлүп-жарууга аракеттенүүдө. Мындайларды илгеркидей кылып сүргүнгө айдап жибериш керек.
Чолпон,
30 жашта, врач:
– Биздеги жаман адат – бөлүнүп-жарылууга өзүбүз жол берип жатканыбыз. Кээ бирлер акчага азгырылып, провокаторлордун союлун чабууда. Бир айылда жашагандар да урууларга бөлүнүп жатышат. Мындайларды мыйзам чегинде жазалоо керек.
Бектур,
18 жашта, студент:
– Учурда дилинде башка максатты көздөсө да элге башкача сүйлөгөндөр, элди бөлүп-жарууга салым кошкондор көп. Мындайларды жазалоо керек. Бирок сот системасындагы коррупцияны жоймоюнча алар адилет жаза аларына ишенүү кыйын.
Зуура,
67 жашта, пенсионер:
– Элди бөлүп-жаргандарды аянтка алып чыгып, таш бараңга алуу керек. Мекенибиздин бүтүндүгүн, тилибизди, салтыбызды сактап калууга аракет кылгандын ордуна элди бөлүп жаткандар эл алдында жазаланганы туура.
Орозалы,
40 жашта, соодагер:
– Өлкөбүздүн алдыга эмес, кайрадан артка жылмышып баратканы мына ушул бөлүнүүдөн да болуп жатат. “Күч бирдикте” деп бекеринен айтылган эмес. Карасанатайларды мыйзам чегинде жазалоо керек.
Замира,
54 жашта, дарыгер:
– Элди бөлүп-жаруу бийлик талашуудан улам келип чыгып жатат. Мындайлар элди бөөдө кыйноодо. Буларды жазалоо да кыйын болуп калгандай. Жаңыча ой жүгүрткөн, акылдуу жаштарды эл башына коймоюнча оңолбой калдык окшойт.
Данил,
49 жашта, юрист:
– Мындай эл бузарларды өмүр бою камакка кесүү керек. Себеби карапайым элди өз кызыкчылыгына колдонуп, ары өкчөп, бери өкчөп жаткандарга кечирим болбошу кажет.
Бахияна Сатылганова