(Башталышы өткөн сандарда)
ххх
Көп кабаттуу үйдүн 9-кабатындагы батирге барган опер кызматкерлери канга боёлуп жаткан жигитти, башынан кучактап тизелеп отурган кызды көрүштү. Ары жакта тапанча жатат.
– “Тез жардамга” чалып кой!- милициянын бири экинчисине үн катты. “Тез жардам” келгенче күтүү керек” деди ичинен опер. “Балким, кыз коштошуп жаткандыр. Бул алардын акыркы көрүшүүсү да”,- ыйлай берип үнү чыкпай ийиндери гана дирилдеп турган кызды карады.
Аз өтпөй дарыгерлер да жетип келишти.
– Жүрүңүз!- опер кызды ийининен тартты.
Чуу салбаса болду деп ойлонуп жаткан. Жок. Кыз акырын гана тизесинен жигиттин башын түшүрүп шашпай өйдө болду. Көздөрүн жумуп, жылмайып жаткан Арсенди бир карап алды. Жигит дале сымбаттуу болчу. Жадакалса ак көйнөгүнүн канга боёлуп турганы да ага жарашып тургандай.
– Жакшы кал, Арсен,- кыз акырын гана үн катты. Ал бул окуядан эч эле өзүн жоготпогондой. Азыр эле бир өмүрдү кыйып салганын али сезе электей көрүндү милиция кызматкерлерине.
Чынында Бегимай эми жеңилдеп калганын сезип жатты. Ооба, бул кыйноо акыры бүтүш керек эле. Бүттү!
ххх
– Дуулатовдордун үйүбү?- эзелтен бери үйдө туруп чалуу келбеген эски телефонду көтөргөн Дуулат ушундай суроону укту.
– Жок. Дуулаттын үйү.
– Дуулатов Арсен...
– Ал уулум. Эмне болду?- үйдөгүлөрдү ойготуп албайын дегендей Дуулат акырын сүйлөп жатты. Ананчы, азыр саат араң 6 болбодубу.
– Кечиресиз, шаардык моргго келиңиз...- Дуулаттын жообун укпай эле телефондо сүйлөп жаткан киши байланышты үзүп салды.
– Эмне?! Эй... Эй...- колдору калтырап кетти. Тут...тут... эткен кыска гудокту угуп туруп да, сүйлөй берди. “Эй, эмне дедиң?! Эй! Эй!”
– Тынччылыкпы?- уктоочу бөлмөдөн аялы чыга калды. Дуулаттын купкуу жүзүн, коркунучка толгон көздөрүн көрүп чочуп кетти.
– Мен азыр... Кудай, ай!- темтелеңдей сыртка жөнөдү. Чөнтөк телефонун алып Арсенге чалып баштады. Чалуу кетип жатты.
ххх
ххх
– Чыңгыз байке, байкемди атып салышыптыр!- Алинанын чаңырган үнүнөн Чыңгыз өзүн жоготуп коё жаздады.
– Кантип? Качан?
– Чыңгыз байке-е, эмнеге байкемдин жанында болгон жоксуз?
– Ким атыптыр?
– Чогуу жашаган кыз дешти. Сиз ал кызды таанычу белеңиз?
– Мен азыр барам...- шашкалактап телефонун коё салды. “Кантип? Кайдагы кыз?” ушул суроо мээсин жеп жатты. Ордунан тура калып эле каткан жеринен флешканы ала салды. Ноутбукка туташтырып, ичиндеги видеофайлды жандырды. Караңгы бөлмө. Жылаңач Лизаны кучактап, чачын ак баскан киши жатат. Санжар пайда болду кадрда. Ал аярлык менен тиги кишини аттап өтүп, Лизаны чачынан тартты. Ойгончудай эмес. Кызга бир нерсе берип коюшкан өңдүү. Санжар бир ирет камераны карап алды. Кийин белине каткан бычагын алып чыкты. Саамга Лизаны карап турду да, кыздын моюнуна бычак сойлотуп мууздап жиберди. Кыз эсине келип, чочуп кеткен жок. Тек гана денеси бир жыйрылып, анан титиреп бир топко жатты. Кан ченемсиз агып турду.
Чыңгыз өчүрүп салды. Шалдайып отуруп калды.
– Акмактар! Акмактар! Лиза... Байкушум десе,- Чыңгыз кемшеңдеп ыйлап жиберди. Анан алда нени эстегендей, чуркап барып күрмөсүн кийди да, сыртка чуркап чыкты. 1 саатка жетпеген аралыкта ал Арсендер болуп чогуу иштетүүчү акча алмаштырчу жайлардагы акчаларды жыйнай салды. Анын бул кылыгына кол алдында иштеген балдар таң калып гана туруп беришти. Жалаң долларларды алып кетти. Кийин үйгө келип сейфин ачты. 10 миң долларга чукул акча, анан алтын буюмдар турат. Баарын чогултуп бир баштыкка салды.
ххх
Чыңгыз кеч киргенде гана Ак-Өргөөгө барды. Арсендин үйү ыйга, муңга толуп калыптыр. Ал Дуулатты кучактап алып бир топко өкүрүмүш болду. Бирок чын дилинен көзүнө жаш ала албай койду. Кандайдыр бир нерсени даярдап жаткандай шашкалактап алды-артын карай берди.
– Бул Болуштун эле колунан келди. Баламды жайына коёюн, анан сүйлөшөм алар менен,- деди бир убакта Дуулат Чыңгызга даттангандай.
– Бегимай атыптырбы?
– Ооба.
– Дуулат байке, эч нерсе дебеңиз. Болушка да, башкасына да. Мен сизге кийин баарын түшүндүрүп берем. Азыр Болушка бир нерсе дечү болсоңуз сиздин үй-бүлөңүзгө зыяны тийип калат. Сизге, албетте, жаман угулушу мүмкүн, бирок... Бирок Арсен өзү ушуга келе жаткан. Бул эртели-кеч болмок.
– Эмне деп жатасың?
– Мен Арсенге аны сатпайм деп убада бергем. Ал экөөбүз жакында гана жолукканбыз. Дуулат байке, биз көп жаман иштерди жасап койгонбуз. Ошонун азабын тартып баштадык окшойт. Мага ишенсеңиз азыр Алинанын, өзүңүздүн, аяш апамдын паспортторун алып чыгып бериңиз. Сөөк коюлары менен биз Бишкекте бир мүнөт да турбай учуп кетишибиз керек.
– Эч кайда учпайм! Баламдын кыркылыгын өткөрөм. Дегеле мен ушул балам чоңойгон үйдө өмүрүм өткөнчө жашайм.
– Дуулат байке, мен Арсенге убада бергем. Силерди алып кетишим керек. Алар жөн коюшпайт. Алинаны ойлоңуз. Арсендин акылсыздыгы үчүн силер төлөп калбашыңар керек.
– Эй, эмне деп жатасың?
– Дуулат байке, биз жасаган толтура кылмыштар бар. Биз кылмышкер болчубуз. Жолубуз кууш болчу. Болуштан мурун сиздерге биз чогуу кылмыш кылып жүргөн Санжар жетет. Арсенди азыр кызганычтын айынан бир кыз өлтүрүп коюптур деген божомол биз үчүн пайдалуураак. Эгер сиз анын өлүмүнүн чыныгы себебин териштирип баштачу болсоңуз криминал да, Болуш да сизди жөн коюшпайт. Булар баары бир кемедеги немелер, бирөөнү чукуса башкасынын да бети ачылат.
Мен телефондорумду өчүрүп койгом. Азыр Санжарлар Бишкекке келишсе керек. Алар бул жерге да келишет, абалды байкап көрүшөт. Болуш да келиши мүмкүн. Арсен анын жардамчысы эмес беле.
– Болуштун жардамчысы беле?- Дуулаттын көздөрү чакчая түштү.
– Ооба, байкасаңыз, Арсендин өлүмү журналисттерге билинсе чуу жаралмак. Болуш азыр милициянын да оозун жаап койду. Болушунча ашыкча көңүл бурдуртпай жатышат. Акыры силерди да унчукпас кылып салышат. Андыктан кетишибиз керек. Санжар келсе да, Болуш келсе да билмексен болуңуз. Эми мага паспортторду бериңиз. Мен билет алышым керек...
(Уландысы кийинки санда)