ТОКОЙДО ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП МАЙРАМДАШТЫ?

Илгери-илгери алыскы токойдогу кичинекей үйдө бир үй-бүлө жашаптыр. Ал үй-бүлө ынтымактуу жашагандыктан, дайыма ар кандай майрамдарды белгилеп көңүл ачышчу. Биринчи көпөлөктүн жана көгүш козу уйгактын майрамы, күндүн туулушу жана мол түшүмдүн майрамы деп табигатка байланыштуу майрамдарды өткөрүп турушчу экен. Кышында жаратылыш эс алып жатканда аларда майрам калбай калчу.
Кыштын бир күнүндө токойдогу үйдүн алдына үч атка чегилген араба токтоду. Арабадан бир жигит түшүп “Силер токойдо жашайт экенсиңер. Мага Жаңы жылга кооз балаты тандоого жардам бере аласыңарбы? Майрам жакындап калды, мага жакшы балаты керек” деп үй кожойкесинен сурап калды. Токойдогу үйдүн жашоочулары буга чейин Жаңы жылды тосуу майрамы бар экенин угуп-билишкен эмес. Муну уккан жигит үй-бүлөгө сыйкырдуу Жаңы жыл, кооздолгон балаты, боорукер Аяз ата жана анын небереси Аяз кыз тууралуу төкпөй-чачпай айтып берди. Бул күнү жаңы тилектер айтылып, балдар белектерге ээ болорун кошумчалады. Үй ээлери жигитке балаты тандоого жардам беришти. Ал эми жигит балдарга балатынын оюнчуктарын жасаганды үйрөттү. Конок кеткенден кийин токойдогу жашоочулар “Жаңы жыл” деп аталган майрамга даярдана башташты. Атасы Аяз атанын кийимин, апасы Аяз кыздын кийимин кийип кубанычтуу майрамдашты. Үйдүн жанында өсүп турган балатыны кооздошуп, аны айланып бийлешти. Анан чогуу “Жаңы жылыңыздар менен!” деп кыйкырышты. Ошондон тарта алар Жаңы жыл майрамын чыдамсыздык менен күтүп, тосуп калышты.

Ирис Ревю

Перизат Музуратбекова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан