ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 1-январдан 7-январга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичи жетекчилик, таасирдүү адамдар менен жакшы тил табышасыз. Купуя, сырдуу иштер ойдогудай орундалат. Кийинки жумада анын сюрприздерин күтө бериңиз. Балдарыңызга, эс алуу жаатына ири сумма жумшалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка жактагы өнөктөштөр, туугандар, достор менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Кыска сапарга чыгуулар болот. Ачууңузду ооздуктай билиңиз. Айрым адамдар менен мамиленин бузулушу күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Киреше алып келчү булактардын көзү ачылууда. Андыктан эртерээк аракет жасаңыз. Иштин жакшы жакка оошуна жетекчиликтин салымы чоң болот. Спирт ичимдигинен алыс болуп ден соолукту биринчи орунга коюңуз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакын санаалаштар, жубайыңыз менен таарынышып алыс аралыкта жүрсөңүз, биринчи болуп кадам жасаңыз. Алар менен бул жумада сөзсүз тил табышасыз. Ортодогу жылуу сезимдер күчөйт. Эс алуу жаатында кыраакы болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада кесиптештер менен алака жакшырат. Ден соолугуңуз жогорку деңгээлде. Каржы жааты да жаман болбойт. Болгону үйдө токтоо болуңуз. Өз ара менменсинүүдөн улам чыр чыгышы мүмкүн. Туугандарга катуу тийбеңиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Балдарыңызга, жубайыңызга карап алып «эх, мен ушунчалык бактылуумунбу?» деп таң кала кубанасыз. Ооба, бактылуусуз. Ортодогу ысык сезимдер күчөйт. Бир гана жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
«Үйүңүзгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет» деген сөз бул аптада сиз үчүн. Конок келсе кабак чытпаңыз. Тескерисинче, баарын жадырап жайнап уюштуруңуз. Кийинки жумада бул аракетиңиз өзүнүн жемишин берет. Көп акча сарпталышы күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бир туугандар, жакын санаалаштар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Кызыктуу кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Аталган көрүнүштөр жуманын акырына чейин созулат. Чаяндай чагып алчу мүнөзүңүздү ооздуктаңыз. Чыр чыгышы мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада жаачылык бутаңызга акча жааты илинет. Аракет кылыңыз. Акчанын аз же көп өлчөмдө болушу өзүңүздүн аракетиңизге жараша. Жашыруун душмандардан жана жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Болбосо кейип каласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыныгы лидер болуп чыга келесиз. Сизге көп көңүл бурулуп, сый-урматка ээ болосуз. Жеке иштериңиз сиз ойлогондой ишке ашат. Жакындарыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Акча, достор, кесиптештер жаатында көйгөйлөр жаралат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жабык типтеги мекемелерден кабар алып койгонуңуз оң. Аларга байланыштуу иштерде ийгиликтер күтөт. Көпчүлүк жумуштарды купуя ишке ашырыңыз. Акчалай пайдага жетишесиз. Жетекчилик, айрым өнөктөштөр менен аяр мамиледе болуңуз

БАЛЫК (20.02-20.03)
Негизги муктаждыктарды чечүү үчүн дос, кесиптештерге кайрылыңыз. Алардын аптада сизге болгон көз караштары эң жакшы болмокчу. Көңүл эргиткен көз ирмемдерди чогуу баштан кечиресиздер. Жол жүрүүдө сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан