Жаңы жыл алдында SUPER.KG порталынын түз эфирине «мурутчан агай» менен «спорт комментатору» келип шаңдуу маек куруп кетишти. Алар ким деп жатсаңыз, сиздерге күлкү тартуулаган «Жарайт сити» долбоорунун жигиттери, тамашоучулар, актёрлор Нурсултан Курсанали уулу жана Мыктыбек Мукаев (Мыкы). Мырзалар күйөрмандарынан келген суроолорго юмор менен жооп берип, эфирден тамаша да аткарышты.
– Турмуштук окуялардын негизинде тартылган юмор менен элди күлдүрүү оорбу?
Мыкы: – Бардык тамашаларыбыз турмуштук окуялардан эле алынат. Бирок окуянын негизинде скетч тартуу менен элди күлдүрө албайсың. Андыктан айрым учурларда апыртып коёбуз. 500-600дөй тамаша жазабыз, алардын 100дөн ашууну гана элге тартууланат. Тамашаларды редакторубуз «бул жарайт, бул жарабайт» деп иргеп чыгат.
– «Жарайт ситинин» ар бир чыгарылышын калтырбай көрчүмүн. Эми силерди көрбөй калабызбы?
Нурсултан: – «Жарайт ситинин» акыркы сезону болгондуктан көрө албайсыз. Башка «Жарайт сити» болбойт деп ойлойм. Ал эми бизди башка долбоорлордон көрө аласыздар.
М.: – Ар бир сезондо 12 чыгарылыш бар. Демек, долбоордун акыркы сезону болгону менен, 12 чыгарылышты тартуулап, башыңарды бир топко чейин оорутабыз.
– Нурсултан, мурутуңду эмнеге алып салгансың? Жаш баладай болуп калыпсың...
Н.: – Мен негизи эле жашмын, сулуумун, бойдокмун (күлүп). Мурут коюп жүрсөм чоң кишидей көрүнүп, улуу эжелер тийишип баштайт экен.
– Чынын айткылачы, акча үчүн долбоордон кетип жатасыңарбы?
М.: – Бул болбогон сөз. Долбоорго келгенде бир сом да албай иштегенбиз. Тар бөлмөдө эле тамаша жазып, бир самсаны төрткө бөлүп жеп жүрдүк.
– Келе жаткан Жаңы жылыңар менен! «Жарайт сити» скетчкомунун акыркы сезонун тартып жатыптырсыңар. Бул күйөрмандарыңар үчүн күтүүсүз болду. Долбоордун таркашына эмне себеп болду? Идея түгөнүп, кризис башталдыбы?
М.: – Негизги себеп – Нурсултандын муруту өспөй калды (күлүп). «Идея түгөндүбү, кризис башталдыбы?» деп жатасыз, сөздөрүңүздүн чындыгы бар. Баягы бир жерге картошка эге берсең, жыл сайын түшүмү азаят эмеспи. Биз дагы тамаша жаратабыз деп издене берип жан дүйнөбүз ырахат албай баштады. Ошондуктан мындан аркы скетчкомдорду кызыксыз кылбай, жыйынтыктап коюуну туура көрдүк.
– Жигиттер, мага Бишкектеги жолдордун жаңы аталышына арналган тамашаңар абдан жаккан. Суроом, саясат тууралуу тамаша жаратуудан чочулабайсыңарбы?
М.: – Жолдор тууралуу тартылган скетч биздин да эсибизде калган. Анткени «Жарайт ситинин» биринчи сезонунда тартсак окшошпой калып, экинчи сезонунда кайра тартканбыз. Ал эми саясат тууралуу скетч тартуудан чочулабайбыз. Өзүбүздүн ордубузду билип, чектен ашкан эмеспиз.
– Силер тартылган долбоор популярдуу эле, бирок «Эл эмне дейт?» долбооруна популярдуулугуңарды алдырып койдуңар. Күйөрмандарыңар «Эл эмне дейтке» ооп кетиштиби?
М.: – Биз башында кыргыз, орус тилинде тамаша жазчубуз. Бирок орус тилинде гана алып чыкчубуз. Кийин продюсерибиз менен «Эл эмне дейт?» кыргызча тамашаларды аткарып чыксын» деп сүйлөшкөнбүз. Анан популярдуу элек, алдырып койдук дегидей атактуулуктун артынан жүгүргөн эмеспиз, жүгүрбөйбүз дагы. Кыргызстанда кыргыз тилдүү долбоор популярдуу болушу боло турган иш да.
Н.: – Туура, «Эл эмне дейт?» мыкты долбоор. Кыргыз тилиндеги тамашаларды карапайым калк жакшы кабыл алышат. Интернеттеги кароолорун деле карасаңар миллиондорду чапчыйт.
– «Эл эмне дейт?» менен «Жарайт сити» долбоорунун ортосунда чоң атаандаштык бар дешет. Бириңер орус тилдүү, бириңер кыргыз тилдүү юморлорду көрсөтөсүңөр, ортодогу атаандаштык эмнеде?
Н.: – Бар, бар. Биз «Эл эмне дейтти» жаман көрөбүз (күлүшүп).
М.: – Эки долбоордун ортосунда эч кандай атаандаштык жок. Анткени «Эл эмне дейт?» менен «Жарайт сити» бир атанын балдарындай. Продюсерибиз бир, чогуу иштейбиз. Биз болгону кыргыз тилдүү видеолорго тартылбайбыз. Тамаша жаратууда эле «мен тигиден жакшы жазышым керек» деп атаандашышыбыз мүмкүн.
– Нурсултан, Мыкы, «Жарайт сити» силерди жакшы эле атактуу кылды. Долбоорго тартылбай калсаңар атыңар унутулуп калат. Эми өзүңөрдү пиарлоо үчүн кандай иштерди жасайсыңар?
М.: – Мен кашымды боёп, чачымды тургузуп ырдай баштайм. Балким, «Эл эмне дейтке» кетип калам, кыргызча жакшы эле сүйлөйм да (күлүп). Эми башка долбоорлордо иштеп баштайм.
Н.: – А мен болсо лашмейкер болом. Мыкынын кирпигин жасап, кашын боёп турам. Сен ушинтип сатып кетмексиң да (тамашалап).
– Нурсултан, сен мэрдин ролунда болуп, коомчулукту тазалыкты сактоого үндөгөн ролик тарткан элеңер. Ошол үгүт ишиңер үчүн мэрия тарабынан ыраазычылык болдубу?
М.: – Эми ыраазычылык десе эле сөзсүз дасторкон жайыш керек эмес. Милдетин так аткарып, иштеп турганынын өзү ыраазычылык го. Мисалы, мен жашаган районду анча-мынча оңдоп-түзөдү. Ушундай ыкма менен ыраазычылык айтып жатат го деп ойлоп калдым.
– Нурсултан, сени тамада катары да билебиз. Мыкты тамадалардын катарына кошулгуң келеби? Ал эми Мыкыны болсо спорт комментатору катары үнүн уккум келет. Эгер «спорт комментатору бол» деген сунуш түшсө макул болот белең?
Н.: – Мага Бакыт Байсариев жазды окшойт, ээ? Негизи өзүбүздүн студиябыз бар. Ал жакка иш-чараларды уюштуруп бергиле деп кайрылгандар көп. Азырынча жөнөкөй эле алпаруучу болуп жүрөм. Албетте, мыкты тамадалардын катарына кошулгум келет. Ал үчүн иштеш керек.
М.: – Бул суроону спорт каналында иштегендер узатышты окшойт. Негизи комментатор болоюн деген оюм бар, бирок убактым жок. «Жарайт ситидеги» Илгиз Куватбек дагы комментатор болгусу келет. Экөөбүз отуруп алып футболдук беттештерди жөн көрбөстөн комментарий берип көргөндөн ырахат алабыз. Кастинг болсо катышып, комментатор болуп иштеп калышыбыз мүмкүн.
– Нурсултан, сага улуу эжелерден башка тийишкендер барбы, башкача айтканда, жүрөгүң бошпу?
Н.: – Жүрөгүмдүн ээсин таап, бир бийкеч менен сүйлөшүп баштадым. Ошондон кийин эч ким тийишпей калды.
– Нурсултан, сенин бир тууган иниң дагы «Жарайт ситиде» өзүнүн өнөрүн көрсөтүп калды эле. Ага катары иниңе кандай кеңештериңди бересиң?
Н.: – Бир жолу роликке мага окшош, бирок менден кичүү бала керек болуп калды. Бишкек шаары боюнча менин иним эле бар, калгандары мага окшошпойт. Баса, индустар бар, бирок алар кыргызча билишпейт экен. Ошентип долбоорго тартылып калган. Андан кийин жергиликтүү КВНдерге катышып баштаган. Окуусу начарлап кеткенинен «баарын жыйыштырып, окуй турган маалда оку» деген кеңешимди бергем. Буюрса, быйыл орто мектепти аяктайт.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg