ТЫНАР 4 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК АТЫН МУРАТКА БЕЛЕК КЫЛДЫ

Жакында эле «Супер-Инфого» «жакшы ат көрсөм машинама айырбаштап жиберем» деген куудул Тынар Курбаналиев кесиптеш иниси «No name» командасынын капитаны Мурат Жалиевге 4 миң долларлык ат белек кылды. Бул тууралуу күлкү жаратуучу Мурат «Тынар акемди тамашалап «менин сахнадагы өкүл атам» деп коём, мамилебиз жакшы. Акем жакында эле мага улакка чабылган 4 миң долларлык атын белек кылды. Мен ал атты айылга алып барып улак тартышка салып, ал жактан дагы бир тай утуп алдым. Чын көңүлдөн тартууланган белек жакшылыктарда гана кызмат кылат окшойт, айтор, Тынар акенин белеги ырыскылуу болуп, мени кубантып жатат»,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tyty1990
2018-01-02 10:58:39
Тынардын оххооохооо дебейспи деген интермедиясы олло жагат да. Мураттын чо хочешь,чуть чуть хочешь деген созун мен да отуруштарда айтып келем. Бар болгула,ийгилик каалайм.
+4
Dembele84
2018-01-02 11:22:24
Молодцы экоон чогулуп бир чоон тамаша проект ачсанар болот эле
+7
NURTILEK_KG
2018-01-02 11:28:10
Буюрсун.
+1
Povetkin
2018-01-03 09:48:30
Чыныгы кыргыздын белеги болуптур.ат бул адамдын канаты!
+4
cholpon119966
2018-01-03 18:47:35
Азаматсынар. Талантынарга таазим. Тынар акебиз ушундай колу ачык Адам экен да...
+3
munduz2016
2018-01-04 17:41:45
Тынар Сузактык да)),маладес,кыргызча белек кылыпсың.
+2
Benazir08
2018-01-04 20:03:41
Жакшы экен ал аттын ордуна кудай башка дагы ат берет. Атам да жээндери атыныз жакты беринчи сатынчы десе эле ээрин ташта да жыланач алып кете бер бердим дейт. Атама да кудай ошончолук берет. Берерин унутпасын.
+2
Benazir08
2018-01-04 20:04:04
Ал жээндеримин коп жакшылыыгын коробуз
+1
asad345
2018-01-07 18:01:57
Саткан атын деле белек кылдым деп "кожо корсун" кыла берет экен да артистер
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан