НУРЛАН МЕНЕН АСЕЛ КАЙРАДАН ЭЛДИН НАЗАРЫНДА

Таарынышып, кайра жарашып жүрүшкөн таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын сүйүү мамилеси күйөрмандарынын дале кызыгуусун арттырууда. Алсак, эки ырчы казактардын «Зор» деген тасмасына саундтрек ырдашкан. Ошол тасманын бет ачары Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болуп өттү. Көпчүлүктүн көңүлүн бурганы Нурлан менен Асел кинонун бет ачарына окшош кийинип келгени болду. Эки жаш ортолорунда сезимдер жоктугун, бирок достук мамилени сактап калганын айтышкан. Бирок кече, концерттерде көз караш, кыймыл-аракет, кылык-жоруктарынан бири-бирине болгон жылуу мамиле бар экени байкалат. Жакында өткөн Кайрат Нуртастын Бишкектеги концертинде Нурлан «Жүрөгүм» деген ырын аткарып жатып залда отурган Аселдин тушуна келип улам жылмайып, күлүп, «кол чап» деп жаңсап жыргап ырдаганына көбү күбө болуп, экөөнүн табышуусун тилеген күйөрмандарынын бүйүрүн кызытты. Бул тууралуу билүү максатында Нурланга кайрылганыбызда ал: "Асел экөөбүз чыгармачылыкта гана доспуз. Ал эми кинонун бет ачарына окшош кийинип келгенибизди өзүбүз деле байкабай калыптырбыз",- деди.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Казак элинин "Зор" тасмасы Кыргыз жергесинде да көрсөтүлө баштады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Danielim2008
2018-01-05 02:49:23
Не пара
+4
gulzat878
2018-01-05 09:02:43
Элина Абай кызына окшош экен аябай актриса кыз
0
Aisanur_89kg
2018-01-05 11:12:22
Экоонор да тажабайт экенсинер суйушуп тез эле ажырашкандан,элге жакшы жаман корунбой тынч эле журо бергилечи же уйлонуп алгыла,бирок уйлонсонор да копко барбайсынар...
0
MKW.MYRZAiYM
2018-01-05 11:37:57
Оздорун рекламалоонун дагы бир жолу чыгар да
0
nazira...
2018-01-05 13:40:15
Пара эмес. Нурлан жашыраагын танда,кыз улуу корунот. Азыр ушундай кийин кандай катын чыгат бу кыздан. же силер дагы уйлонуп анан ажырашасынарбы. Просто Нурланга жалка.
+3
didu
2018-01-05 19:10:14
экоонон башка элге пайдалуурак нерсе жазсанар болбойбу. тойгоздуго булар.
+2
Kanat.9595
2018-01-05 21:32:43
Бул ырчылар сырларын же жашырбады талкуусу бутпойткооо кай жак караба экоо
+1
rustamov.com
2018-01-06 03:55:14
Ушунча ырчы турганда бизди тандаганы кубантты дейткооо
+2
19981998jalgyz
2018-01-06 06:31:48
буларды коро берип тажап кеттим инстаграммда деле нурлан насип суперде деле нурлан андан коро мияги эндшпиль жонундо жеранальдо жонундо кызыктуу маалыматтарды жазсанар боло
+1
nur.
2018-01-06 12:15:53
Очбой турган билегимди жандын, билинбестен суйуу болуп жандын, кыялымда жомогунда журсом, билбейм кандай багындырып алдын, жан дуйномо сен агарган тансын. Кайсы кыз ырдайт айтып койгулачы сураныч тапбай жатам.
0
Azatbek83
2018-01-06 12:48:38
Булар кимдер???Артистерби???Ырдашабы?же спектакль ойношобу?
-3
rahatmiku
2018-01-06 21:05:27
Бактылуу болушсун Нурланды балдарым жакшы корот. Мен Аселди жакшы кором назик сулуу.
-2
mergen4i
2018-01-06 23:24:59
тойгоздуңар го экөөң!Нурлан эркеке окшоп чечкиндүү болчу эй!!!
+2
mratbashy
2018-01-07 22:12:57
Супер инфо Асель айчурок анан Анжеликанын фан клубу болуп калгансынарбы айтоор жок дегенде бир ай жазбагылачы суранаааабыз
0
Akmaralmair
2018-01-08 13:19:14
Эко бир туруп эле соонун болуп калышат бир болуп кайра эле жок
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан