Фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаева 26-декабрь күнү кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы: «Кудайдын буйругу менен 4 жаштагы уулум Эмирди карындаштуу кылдым. Төрөтүмө жолдошум, курбум катышты. Кыз бала боорукер болот эмеспи, өзүмө курбу, сырдаш боло турган жардамчылуу болгонума баарыбыз кубанып жатабыз»,- деди.
Ал эми тамашоучу Актан Рыскелдиев да уулдарын сүннөткө отургузуп сүйүнүчүн бөлүштү: «Баатырларымды сүннөткө отургуздум. Улуу балам Жантай 2,5 жашта, кичүү уулум Анатай 3 айлык. Жакшылыктын эрте-кечи жок деп коюшат эмеспи, тойду күз айында өткөрөбүз, буюрса»,- деп билдирди.