Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери, депутат Канат Исаевге каршы козголгон кылмыш иши каралып жатат. Прокурорлор Исаевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, соттон аны 20 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранышты. Ошондой эле ушул кылмыш ишинин алкагында айыпталып жаткан 6 жаранды 9 жылдан 18 жылга чейин камакка алууну сунуштады.
Айта кетсек, Канат Исаевге Башкы прокуратура "2008-
2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, 303-берене (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон. 2016-жылдын ноябрында иш кайрадан жанданган болчу. Исаевди 20 жылга эркинен ажыратуу ушул кылмыш ишинин негизинде суралууда.
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Канат Исаевге карата Башкы прокуратура тарабынан дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал «президенттик шайлоо учурунда бийликти басып алууга камынган» деп айыпталып, 2-октябрда камакка алынган. Сот Исаевди 2018-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg