Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү деп 31 жаштагы жаран 27-декабрда кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда иликтөө иштери улантылып жатат.
«Шектүү 1986-жылы туулган Э.О. аттуу Бишкек шаарынын тургуну. Кармалган учурда анын жанынан «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча 17 огу менен табылды. Курал экспертизага жөнөтүлдү. Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган. Калган кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланууда»,- деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Эске салсак, Аида Салянованын 42 жаштагы бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. ИИМ ошол эле күнү аталган кылмыш ишинде саясий себеп жок деп чыккан. Аида Салянова кылмышкерди издөө иштери солгун жүрүп жатканына нааразы болуп, ишти тездетүүнү талап кылган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg