«Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова убактылуу өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Мындай чектөөнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту киргизди. Алар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп сот тарабынан коюлган айыпты төлөгөнгө чейин өлкөдөн чыга алышпайт. Буга чейин аталган эки юристтин банктагы эсеби камакка алынып, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан алчу маяналарынын 50 пайызы камакка алынган.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-мартында юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова Дача-СУ аймагына кулаган учактагы жүккө ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар деген маалыматты айтып чыгышкан. Мындан улам башкы прокурор Индира Жолдубаева «өлкө башчынын кадыр-баркына шек келтирди» деп аларды сотко берген. Сот арызды канааттандырып, юристтерди 10 миллион сом, ал эми алардын пикирин жарыялаган «Заноза» сайтын 3 миллион сомго айыпка жыккан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg