Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба-ырайы жана калың жааган кардан улам унаалардын бардык түрүнө 27-декабрда убактылуу чектөө киргизилди. Мунун натыйжасында, Чүйдүн «Сосновка» жана Жалал-Абаддын «Арал» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде 600дөн ашуун оор жүк ташуучу унаа жана 400дөн ашуун жеңил унаа токтотулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, аталган бекеттерде жүргүнчү жана айдоочулар үчүн ысык чай жана жылынуучу жайлар уюштурулган. Ошондой эле жолдун 4 жерине кар көчкү түшүп, 2 унаа зыянга учураган. Жабыркагандар жок. ӨКМдин билдиришинче, Бишкек-Ош унаа жолундагы айрым аймактарда 31-декабрга чейин кар атып түшүрүлмөкчү. 28-декабрдан тарта жол кайрадан иштей баштады. Стратегиялык маанидеги унаа жолу алгачкы карда эле бир суткага жабылып, жарандарга ыңгайсыздык жаратты. Бул өкмөттүн кыш ортолоп баратса да, суук мезгилге толук даяр эмес экенин көрсөттү.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg