БИР БҮРКҮМ. 2018-жылдан тарта биометрикалык паспорттун баасы 320 сом болот...

  • Жогорку Сот «СЕНТЯБРЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫН жабуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
  • Учурда керектөөчүлөрдүн ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА болгон карызы 1 миллиард 668,5 миллион сомду түзөт. Бул 2017-жылдын январына салыштырмалуу 11,3 пайызга аз. Аталган маалыматты Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.
  • Кыргыз-Кытай ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «Торугарт», «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамына карата 30-декабрдан 2-январга чейин жабылат.
  • Кытай-Кыргыз-Өзбекстан багыты боюнча курулуучу ТЕМИР ЖОЛДУН акыркы картасы 2018-жылдын апрель айында такталып бүтөт.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери асынып каза болгон кыздын ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИН видеого тартып, WhatsApp аркылуу таратканы үчүн кызматтан бошотулду.
  • АКШ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө САСЫК ТУМООГО каршы жардам иретинде 105 миң дозалык вакцина тапшырды.
  • Орусиянын Мамлекеттик Думасынын "Адилеттүү Орусия" фракциясы өлкөгө кирген ар бир МИГРАНТ үчүн 5 доллардан 15 долларга чейин салык алууну сунуштады.
  • 2017-жылдын 11 айында Экономикалык кылмыштарга КАРШЫ КҮРӨШҮҮ мамлекеттик кызматы 3 миллиард сомго чапчыган 1395 экономикалык укук бузууларды аныктаган.
  • Чүйдө 23-декабрда 13 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТӨРӨДҮ. Анын организми төрөткө даяр болбогондуктан, операция жолу менен көз жарган. Азырынча ымыркайдын атасы ким экендиги айтыла элек.
  • 2018-жылдын 1-январынан тарта БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТУН баасы 320 сомду түзөт. Бул эски үлгүдөгү ID картанын баасынан 110 сомго арзан.
  • Жалал-Абад облусундагы ОРТО-ТОКОЙ суу сактагычындагы көзөмөлдү Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү боюнча макулдашууну Жогорку Кеңештин депутаттары 3-окууда колдоду.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү бардык МЕКТЕПТЕРДИ 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүнү сунушташууда.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан