СИЗДИН ЖАКШЫ ЖАГЫҢЫЗ

АЯЛ БОЛСОҢУЗ, АНДА СИЗДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫҢЫЗ

  • Эркектерге окшоп эч качан таз болбойсуз.
  • Кандай гана унаанын ичинде болбоңуз, сизге дайыма орун бошотуп беришет.
  • Машинаңыз менен жол эрежелерин бузуп же дагы башка себептер менен МАИчилерге кармалсаңыз да, көз кысып, кылыктанып жатып алардын торунан оңой эле кутулуп кете аласыз.
  • Базарларды, дүкөндөрдү кыдырып соода кылуу сизге кубаныч, эргүү алып келет.
  • Эркектер болоор-болбос нерселер үчүн, мисалы, кимдир бирөө жөөлөп кетсе же катуу айтса аны менен мушташа кетип жабыр тартышат. А сиз болсоңуз антүүнүн ордуна жөн гана ыйлап аласыз.
  • Эркектер 17 жашында эле сексуалдуулук жактан өнүгүп, калыптанып бүтүп калышат. Ал эми сиздин сексуалдуулугуңуз тынымсыз өнүгүп отуруп, 36 жашка чыкканда гана калыптанып бүтөт. Мунун артыкчылыгы: өзүңүздү узакка чейин жаш сезесиз.
  • Эркектерге караганда айымдар түрмөгө аз түшөт. Демек, бул кылмыштуулуктан, ар кандай терс көрүнүш­төрдөн алыс жүрөөрүңүздү билдирет.
  • Орточо эсеп менен эркектер 74 жашка чейин жашашса, айымдар 80 жашка чейин өмүр сүрүшөт. Бул да сиз үчүн кубанычтуу нерсе.

ЭРКЕК БОЛСОҢУЗ, АНДА СИЗДИН АРТЫКЧЫЛЫГЫҢЫЗ

  • Кимдир бирөөнүн жаман жагын көрсөңүз же байкасаңыз, аны башкаларга ушактабастан дароо анын бетине айтып коё аласыз.
  • Айымдарга караганда көп иштеп, айлык акчаны көп табасыз.
  • Конокко же кызматка бараарда айымдарга кийинип, жасанып, бир топ убакыт даярданыш керек болсо, сиз мындай убаракерчиликтен тышкарысыз.
  • Айымдар эки жакка чыкканда дайыма сумка көтөрүп жүрүшсө, сиз бардык нерселериңизди чөнтөгүңүзгө эле салып аласыз.
  • Бой-келбетти сактап, жагымдуу көрүнүү үчүн айымдарга азыраак тамак ичүүгө туура келет. Ал эми сиз тамакты каалашыңызча ичсеңиз да, дайыма жагымдуу бойдон кала бересиз.
  • Негизинен, айымдардын организми семирүүгө көбүрөөк ылайыкташкан. Ал эми сиздики андай эмес.
  • Айымдардан айырмаланып, эркектердин дааратканаларынан эч качан кезек күтүүгө учурабайсыз.
  • Айымдарга караганда көпчүлүк эркектердин бою узун экендиги да сиздин артыкчылык.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nur45
2014-11-05 21:28:11
Эн негизгисин унутуп калыпсынар го Супер Инфо... Албетте тамаша!
0
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан