2018-жылга караган алгачкы түнү Чүй облусундагы Беловодск айылында үрөй учурган кылмыш катталды. Бет капчан кирген каракчылар үйдөгү 2 аялды атып өлтүрүшүп, ал эми үй ээсине оор жаракат келтиришкен. Каракчылар 100 миң сом акча менен алтын зер буюмдарды алып из жашырышкан. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 3 адам кармалды.
“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЖАНЫНАН ДАЛИЛ БУЮМДАР ТАБЫЛДЫ”
Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Назира Имангазиева окуя тууралуу буларды билдирди:
– 2018-жылдын 1-январында таңкы саат 4 жарымдар чамасында Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде ок атуучу курал колдонулган кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Моcква РИИБинин ыкчам иликтөө тобу айтылган дарекке барып, 2 аялдын жансыз денеси жаткандыгына күбө болушкан. Алар ошол эле үйдүн тургундары 69 жаштагы К.М. жана анын 45 жаштагы П.И. аттуу кызы болгон. Ошондой эле 45 жаштагы П.В. аттуу үйдүн кожоюну алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Кылмыш болгон үйдөн 12-калибрдеги ок атуучу куралдын 3 гильзасы табылган.
Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр белгилүү болгон: 1-январь күнү болжол менен таңкы саат 4төр чамасында бет капчан белгисиз адамдар жабырлануучулардын үйүнө киришкен. Алар үй ээлерине ок чыгарып, үйдөн 100 миң сом акча жана зер буюмдарды алып, из жашырып кетишкен. Натыйжада эки аял тийген октон каза таап, үй ээси ооруканага жеткирилген. Кылмыш болгон убакта үйдө каза болгондор менен жаракат алган адамдан сырткары үй ээсинин 3 айлык небереси да болгон. Ага каракчылар зыян келтиришкен эмес. Үй ээсинин 2 кызы ошол түнү досторун куттуктоо үчүн кетишкендиктен, үйдө болгон эмес.
Бул кылмыш боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектелип 19 жаштагы Т.Н., 20 жаштагы Д.К. жана 23 жаштагы К.В., 1998-жылкы Л.В., 1985-жылы туулган К.Р., 1985-жылкы Ш.М. аттуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 6 тургуну кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан кылмышка далил буюмдар: уурдалган 90 миң сом акча, зер буюмдар, ок атуучу курал табылган. Андан сырткары алар кылмышта пайдаланган автоунаасы атайын унаа токтотуучу жайга токтотулган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул кылмышка катышкан дагы башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатат.
“3 АЙЛЫК НАРИСТЕГЕ МЫЛТЫК ТАКАП, АТАСЫНАН АКЧА БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШЫПТЫР”
Биз кылмыш болгон жерге барып маркумдардын кошуналары менен маектештик. Коңшулары ошол түнү мылтык үнүн угушпагандыгын жана эч нерсе байкашпагандыгын айтышты. Мылтык үнүн байкабаган себебин, ошол түнү баары эле салют атып чыгышканы менен түшүндүрүштү. Ал эми маркумдун Иван Иванов аттуу кошунасы төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кошунам миллионер деле эмес, болгону өзүнө жетиштүү жашачу. Ал чочко багып, сатып оокатын кылып келген. Укканыма караганда, 1-январь түнү саат 4төр чамасында кимдир бирөөлөр кошунамдын эшигин каккылаптыр. Жубайы “курбуларын куттуктоо үчүн кеткен кыздарым келген окшойт” деп эшикти ачканда бет капчан каракчылар ошол замат аны башка атышыптыр. Ал үйдүн коридоруна чейин жетип жерге жыгылган. Андан кийин каракчылар анын апасын да атышкан. Ары жактан чыга калган Владимирди коркутуп, акча берүүсүн талап кылышкан. Үйдө ошол учурда алардын 3 айлык небереси да бар экен. Кошунамдын улуу кызы былтыр турмушка чыгып, 3 ай мурун төрөгөн эле. Кылмышкерлер ымыркайдын башына мылтык такап, эгер акча бербей турган болсо, наристени атып салышарын айтышыптыр. Ошондо Владимир айла жок аларга 100 миң сомдой акча бериптир. Акчаны алган каракчылар Владимирдин да башына атышыптыр. Ал бир топтон кийин өзүнө келип, милицияга окуя тууралуу кабарлаптыр.
Ал күнү майрам болгондуктан салюттар тынбай атылып жаткан да, ошондуктан биз деле мылтык үнүн уккан эмеспиз.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg