Кыргыз эстрадасында “Махабатым”, “Сезим” жана башка ырлары менен таанылып, учурда патриоттук ырларга басым жасаган ырчы Акбар Сүйүнбаев Жаңы жылда “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тагынды. Наамды татыктуу эле алдым деген Акбар Сүйүнбаев: “30-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чакырышып, мага төш белги тагышты. 12 жылдык эмгегимдин бааланып, биринчи жолу мамлекеттик наам алганыма аябай кубандым. Сахнага мени менен тең чыккандар наам алып жатканын көрүп, 2 жыл мурун документтеримди тапшырган элем. Жаңы тапшырганда кайсы күнү берет деп аябай күткөм. Кийин күтпөй деле калгам. Быйыл жыл жыйынтыкталып жатканда төш белги тагынып каларым күтүүсүз болду”,- дейт.
Белгилей кетсек, Акбар Сүйүнбаев ырчы катары гана эмес, актёр катары да “Классташтар”, “Достор”, “Понт” деген тасмаларда роль жаратып, 3 тасмага саундтрек жазган. Мындан тышкары ыр, обон жазып келет.