БАЯСТАН СҮЙҮКТҮҮСҮНӨ СӨЙКӨ САЛДЫ

Популярдуу рэп ырчысы Баястан Жаңы жыл алдында сүйлөшкөн кызы, бийчи Зульфияга сөйкө салды. Бул жаңылыгы менен ал өзүнүн интернеттеги өздүк баракчасына бөлүшүп “Мына, баары бүттү” деген билдирүү калтырган. Кайда болбосун жетелешип жүргөн Баястан менен Зульфия көптөн бери жаштардын сүймөнчүк түгөйлөрүнө айланып келет. Баястан сүйүктүүсүнө арнап “Жарашат” ырын да бекеринен арнабаган экен деп калдык.
“Зульфия экөөбүз концерттен таанышканбыз. Ал абдан жөнөкөй. Жакында эле кыргыздын салты менен сүйүктүүмө сөйкө салып койдук. Кудай буюрса, той болор күн алыс эмес. Жакшылыгыбызды сөзсүз сиздер менен бөлүшөбүз”,- деп Баястан кубанычын бөлүшө кетти. “Жарашат” аттуу ырындагы “Эми жашай албайм сенсиз, түбөлүккө болгун меники...” деген саптарында айтылгандай, эки жаш эми түбөлүккө бирге бактылуу болсун деп тилейбиз.
Баястандын сүйүктүүсү Зульфияга сөйкөнү рэпердин бир тууган агасы, клипмейкер Мирлан Саткымбаевдин жубайы салды.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Saara.kg
2018-01-09 11:32:16
Ммм
+6
kelemdedin
2018-01-09 11:38:23
Бактылуу болгула эми не дейбиз
+2
nurperi8981
2018-01-09 12:18:15
Эмнеге баястандын мамасы салбады сойкону?
+7
akmat
2018-01-11 04:07:09
nurperi8981, сойко салгана барганда апасы барбайт менин билишимче, женеси салат!
+3
Begaiko
2018-01-09 17:29:24
Ошондо Баястан Саткымбаев турбайбы
+5
Alibay
2018-01-11 11:19:53
Инстаграммды ээлешет ушулур
0
sunu2015
2018-01-11 11:53:47
Бактылуу болгула эки жаш
+1
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан