Режиссёр Ырыс Жоомартова режиссёрлук жумуш менен катар эми актёрлорду таптоого өттү. Бул тууралуу режиссёр айым: “Жакында түрдүү курактагы актёрлукка шыгы бар адамдар үчүн атайын актёрлук чеберчилик боюнча 6 айлык курстарды ачып жатам. Каалоочулар айына 5 миң сом төлөп окуп кетсе болот. Курстарда тажрыйбалуу мугалимдер сабак өтүшөт. Кызыгы, менин курсумдан сабак алган окуучуларды өзүм кинолорума тартам”,- дейт. Көптөн бери киного тартылгыңыз келип жүрсө, анда Ырыс Жоомартованын окуу курсуна келиңиз! Курска кабыл алуу 13-январда, саат 14:00дөн 18:00гө чейин болот.
Байланыш телефону: 0703 361313