Ырчы Айнура Салахидинова жана жолдошу уулдары Дари жана Бекханды 4-январь күнү сүннөткө отургузуп ата-энелик парзынын биринен кутулушту. Ырчы: “Негизи шариатта баланы жаңы төрөлгөндө эле отургуза берсе болот экен. Бүгүн балдарымды сүннөткө отургузганы дарыгерге алып барсак ал “жаңы эле 7 күндүк наристени сүннөткө отургуздум” деди. Менин балдарым жакында улуусу Дари 5ке, кичүүсү Бекхан 3кө чыгышат, биз өз убагында эле отургуздук окшойт. Бирок чоңойгон сайын баарын түшүнүп калышат да, ыйлашса жүрөгүм ооруп жатат”,- деп билдирди.