Жаңы жылды бардык адам жакшы тилек менен жагымдуу атмосферада тосууга аракет кылат. Кирип келген Ит жылын сахна жылдыздары кандай жана кантип тосушканын өздөрүнөн сурап көрдүк.
Дайыр Исмадияров, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДА КЫМБАТ БААЛУУ ТЕЛЕФОН УТУП АЛДЫМ»
– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан жылдагыдай эле жакындарым менен тостум. Жаңы жыл алдында айылга барып, андан соң апам “Жаңы жылды Оштон тосом” дегенинен 28-декабрда аны Ошко жеткирип, өзүм Бишкекке келдим. 31-декабрга чейин корпоративдик кечелерде иштеп, Жаңы жыл күндү эс алууга өзүмө арнадым. Ал күнү күндүз туугандарымды куттуктап чыктым. Жылдагыдай эле Аяз атанын кийимин кийип жээндериме, ини-карындаштарыма белек берип кубанттым. Кечинде өкүл балдарым жана досторум менен борбордогу түнкү клубдардын бирине барып эс алдык. Түнкү клубга кирип баратканда билет менен кошо ар бир кардарга лотерея берген. Кече ортосунда уюштуруучулар Samsung Galaxy S6 телефонун ойнотушуп, аны ошончо кишинин арасынан мен утуп алдым. Негизи 1 калем утуп алсаң деле кубанасың го, кымбат баалуу уюлдук телефонду утканыма маанайым көтөрүлдү. Жаңы жыл күнү ар бир адам эле өзүнө жакшылыктарды тилейт эмеспи, мен да бул жылы алдыма көп максаттарды койдум.
Алиша Диа, актриса: «БЕНГАЛ ШАМЫН ЖАГАМ ДЕП КИРПИГИМДИ КҮЙГҮЗҮП АЛДЫМ»
– Негизи быйылкы Жаңы жылды чет өлкөдөн тосоюн деген жакшы ойлор бар эле. Тилекке каршы ал оюм ишке ашпай калды. Туугандар чогулуп, Жаңы жылды ата-энемдин үйүнөн үй-бүлөлүк жакшы маанайда тостум. Быйыл жаңы рецепттер менен жаңы тамактарды, салаттарды жасап көрдүм, туугандарыма жакты окшойт. Туугандар баарыбыз “мафия” ойнодук. Саат 12ге жакын эшикке чыгып салют аттырганыбыз баарынан кызык болду. Салютубуз тескери карап калган экен, кайра бизди көздөй атып, баарыбыз туш тарапка качып жүрөбүз. Мен бенгал шамын жагам деп кирпигимди да күйгүзүп алдым.
Самат Эркинбеков, тамашоучу, актёр: “АЯЗ АТАДАН ЖАҢЫ ДОЛБООРЛОРДУ СУРАДЫМ”
– 30-декабрга чейин жаңы жылдык кечелерде иштедим. Элди эс алдырып бүткөн соң 31-декабрда өзүм да эс алайын деп Ак-Өргөдө бала кезден чогуу өскөн классташ досторум менен Каракол шаарына кеттик. 7 жылдан бери кышкысын лыжа тебем. Көптөн бери Жаңы жылды Караколдогу лыжа базасында тосууну кыялданып жүргөм. Кыялым орундалып үй-бүлөм менен, досторум менен жакшы тилектерди бири-бирибизге айтып, ойдогудай тостук. Ал жактан тамашоучу Жаныш, Эрмектерге, “Жарайт Ситинин” балдарына жолугуп калдым. Анан Жаңы жыл күнү ушул жылы жаңы долбоорлорду, жакшы тасмаларды Аяз атадан сурадым.
Назми, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА КАЙНЕНЕ БОЛДУМ»
– Жаңы жылдын алдында улуу кызым Алина турмуш жолуна аттанып, Таласка келин болду. Кудалар ачуу басар менен үйгө келишти, аларды коноктоп жакшы узатып алдык. Жаңы жыл ошентип жакшы иш менен башталды. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан ар жылы жолдошум, балдар болуп үйдө тособуз, бул жылы да ошенттик. Өзүбүз эле үйдө дасторкон жайып, балдарыбыз-кыздарыбыз салат жасашып, манты түйүшүп жардам беришет. Андан соң сыналгыдан жаңы жылдык берүүлөрдү, концерттерди көрөбүз, бири-бирибизге каалоо-тилек айтабыз. Достор дайыма бир жакка барып чогуу отуралы деп чакырышат, бирок жолдошум ага эч ынабайт.
Ошондой эле Роза Шакирова Жаңы жылды шеринелештери менен, Санжар Мыкыев үй-бүлөсү менен тоодо, Аваз Акимов достору менен караокеде ырдап, Нурлан Насип өзүнүн жаңы үйүндө ата-энеси, туугандары менен тосту. Ал эми Гүлжигит Калыков досу, тамашоучу Кубат Кубанычбеков келинчеги менен үйүнө конокко келип, алар менен тосконун, эртеси достору менен чогуу лыжа тебүүгө Каракол шаарына кеткенин айтат. Быйыл жаңы жылдык каникулда чет өлкөгө эс алууга кеткендер да көп болду. Айрымдарын атай кетсек, Эрмек Нурбаев АКШда, Айымжан Айылчиева, Нурмат Садыров, Эдил Маматовдор Түркияда, Токтобек Асаналиев Дубайда, Алмаз Шаадаев Орусияда өткөрүштү. Жаңы жыл алдында Айдана Дека менен Аваз Акимов Түркияга барып мекендештерибизге концерт коюшса, Гүлнур Асанова Малайзияга барып ден соолугун чыңдап келди. 2018-жылдын алгачкы күндөрүн Сапар Эркебаев Таиландда, Анжелика Балиде, Нияз Абдыразаков Кипрде эс алуу менен өткөрүп жаткан чактары.
Асхат Субанбеков
star@super.kg