ӨМҮРБЕК БАБАНОВ: «САЯСАТТАН БИРОТОЛО КЕТТИМ»

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, депутат Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кетип жатканын жарыялады. Бабанов мындай билдирүүнү Жаңы жыл алдында, 30-декабрь күнү жасады. «Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен биротоло кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот»,- дейт РАЖдын лидери.
Кечээ «талапкерлердин баарына бирдей мамиле-шарт түзүлбөдү» деп, бул үчүн бийликти жана анын башында турган Алмазбек Атамбаевди сындап жаткан Бабанов кайрылуусунда президенттик шайлоо демократиянын жана атаандаштыктын негизинде өттү деп ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевди мактады. Командалаштарын куугунтукка албоону суранган Өмүрбек Бабанов мындан ары бизнес менен алектенерин айтты.
«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары «Бабанов президенттик шайлоодо жеңилсе саясаттан кетерин мурун эле билдирген» деп лидеринин аброюн сактап калууга аракет кылышууда. Өлкөнү дүйнөнүн ылдам өнүгүп жаткан 10 өлкөсүнүн катарына кошмокчу болгон Бабанов максаттарынан бат эле баш тартып койгонун тарапташтары түшүнө албай, нааразы болгондор да көп. Азырынча анын мандаты кимге берилери айтыла элек. 4-январда жумушка чыккан БШКнын мүчөлөрү Бабановдон арыз түшө электигин билдиришти.
Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев Бабанов саясатка кайра келиши мүмкүн дейт. «Менин билишимче, бул киши ушуну менен экинчи жолу "саясаттан кеттим" деп жатат. 2007-жылы да "мен саясаттан кеттим, чарба иштери менен алек болом" деген эле. Эми деле убагы келгенде саясатка кайтышы мүмкүн»,- дейт Масалиев.
2007-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесин жетектеп чыккан Өмүрбек Бабановдун кош жарандыгы бар деген айыптоо башталган. Ал окуя Бабановду шайлоодон баш тартууга мажбурлап, «саясаттан кеттим» деп айтып чыккан. Бирок анын «саясаттан кетүүсү» 2009-жылга чейин гана уланган. 2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен биринчи вице-премьер министрликке дайындалган.
Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине негизги атаандаш болуп, президент баш болгон бүткүл мамлекеттик машина менен күрөшүп, шайлоодо экинчи орунга чыккан. Ошто шайлоочулар менен жолугушууда айткан сөзү үчүн ал «улуттар аралык кастыкты козутуп, конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасады» деп айыпталып, кылмыш иши козголду. Тергөөнү УКМК жүргүзүүдө. Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан