Премьер-министр Сапар Исаков 30-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун ачылышына катышты. Быйыл калың кар декабрдын аягында жааганына байланыштуу 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезон кечирээк башталды. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, кышкы туризм үчүн өлкөгө келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүүдө. «Быйылкы лыжа тебүү мезгили мыкты болот деп ойлойм. Эс алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз»,- деди Исаков. Өкмөт башчы Кыргыз өлкөсү кышкы туризм боюнча ири потенциалга ээ экенин айтып, бул багытта алгылыктуу иштер жасалышы керектигин кошумчалады.