ИИМ ОЮНАН КАЙТТЫ: ОҢ РУЛДУУ АВТОУНААЛАРДА ЖҮРГҮНЧҮ ТАШУУГА УРУКСАТ

Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларда жүргүнчү ташып иштөөгө 2018-жылдын 1-январынан тарта тыюу салууну караган мыйзамды артка кайтарып алды. Аталган мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу жоопкерчилиги Транспорт жана жолдор министрлигине берилди. Буга чейин ИИМ «оң рулдуу автоунаалар катышкан жол кырсыктары көп болуп жатат» деп, 2018-жылдан тарта андай унааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салууну сунуштаган. Бирок бул аракет рулу оң тарабында жайгашкан унааларда жүргүнчү ташып үй-бүлөсүн багып жаткан жарандардын нааразычылыгын жараткан эле. Эксперттер жол кырсыктарын мындай тыюу менен азайтуу мүмкүн эместигин, маселе жалпы комплекстүү иш-чаралардын негизинде гана чечилерин айтып келишет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан