БИР БҮРКҮМ. МИГРАНТТАР БЫЛТЫР БАТКЕНГЕ ЭҢ КӨП, БИШКЕККЕ ЭҢ АЗ АКЧА КОТОРДУ...

  • Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылы чакан НАСЫЯ алган жарандардын саны 21 пайызга өстү. Ал эми кредитти кайра төлөй албай жүргөндөрдүн карызы 12 миллиард сомго жеткен.
  • Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат ЖЫРГАЛБЕК КАЛМАМАТОВ 45 жашында инфаркттан улам каза болду.
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 37 жаштагы РЕНАТ ТҮЛӨБЕРДИЕВ дайындалды. Ал буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгында жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал эми аталган фондду буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп келген.
  • «КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ» мамлекеттик ишканасы Өзбекстандын "Өзбекстан темир жолдору" мекемеси менен кызматташуу боюнча келишим түздү. Ага ылайык, 2018-жылдан тарта жаңы темир жол каттамдары ачылып, биргеликте оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ата Журт» партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН бир тууган агасы Жаныбек Ташиев көз жумду.
  • "Британиялык Backpacker Коому" British Backpacker Society») уюму Кыргыз өлкөсүн ТУРИЗМ үчүн кызыктарга бай мамлекеттердин катарына кошту. Тизмеде 20 мыкты өлкөнүн ичинен Кыргыз мамлекети 5-орунга, ал эми Өзбекстан 19-орунга илинген.
  • 2017-жылдын 10 айында Кыргыз өлкөсүнө МИГРАНТТАР 2 миллиард 83,6 миллион доллар которду. Бул сумманын эң көбү Баткен облусуна которулса, эң аз акча Бишкектин тургундарына келип түшкөн. Маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
  • КАРА-БАЛТА шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 8 партия арыз берди. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28-январында болуп өтөт.
  • Кыргыз өлкөсүндө Жаңы жыл түнү 309 ЫМЫРКАЙ төрөлдү. Анын 141и уул, 168и кыз.
  • 2018-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагында ТАМЕКИНИН БААСЫ кымбаттады. Жыл сайын анын баасы 10 сомго кымбаттап турат. Учурда эң арзан тамекинин бир кутусу 40 сомду түздү.
  • Кыргыздын ДАРЫГЕР-УРОЛОГДОРУ эркек киши 25-30 жаштын тегерегинде үйлөнүүгө бардык тараптан даяр болорун айтышты.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан