реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
792   793  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№792 5-11-январь


(Башталышы өткөн сандарда)

Жамиля ойлору менен алышып жатты. Чын эле уулуна мээримден башка эмне бере алат? Коомдогу ордун кантип таап бере алат? Бакыт байлыкта эмес дегени менен, жашоонун эң чоң запкысы да акча жоктугунан экенин өз жон териси менен сезбеди беле. Эмрени бул мураскерликтен ажыратканга акысы барбы? Ошол убакта Данияр байкеси да байланышып Алибек жакын арада балалуу боло турганын айтты. «Бүттү! Демек, мен анын жашоосунан чыктым. Мен Алибек үчүн эч ким эмесмин. Жакында ата болот. Уф, анда эмнеге менин жүрөгүм мынча ооруйт? Эмнеге кызганычтан жинди болуп жаным кашаят? Бүтсүнчү бул азап. Токтосунчу. Алым калбады».
Ыйлады, адатынча үнсүз, дабышсыз. Апакай жүзүндө бермет тамчылары...
– Дагы эмне болду?- деди Керем так маңдайына келип. Көз жашын аарчый берип ал түз тиктеди. Көздөрүндө мурункудай жек көрүү жок эле.
– Сен менин артымдан канча адам койгонсуң? Эмнеге сенден жашына албайм? Эмне кылсам да алаканыңдамын.
– Жашынбай эле бакчанын так ортосунда отуруп алып ыйлап жатасың. Жөн гана өтүп баратып көрдүм. Көзүмдү таңып өтүшүм керек беле? Болуптур, эмне болду дагы?
Көңүлү сыздап турган. Дартын бирөөгө айтпаса жарылып кетчүдөй.
– Ал жакында ата болот экен.
– Хм, үйлөнгөн адамдар балалуу болот да. Анын эмнесине мынчалык көз жаш төктүң? Бүгүн болбосо эртең баары бир боло турган иш болчу, менимче.
– Мен анын балдарынын энеси боло турган адам элем. Мен! Башка бири эмес. Түшүндүңбү?- жаалдуу тигилди ал.
– Экөөбүз балдарыбыз тууралуу эчен кыялданчубуз. Атүгүл аттарын да койгонбуз. Эки кыз, эки эркек болмок.
– Ошончо көппү?
– Биз ошентип кыялданчубуз. Кыздарыбыз мага, уулдарыбыз ага окшош болмок. Чакан үйүбүз, чарбабыз болмок. Күнүгө мен аны жумушка узатып, кайра тосуп алмакмын. Тынчтык, бейпилдикте күн өткөрөт элек. Биз кыялданган балдарды эми ага башка аял төрөп берет. Мага да окшош болбойт анын кызы. А менин уулум ага окшобойт. Мен бул коргондо өмүрүм өткөнчө жалгыз жашаганга мажбурмун. Ахмед менен. Дартымды, арманымды түшүнбөгөн бир чоочун адамдарга үй-бүлө болуп жашап өтөм. Бул акыйкатсыздык эмеспи сенин оюңча?
Жамиля алдында ким отурганын деле унутуп калгандай. Күлүп, көз жашын сүртүп, көзүн жумуп айтып берип жатты. Керем сөзүн бөлбөй укту. Алдында отурган аялдын сырткы сулуулугуна кызыкканы чын. Бирок мындан сулуу аялзатын көрбөптүрбү? Көргөн, сулуулардын ар түрдүүсүн колдон өткөрдү го. Алардын кимиси эсинде калды да, кимиси жүрөгүндө калды? Ак сөөгү, Гарвардды бүтүргөн акылдуусу, Стамбулдун элитасын багындырган арстан, жолборсуна чейинки аялдарды көрдү. Келип ушул жөнөкөй кыргыз кызга багынган жүрөктү айт. Мунун айтып берип жатканын сааттар бою уккусу келгенин айт. Кызыгың түшкүр, кимдир бирөөгө айтып берсе ишене албаган нерсе эмеспи бул. Бирок... Саатын карап алды.
– Шашып жатасыңбы?
– Ооба, Москвага учушум керек. Иштер менен,- деди ал сырдуу жылмайып.


ххх


Терезеден Жамиля менен Керемдин чогуу отурганын көргөн Шерифе планын шашылыш ишке ашырыш керек экенин туйду. «Аз калды, жакында...» деди кекене.
Жамиля чочуп ойгонду. Бир дабыш угулгандай, бирөө кыркырап жаткандай сезилди. Ыргып туруп Ахмеддин бөлмөсүнө баш бакты. Ал керебетинен кулап түшүп, эки колу менен тамагын кармап кыркырап жерде жаткан экен.
Чочуп кетип кыйкырып жиберди.
– Ахмед!
– Кх, кх...- дегенден башка эч бир нерсе айта албады.
– Жардамга! «Тез жардам»!- деп бакырып жиберди Жамиля.
Заматта бөлмөгө киши толуп кетти. Доктур жасалма дем алдырып, жүрөгүнө массаж жасай баштады. Баары үмүт менен тиктеп турушту. Бирок...
– Башыңар соо болсун!- деди ал калтыраган үнү менен Ахмеддин ачык калган көздөрүн жаап. Эсма ханым эсин жоготуп, кимдир бирөөлөр чаңырып ыйлап жатышты. Жамиля эмне кыларын билбей баласынын бөлмөсүнө карай чуркады.
– Эне, бир нерсе болдубу?
– Жок, коркпо арстаным, эч нерсе болгон жок.
Уулун кучагына кысып таң аткыча отурду. Ахмеддин өлүмүнөн кийинки жашоосу кандай болот, ага таптакыр белгисиз эле.


ххх


Так аэропорттон жаман кабар укту Керем.
– Сизге кантип айтарымды билбей турам,- деди жардамчысы Эге.
– Эмне болду, Жамиля качтыбы? Эмрени алып качтыбы? Сүйлө, Эге!- деди ал өктөм.
– Жок, иниңиз Ахмед... Каза болду.
– Эмне-е?
– Жарым саат мурун үзүлдү.
Кимдир бирөө башка чапкандай туруп калды. «Кантип? Ахмед...»


ххх


Үйдүн жанына полициянын машинасы келгенде Жамиля бакчада уулун ойнотуп жаткан эле. Жакын келген полиция кызматкери өктөм үн катты.
– Жамиля Тунжа сизби?
– Мен.
– Ахмед Тунжанын өлүмүнө шектелүүдөсүз. Биз менен жүрүңүз.
– Кандайча? Менби?
Алдастап кетти. Чуркап келип кучактай калган уулун аркасына жашыра берди.
– Эне, булар эмнеге келди?
– Билбейм, уулум.
Ары жактан Керем келди.
– Керем мырза, келиниңиз иниңиздин өлүмүнө күнөөлөнүүдө. Экспертизанын жыйынтыгында анын дарысына ууландыруучу зат кошулганы анык болду. Ал эми дарыны берген адам... Жамилянын көздөрү бакырайып кетти. Аалам аңтарылып, жер теңселип кеткендей болду. «Уулум эмне болот?» деп жатты жан дүйнөсү чыркырап.


ххх


Шерифе бардык аракетин жасап жатты. Журналисттерге да алдыртан кабар берилип, прессага да чыгып кетти. «Мураскерди ууландырып өлтүргөн кыргыз айым». "Белгилүү компаниянын мураскери Ахмед Тунжаны аялы өлтүрдүбү?» деген макалалар жайнап кетти. Уу-дуу кеп. Иш уламдан-улам оорлошуп бара жатты. Интернеттен Кыргызстанга да угулду. Данияр элчиликтеги адамдардан улам анын Жамиля экенин билди. Кабинетине кирип келген Алибектин да эмнеге киргенин айттырбай түшүндү.
– Кабарды уккандырсың?- деди Данияр Алибекке.
– Уктум.
– Эмне кылганы жатасың?
– Стамбулга жөнөйм.
– Сен барганыңдан ага бир жардам болот деп ишенесиңби?
– Билбейм, бирок бул жерде отура албайм. Элчиликтеги кишилер менен сүйлөштүм. Билет да алдым. Болгону...
– Эмне болгону?
– Диана кош бойлуу, билесиз. Мен ага айта албай жатам. Баласына залал келиши мүмкүн.
– Баатыр, жакшы ойлонуп иш кыл, азыр кызуу кандуулукка алдырып жатасың. Барганда колуңдан эмне келмек? Бул иште чаташкан нерсе көп болчудай дешти. Апасы да Орусияда имиш.
– Мен Жамилянын жанында болушум керек. Бир билгеним ошол. Билем, акылсыздык кылып жатам. Бирок барбасам болбойт. Ал мени күтүп жатканына ишенип турам. Анын ак экенине кандай ишенсем, мени күтүп жатканына да дал ошондой ишенип жатам. Бул жактагы прессалардан макаланы алдырып салууңузду сурайм. Билесиз, билип-билбей баары бул окуяны жазышат, анын атынын булганышын каалабайм.
– Макул.
Алибек жумушунан чыгып түз эле үйүнө барды. Азыр жубайы жаркылдап чыгып моюнуна асыларын билип, ага эмне деп айтып, кантип түшүндүрөрүн билбей жатты. Баарынан кыйыны анын көздөрүнө тиктеш эле. Акыры машинадан чыгып үйүнө кирди. Жок, бул жолу моюнуна асылып тосуп албады. Бир нерсени күткөндөй коркуп тиктеп турду...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
Комментарийлер(31)
09.01.2018. 09:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-07-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 16:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз эле го
09.01.2018. 10:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-12-2017
Соӊку аракети:
18-01-2018 14:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2 чи деп койбоймунбу
09.01.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
19-01-2018 02:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Эээээх дагы бир жума кутоом,
09.01.2018. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
20-01-2018 07:40
Жынысы:
Белгисиз
+16
1инчилер жокко. Же Арсенге ыйлап отурушабы
09.01.2018. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
20-01-2018 11:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+2
Журогум ооруп кетти го. Эхх Жамиля...
09.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
09-01-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз((
09.01.2018. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
17-01-2018 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
дагы 1жума(((
09.01.2018. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
19-01-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахмед жаткан жерин жайлуу болсун.
09.01.2018. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
20-01-2018 14:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак Монгулуу Ала Тоо
+1
aika2015,)) )) жылмайдым аргасыз
09.01.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
18-01-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
aika2015,
09.01.2018. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
17-04-2014
Соӊку аракети:
20-01-2018 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул чыгармада чыныгы турмуш жазылганбы ?
09.01.2018. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шерифе аябай кучтуу аял экен, эми Жамиляны коп кыйнайт болуш керек
09.01.2018. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+15
Арсендин менен Ахмедин мезгилсиз ааламдан отконуно сериялчыларга терен кайгыруу менен конул айтам)))(тамаша) эми Керемдин кезеги сууруп чыгат ошол койгойдон. Анан Шерифени камака отургузуп озу Жамиля менен уулун алып бир жака кететда. Керем менен калса экен кантсе да уулунун оз атасы. Ар кимдин атасы озуно жаман болсо да.
09.01.2018. 15:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-10-2017
Соӊку аракети:
20-01-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aitun, жакшы конул айтыптырсыз ))
09.01.2018. 21:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
20-01-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aitun,кечиресиз Тушундуро кетинизчи кайсы Арсен каза болду? Рахмаат кененирээк тушундурунуз
10.01.2018. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
daniel87,берки сериялдагы Арсен олду. Ошого конул айтып атам
09.01.2018. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
18-01-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Эхх
09.01.2018. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
18-01-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Жамиляны кууратты го
09.01.2018. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
224
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
19-01-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамилаааааааааааааааа
09.01.2018. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
18-01-2018 23:02
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аборт кылып койду окшойт
10.01.2018. 03:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
13-04-2017
Соӊку аракети:
20-01-2018 13:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жактын аягы :уйдон камера тартып калат шерифе уу бергенин. Ошондо шерифени турмого кетет. Керем болсо жамиляны куткарат . Жамиля ага жалдырайт куткар деп. Керем шарт коет мага уйлон деп аргасыз макул болот.ошентип тунжа фамилянын мураскери баласы болуп калат. А арзуу кызын таап жамиляга келет. Ошентип апасынын жанына келип турат жамиля .Алибек да балалуу болгон сон диананы суйуп калат.жамиля да керем Ди суйуп баштайт
10.01.2018. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-09-2017
Соӊку аракети:
17-01-2018 12:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
love.me.again,Ошо силер эле жазып турнуоачы крп коптон ))
10.01.2018. 05:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-09-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 13:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор Арсенди олтургондой,Жамила олду Керем Шерифе менен калды деп бутурбосо эле болду.
10.01.2018. 10:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-12-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Tumar83, туура айттыныз. Ошентип эле бутурбосо болду.
10.01.2018. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
19-01-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Tumar83, эки сериалдын авторлору багка да))Бироонуку Жанбараков экинчиси Айлин
10.01.2018. 23:50 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-01-2018
Соӊку аракети:
17-01-2018 05:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиля Керем менен калса жакшы эле
12.01.2018. 01:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
18-01-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
0
Көчөдө калчуу адам экенсиң Алибек.
12.01.2018. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
23-08-2017
Соӊку аракети:
20-01-2018 12:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Тигинисин окуп келгиче Ахмед да олуп калган тура эми Жамилянын коргон куну кантет
12.01.2018. 12:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
17-01-2018 17:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Алибек менен Жамилия калса жакшы болмок
15.01.2018. 08:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
15-01-2018 18:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии дагы ким менен ким калса жакшы болот. Айта бергиле мен окуй берейин
15.01.2018. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
20-01-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
0
Мен дагы тымпыйыып комментарийлерди окуп коюп олтурам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 6 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 6) бул макалага кирди:

Макалалардын саны:
20128;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: