"Нон-Cтоп" дуэтинин мурунку ырчылары Чолпон Талипбек, Максат Садырбеков: "ДУЭТТИН КУРАМЫН ЖАҢЫРТУУ КОМАНДАНЫН ЧЕЧИМИ БОЛДУ"

«Чексиздик, токтобой иштейбиз» деген стимул менен чыккан «Нон-Стоп» дуэти эми курамын жаңыламакчы. Дуэттин мурунку солисттери Максат менен Чолпон атактуулук үчүн кандай курмандыктарга барышкан? Мындан ары эмне кылышат? Апта каармандары Жаңы жылда жаңы пландары менен бөлүштү.

Максат Садырбеков: «СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМА МЕДАЛЬ ТАГЫШ КЕРЕК» 2009-жылы Бишкекте жаш ырчылар арасында"СуперStar" аттуу сынак болуп өткөн. Сынакка "Супер-Инфо" гезити медиа өнөктөш болуп, долбоордун жеңүүчүлөрү деп Максат менен Чолпон аныкталган.
– Кастинг тууралуу мен М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуп жүргөндө досторумдан уктум. «Музобо» берүүсүнөн Урмат Усенов да "жаш таланттар үчүн жакшы долбоор болот" деп айтып калды. Чынында мындай нерселерге көп ишене берчү эмесмин. Окуу жайга барсам досторумдун баары эле ошол жакта экен. Кастингге келсем "кириш үчүн анкета толтуруш керек" дешти, анысы 200 сом турат экен. Жанымда акчам жок, эжеме чалып "мага акча берип тургулачы" дедим. Маршруттук такси менен барып акчаны алып келгиче эл да азайып калыптыр. Акыркылардан болуп кирип ырдадым. Урмат Усенов шашып жаткан экен, «Максат менен Чолпон мага» деп кетип калды. Калган устаттар да өздөрүнө шакирт тандап, командасы менен сүйлөшүп жатышпайбы. Чопа экөөбүз тиктешип кала бергенбиз (күлүп).
Кийинчерээк Спорт сарайында Мирбек Масалиев, Аскар Бержибаев, биз болуп концертте «Нон-Стоп» деген алгачкы ырыбызды аткардык. 2 жумадан кийин гана жеңүүчүлөр «Супер-Инфо» гезитине жарыяланып, Чолпон экөөбүз Алексейге (ред. Сидоров, топтун продюсери) жолукканбыз. Ошондо продюсерибиз бизге дуэт катары чыгуу сунушун айтып, макулдаштык.
Көбү сүйлөшкөн кызым Айсулууга "медаль тагыш керек" деп айтып калышат. Айсулуу экөөбүз бир корпуста окудук, "Нон-Стоп" дуэтинде ырдап чыга электе эле тааныш болчубуз. Анын туугандары, жакындары тарабынан да «Максат менен Чолпон дайым чогуу жүрөт» деген кептер айтылчу экен. Ага, албетте, жагымсыз болчу. Бирок экөөбүз сүйлөшкөндө «биз бирөөнүн сөзү үчүн эмес, өзүбүз үчүн жашайбыз» деп келишип алганбыз.
Чыгармачылыктын артынан жашоомдо биринчи жолу деген нерселер көп орун алды. Мисалы, 1-жолу сахнага чыктым, 1-жолу чет өлкөнү көрдүм, Кыргызстандын атынан 1-жолу эл аралык сынактарга катышып, 1-жолу аттракционго түштүк дегендей. Санап отурсак 1-жолу деген нерселер сегиз жылдык тарыхыбызда көп экен. Ошондуктан баарына, продюсер, менеджерибизге ыраазыбыз.
Акыркы жолу Грузияга барганыбызда Чолпон экөөбүз тарашыбыз керек экенин, мындан ары чогуу иштеше албай турганыбызды түшүндүк. Жашоодо өзгөрүү болуп турса жакшы эмеспи. Мисалы, узун жолдо кете берсең тажайсың да. Оңго, солго бурулгуң келет дегендей. Анын үстүнө «Жыргал life» берүүсүнө да көп көңүл бөлүп калдык. Экөөбүз тең жеке ырчы катары бышып жетилип калгандыктан өз алдыбызча кетүүнү туура көрдүк.

Чолпон Талипбек: «КАНТИП "НОН-СТОПТОН" КЕТЕМ ДЕП ИЧИМ АЧЫШТЫ»
– «СуперStar» сынагына кастинг жарыяланганда эле мен катышам деп чечкем. Бирок тагдырдын тамашасы менен 1-турдан өтсөм да мени чакырышкан жок. Өзүм кайра-кайра чалып жатып, Алексейге жолуккам (күлүп). Көрсө, анкетамды жоготуп алышкан экен. Сынак бир нече этапта өткөн. Жыйынтыгында Максат экөөбүз бир топто, Урмат Усеновдун командасында ырдадык. Албетте, ошончо жол басып келгенден кийин жеке ырчы катары чыгабыз деген ой бар болчу. Бирок Алексей экөөбүздү чакырып "силерди дуэт кылалы деп жатабыз" деген сунушун айтты, каршы болгон жокпуз. Мен дуэтке 19 жашымда келдим. Чыгармачылык менен жүрүп көп нерседен баш тартууга туура келди. Курбуларым «сен клубдарга барып эс алган жоксуң» дешет, а мен эч нерсеге өкүнбөйм. Ансыз деле жумуш менен ызы-чуулуу, шаңдуу дагы жерлерде көп болобуз. Үй-бүлөм менен чай үстүндө жай отуруп сүйлөшүп эс алганга эмне жетсин?
Чыгармачылыкта жүрүп бала кезден ди-джей болом деген кыялым орундалды. Бир жылдай радиодо Дана Аспарова деген псевдоним менен ди-джей катары эмгектендим. Ал эле эмес, телеалпаруучу катары да калыптандык, «Жыргал life» берүүсү менен жер кездик, дүйнөнүн кызыктуу жерлерин көрдүк.
Дуэт жаңы түзүлгөндө келишимибиз 3 жылдык болчу. Андан кийин 5 жылга узарттык. Дуэттин курамын жаңыртуу команданын чечими болду. Алгач ушунча жыл иштеп «Нон-Стопту» кантип таштап кетем деп ичим ачышты. Баштан-аяк сахнага кадам таштагандан азыркы учурга чейинки күндөрдү көз алдымдан өткөрүп чыктым. Дуэтте жүрүп сапаттуу кийим, сапаттуу музыка менен иштөөгө көндүм. Ал үчүн продюсер, менеджерибизге, командага ыраазычылык билдирем.
«Нон-Стоп» курамын жаңыласа, биз мындан ары өсөлү, өз алдынча чыгалы деген ойдо ушул жолду тандадык. Мындан ары мен жеке ырчы катары шоу-бизнестен өзүмдү табышым керек деген максат койдум. Андыктан ушул кезге чейин келаткан деңгээлди түшүрбөгөнгө аракет кылам.


Алексей Сидоров, дуэттин продюсери: «1000 КАТЫШУУЧУНУН АРАСЫНАН МАКСАТ МЕНЕН ЧОЛПОН ТАНДАЛГАН»
– «СуперStar» 2009-жылы «Тумар» радиосу жана «Экарекордс» студиясы менен биргеликте өткөрүлгөн Кыргызстандагы алгачкы масштабдуу долбоор. Бул азыркы бир катар жылдыздар Бек Исраилов, Нурмат Садыров, Айбек Бакытбеков, Азалия, Айарларга кыргыз эстрадасына жол ачты десем болот. Устаттыкка Урмат Усенов, Бактыгүл Бадыева, Айдин Шер, Ильяз Абдыразаков, Султан Садыралиевдер белгиленип, ар бири жаш ырчыларды карамагына алмак. Кастингде Чолпонду чынында мен байкаган эмесмин. Ал томпок, кичинекей кыз болчу. Аны Урмат Усенов «ушул кызда бир нерсе бар, топко алыш керек» деп айткан. Менин болсо көзүмө Максат түштү. Кыргыз эле жигити, бирок корейлерге окшош, элге кызыгуу жаратмак. Ал учурда Гу Чжун Пё да укмуш чыгып жатпады беле. Биз көп жерде сынак өткөрүп, 1000дей жаштарды угуп, тандалып отуруп Чолпон менен Максатты алганбыз. Кастинг жарыялаганда кыздардан өзүнчө, балдардан өзүнчө топ түзөбүз деген ой бар болчу. Бирок жыйынтыкта Кыргызстанда жаңылык болот деп дуэтке токтолгонбуз.
2010-жылдан тартып «Нон-Стоп» дуэт катары ырларды жаздырып, иштеп башташты. Биз той артисттериндей көп акча тапкан жокпуз. Максатыбыз деле акча табуу эмес эле.
2014-жылы дуэт биринчи жолу эл аралык аренага чыкты. Казанда өткөн 24 өлкө катышкан «Turkvizyon» сынагына катышып, 4-орунду ээлеп калышты. Аябай катуу даярданган элек, 3-орунга бир упай жетпей калганына ичибиз ачышты.


Урмат Усенов, ырчы: «ЧОЛПОН ДАРОО КӨЗҮМӨ УРУНГАН»
– Долбоордун шарты боюнча биз жаш ырчыларды карамагыбызга алып, багыт көрсөтүшүбүз керек болчу. Кастингде Чолпондун өзүнө болгон ишеними дароо көңүлүмдү бурду. Бүгүнкү күнгө чейин эсимде, башка талапкерлерден аткарган чыгармасы да, ишеними да өзгөчө болчу. Максаттын болсо тембриндеги айырмачылык, көзүндөгү оту, каалоосу көңүлүмдү бурган.
Экөө тең азыр көргөн жерден учурашып, мугалимибиз деп сыйлап турушат. Максат мени «Сенсей» деп тамашалап коёт. Дуэт болуп эркек-айымдын көпкө иштешип кетиши кыйын. Максат да, Чолпон да өз кызыкчылыктарын бийик койбогон, ийкемдүү, жөнөкөй адам болгондуктан ушунча иштешти. Экөө мындан кийин да өз алдынча эстрадада ийгилик жарата алышат деп ишенем.


Индира Дүйшөнова, Чолпон Талипбектин апасы: «ОКУУНУ АЯКТАБАСАҢ ЫРЧЫ БОЛБОЙСУҢ ДЕГЕНБИЗ»
– Чолпон кыздарымдын улуусу. Бала чагынан эле зирек болуп чоңойду. Бала бакчада, мектепте окуп жүргөндө кароо-сынактарга катышып, алдыңкы окуучулардын катарын толуктачу. Менин кесибим экономист, банкта иштегем. Кызымдын да мен сыңары банк кызматкери болушун каалап, 9-классты аяктаганда Финансылык техникумга окууга алып келдим. Чолпон көңүлдөнбөгөнүнөн, «экономисттик адисти аяктап, диплом алмайынча ырчы болбойсуң» деген шарт койгом.
Студент кезинде бир күнү «СуперStar» деген сынакка катышайын деп келиптир. Кызымдын каалоосу күч эле, каршы боло албадым. Үйдөгүлөргө билгизбей материалдык, моралдык жактан колдодум. Кызым да ишеничимди актап, биринчи орунга ээ болгон. Башта келишкендей, окуусун кызыл диплом менен аяктап, колума тапшырды да өзү Б.Бейшеналиева атындагы Искусство университетине режиссёрдук кесипке окуду.
Чолпон алгач сахнага, телеге чыкканда өзүбүзчө катуу толкундандык, бир жагынан сыймык болду. Кызыма дайым «сени көрүп өсүп келаткан кыздар чоңоёт, үлгү алат, тарбия бергенге татыктуу жүр» деп кеңешимди айтып келем. Учурда чыгармачылыгын мындан башка деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иштеп жүрөт. Тилегине жетип, ийгиликти багынтышына ишенем.


Гүлмира Курманбаева, Максаттын апасы: «МАКСАТ СЫНАКТАН ӨТКӨНДӨ КУЧАКТАШЫП АЛЫП СЕКИРИП КУБАНГАНБЫЗ»
– Максат биздин көптөн күткөн уулубуз. Бала кезинен кашыкты микрофон кылып ырдамай баламда да бар болчу. Кесибим педагог, психолог болгондуктан Максаттын эмнеге кызыккандыгын сезип турчумун. 6 жашында Шубин атындагы музыкалык окуу жайга алып бардым. Угуу жөндөмү күчтүү болгондуктан сынактан дароо эле өткөн. Баламды музыкалык аспапта ойносо деп фортепианого, комузга да алып барып жүрдүм. Бирок ал вокалга окуйм деп туруп алды.
Эсимде, КТРден «Волшебная страна» деген сынак болуп, Максат, Иса Өмүркулов катышкан. Андан кийин эле «Көгүлтүр отто» Иса ырдап жатпайбы. Ошондо балама «Макс, сага сөз берем, эмки жылы «Көгүлтүр отто» сен да ырдайсың" деген элем. Айтканымдай эле кийинки жылы «Нон-Стоп» дуэт катары катышты.
Баламды сыналгыдан көрүп кубанганымчы. Элдин баарын менин балам ырдайт деп чакырып алчумун. Азыр ойлосом аларга, балким, менин баламдын ырдаганы кызык деле эместир. Мен өзүм кубансам эле бүткүл дүйнө менин балам үчүн кубанып жаткандай сезиле берчү экен.
Максаттын жаңы топко алынганы да көз алдымда. «Супер-Инфо» гезитине эмки санга жыйынтыгы жарыяланат дегенде жума күндү күткөнүмчү. Гезитти аларым менен же бетти барактай албайм, корком. Анан акырын ачып карасам эле Максат Садырбеков, 16 жашта деп турат. Укмуш кубанганбыз. Баарыбыз кучакташып алып секирип, кыйкырып жыргаганбыз.
Балам кайда болбосун аны дайым колдоорумду, ага ишенеримди, аны жакшы көрөрүмдү айтып турам. Чолпон менен Максат дуэт катары иштешпей калганын угуп аябай жүрөгүм ооруду. 8 жыл болуп атат, катуу урушкан жок, таарынышса отуруп команда менен чечип алышчу.


Гүлжамал Абылкасымова
(Сүрөттөр каармандарыбыздын өздүк архивинен алынды)
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
kanu
2018-01-10 20:09:13
Мн да ичим ачышып жт сонун топ болчу
+2
__anna__
2018-01-10 21:28:09
Оз алдынарча иштегенинер да жакшы деп ойлойм)))
0
kumushai
2018-01-10 22:04:24
ичим ачышып атат экоо сонун пара болчу
+3
kumushai
2018-01-10 22:06:51
Ичип ачышып атат сонун пара эленер берки кызды озунчо эле жаман коруп атам
+8
-Sumitra-
2018-01-11 12:09:39
Максат Айсулуусун эле мактайт го.Же мени танда же Чолпонду деген окшойт анысы.Мага Чопа жагат.Соонун кыз.Ортолорунда кандайдыр бир таарыныч бардай буларда.
+11
Luna.95
2018-01-11 15:13:54
Эми гана таанылып, эл козуно корунуп, оозго алынып баштады эле, окунучтуу... Мен суйгон дует
+3
Bintu.Ibrahim
2018-01-11 22:54:49
Каап десе.Экоон эле ырдап журо бербейт белен.Келечекте кичинекей Нон стоп группасын тузмоксунор*(семья .бала чака)
+2
wirintai27
2018-01-11 23:18:03
Максат болду иштешпейбиз деген окшойт албетте султан айымдын (кызы )да тиешеси бар.Болду кереги жок токтот деди да...Чолпон эмнегедир капа.Ал мындайды куткон эмес менимче боорум ооруп кетти коруп алып .Козду мончок жерде калбайт .Турмуштан оз жолунду тап эртерээк.
+6
fanat_barsa
2018-01-12 06:08:35
Окуп алып катыным таштап кеткендей эле болтам го.
+8
Gulnaz.GS
2018-01-13 12:49:01
fanat_barsa,))
+1
meni_kut
2018-01-14 23:24:18
fanat_barsa,жардын))))
0
Birimdik5555
2018-01-12 10:44:04
Ишинерге ийгилик,Чолпон да бактысын тапсын ылайым
+3
Anarik87
2018-01-12 23:41:13
Жыргалай дан кийин арманай болобу ,экоонун жылдызы жакшы жанып турган кези эле .нон стопту силерсиз элестетуу кыйын .экооно тен ийгилик жакшы ырларды жараткыла
+1
Leilek-razzakov
2018-01-14 00:30:34
Чопа сонун кызда. Сен да бактылуу болгун.
+2
LadyD
2018-01-14 12:16:23
Гульмира эже, сиз соонун эне экенсиз!!! Максат баланыздын шыгын байкап, ошону колдоп... уулунуз эне сутун актаган, мындан да коп ийгиликтерге жетишип, сизди дайым урматтап барктап журо берсин!
+2
sapargul
2018-01-15 22:53:06
Аттин аттин экоонор эле баш кошуп калсанар эмне эмки нон стоп силердей боло албайт озунор деле окунуп атсанар керек
+2
AsmanNuru
2018-01-16 07:56:03
Тиги Альбасын жаман көрүп атам өзүмчө. Топтун таралышына себепчи болду деп. Чолпон менен Максатты үйлөнүшөт деп күтүп жүрсө, ичти ачыштырып эки жолго түшөбүз дейтго. Максат ушу Чолпонду таштап кийин өкүнүп калбасаң экен.
Чолпонго бакыт каалайм. Үй бүлөө куруп бактылуу эне болсун...
+1
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан