ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 8-январдан 14-январга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн жуманын ийгиликтери дагы да болсо уланууда. Кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз. Каржы жааты жаман болбойт. Дем алыш күндөрү сак болуңуз. Айрым каршылыктарга дуушар болосуз. Таарынычтар орун алат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өнөктөштөр, көзөмөл органдары, алыскы жактагы туугандар менен жакшы мамиледе болосуз. Бөтөн шаардык адамдардын көңүлүнө илинесиз. Ишемби, жекшембиде жогоруда аталган адамдардан оолак болуңуз. Таарынычтар, бут тосуулар орун алат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумуш, ден соолук, каржы жааты дагы да болсо ийгиликтүү чечилет. Сиз тараптан болгону бир аз гана аракет жасап коюу жетиштүү. Аптанын аягында чыгымдарга дуушар болосуз. Өнөктөш, кесиптештерге аяр мамиле жасаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жубайыңыз, айрым өнөктөштөр менен жакшы тил табышасыз. Эски мамилелер жакшырат. Көңүл борборунда болосуз. Дем алыш күндөрү сак болуңуз, мамилелер бузулушу мүмкүн. Кесиптештер менен кыраакы мамиледе болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жума күнгө чейин үй тиричилик, жумуш жаатындагы маселелер сиз ойлогондой болот. Ишемби, жекшемби күндөрү ден соолукту абайлаңыз, спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өткөн аптадагы кубанычтарыңыз аптанын акыр чендерине чейин уланат. Жаңы жерлерге эс алуу максатында барышыңыз мүмкүн. Сапарга чыгуу күтүлөт. Дем алыш күндөрү эс алуу жаатына же балдарыңыздын керектөөсүнө байланыштуу чыгымдар болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акча, үй-бүлө иштерине жакшы көңүл бура бериңиз. Турмуштун бул тармагы сиз үчүн оң жыйынтыктарды алып келет. Ишемби, жекшемби күндөрү туугандарга, жубайыңызга аяр мамиле жасаңыз. Көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өткөн күндөрдөгү алгылыктуу иштериңизди улантыңыз. Баары сиз ойлогондой кетет. Кадыр-баркыңыз жогорулайт. Дем алыш күндөрү жол жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Сиз үчүн кооптуу мезгил. Ачууга алдырбаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акча операцияларын жашыруун жүргүзүүнү эстен чыгарбаңыз. Оптимисттик маанайда алга карай жыла бериңиз. Жыйынтыгы сизди өкүндүрбөйт. Дем алыш күндөрү күтүүсүз чыгымдарга туш болсоңуз кайгырбаңыз. Аны керектүү нерсеге жумшайсыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул жумада курбу, кесиптештер арасында түшүнүүчүлүк орун алат. Жеке иштериңиз да жаман болбойт. Сизге көп адамдар көңүл бурат. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Дем алыш күндөрү күтүлбөгөн көйгөйлөргө туш болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчиликтин же кайсы бир колдоолорго ээ болушуңуз мүмкүн, ал өзүңүздөн көз каранды. Чыгармачылык менен иш алып барыңыз. Ишемби, жекшембиде кылтакка илинип калуудан сак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Текшерүүчү органдар, башка шаардык адамдар менен жакшы иш алып барасыз. Алыскы жол, кайын журт көйгөйлөрү жакшы чечилет. Дем алыш күндөрү күтүлбөгөн таарынычтар болушу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 792, 5-11-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан