«СУПЕР-ИНФОнун» КУБОГУН КИМ ЖЕҢЕТ?

Мына, “Супер-Инфонун” кубогу да эртең 29-майда ­старт алат. Өткөн сандарыбызда анын катышуучулары жөнүндө маалымат берилген. Учурда командалардын даярдыгы кандай? Ким чемпион болуу үчүн катуу бел байлады? Бул тууралуу катышуучулар эмне дешет? Ушул суроолорго жооп алдык.


Канат Бегалиев,

“Спорт жылдыздарынын” оюнчусу, балбан:
“СУПЕР-ИНФОДОН” РЕВАНШ АЛАБЫЗ”

– 2 жыл мурда спортчулар “суперчилерге” жеңилип калганда сиз майдан четинде элеңиз. Ошондо сиз да ойносоңуз, утат белеңер?
– Жок, антип айта албайм. Футбол – командалык оюн. Жалгыз аттын чаңы чыкпайт. Ошондо силер катуу даярданган экенсиңер.
– Мелдешке кыздардын катышканына кандай карайсыз?
– Мен ушуну колдобойм. Жалаң эркектер эркекче ойносок болмок. Аял киши деген өзүнө тиешелүү иш менен алектениши керек да.
– Кайсы командадан коркуп тура­сыңар?
– Коркуп эмес, “Супер-Инфонун” командасынан кичине чочулап турабыз . Эгер “Супер-Инфого” дал келсек, реванш аларыбызга толук ишенем. Анткени даярдыгыбыз жакшы.
– Сиздин оюңузча, ким же­ңет?
– Албетте, “Спорт жылдыздары”.


Урмат Усенов,

“Шоу-бизнестин” оюнчусу, ырчы:
“БУЛ ЖОЛУ “ШОУ-БИЗНЕС” ЖЕҢЕТ ДЕП ИШЕНЕМ”

– Кыздардын ойноп жатканына кандай карайсыз?
– Мен буга каршымын. Майданда эркекче оюн болушу керек. Балдар менен кошо кыздардын ойногону “несерьёзно” болуп калат го.
– Мурдагы жылы жеңилип калышыңардын себеби эмнеде?
– Анда командада күчтүү балдар болсо да, ойдогудай машыга алган эмеспиз. Ар бири өзүнчө кыйын болгону менен, командалык оюн көрсөтө алган эмеспиз.
– Ким жеңет деп ойлой­суз?
– Эми силер быйыл да жеңип алсаңар болбойт го. Жеңбейсиңер, ээ? Улуттук биринчи каналдын балдары ойноп жүргөнүн, күчтүү командасы бар экенин билем. Ошентсе да бул жолу биз жеңебиз деп ишенем.


Артур Шигабиев,

“Мегакомдун” машыктыруучусу,
Режим жана күзөт бөлүмүнүн жетекчиси:
“АЗЫРЫНЧА БАШКЫСЫ – КАТЫШУУ ДЕП ТУРАБЫЗ...”

– Компанияда буга чейин команда бар беле? Болсо, кандай ийгиликтерге жетишкенсиздер?
– Чоң футбол боюнча атайын командабыз жок болчу. Мини-футбол боюнча командабыз болгону менен, такай машыгып турушпайт. Мурдагы жылы КРнын Транспорт жана коммуникация министринин кубогуна катышканбыз.
– Учурда даярдык кандай? Эгер жеңсеңер, жетекчилик эмнени убада кылууда?
– Даярдык жакшы. Форма даярдап, машыгууларга киришкенбиз. Ал эми жетекчилик конкреттүү бирдеме убада кыла элек. Бирок кандай гана жетишкендик болбосун, сыйлыксыз калбайбыз. Ал жагы бизде салтка айланган.
– Мелдешке катышууда командага кандай милдет жүктөлдү?
– Ойноп жүргөн мыкты командабыз жок эле чемпион болобуз десек аша чапкандык болот. Азырынча башкысы – катышуу деп турабыз...


Улук Макешов,

“Улуттук биринчи каналдын” капитаны, оператор:
“ЧҮЧҮ КУЛАК БИЗДИ “СУПЕР-ИНФО” МЕНЕН КЕЗИКТИРСЕ...”

– Улуттук биринчи каналдын такай машыгып, мелдештерге катышып жүргөн күчтүү командасы бар деп угабыз. Ошол чынбы?
– Ооба, бир нече жылдардан бери чогуу ойноп келаткан командабыз бар.
– Буга чейин кайсы мелдештерге катышып, кандай ийгиликтерге жетишкенсиздер?
– Көп эле мелдештерге катыштык. Азырынча эң чоң жеңишибиз белгилүү бир партиянын кубогунда экинчи орунду алганыбыз болгон.
– Кайсы команда менен ойносок дейсиңер?
– Чүчү кулак бизди “Супер-Инфо” менен кезиктирсе жакшы болмок. Анткени бир-эки жылдан бери силер жөнүндө укканыбыз менен, күч сынашып ойной албай келебиз.
– Канчанчы орунду алууну максат кылдыңар?
– Башкы максатыбыз – катышуу. Ал эми калганын тоголок топ жана майдан көргөзөт.


Эрмек Нурбаев
,
“Тамашоунун” капитаны:
“ЧЕМПИОН БОЛУП, ЕГИПЕТКЕ БАРМАКЧЫБЫЗ”

– Эрмек, сен “Шоу-бизнес” менен жеңишке көзүң жетпегендиги үчүн өз командаң менен катышайын дедиңби?
– Шоу-бизнес – менин хоббим, а “Тамашоу” – менин жашоом. Андыктан тандоо болгондо жашоону тандайм.
– Мелдешке кандай максат кой­­­дуңар?
– Мен “Супер-Инфо” чемпион болгон командага Египетке эс алууга жолдомо берет экен” деп уктум. Учурда биз чемпион болобуз деп катуу даярданып жатабыз. Максатыбыз – буюрса, чемпион болуп, Египетке баруу.
– Кайсы команданы чемпион­дукка башкы талапкер деп эсеп­тейсиң?
– Биз эки эле командадан чочуп турабыз. Алар Бразилия жана Италия курама командалары. Калган командалар каалашса, футболчуларды кошуп алышсын. Биз коркпой, баары менен ойной беребиз.
– “Тамашоучулардан” майданда кандай сюрприздерди күтсөк болот?
– Ал күнгө бир-эки жаңы тамашаларды даярдап койгонбуз. Майданда футбол ойноп эле тим болбостон, оюндун жүрүшүндө тамашаларды да тартуулайбыз.


ОЙНОБОГОН ЫРЧЫЛАР ЫРДАП БЕРИШЕТ
Буга чейин айтылгандай,­ мелдеш концерттик шоу-программалар менен коштолот. Ачылышынан баштап экинчи күнү боло турган сыйлоо жана жабылыш аземине чейин концерттик номерлер орун алат. Алсак, Бек Борбиев, Гүлзинат Суранчиева, Мирбек Атабеков, Тата Улан, Каныкей, Кундуз Канатбек кызы жана Кумар Асанов өңдүү ырчылар көрүүчүлөргө ырларын тартуулап, кесиптештерин майдан четинде колдоп турушмакчы. Башкалар тууралуу ооз ачпай туралы. Сюрприз бойдон калсын...

АЙЛАСЫЗ АЛМАШУУЛАР
“Супер-Инфонун” кубогуна параллель түрдө 29-30-май күндөрү ушу саньда боюнча КРнын биринчилиги өтөт. Ага “Гермес-профинин” өкүлдөрү катышкандыктан, “Спорт жылдыздарынын” курамында жалаң грек-рим жана эркин күрөшчүлөрдөн түзүлгөн спортчулар ойномой болушту. “Шоу-бизнестин” курамы да өзгөрүүгө дуушар болуп, командага Бактияр Токторов, Мирбек Иманбеков, Айдин Шер, Айнура Салахидинова жана бийчи Атай Өмүрзаков кошулду.

ФИФАнын КАЛЫСЫ КӨЗ САЛАТ
Мелдеште адилеттүү калыстардын болушу чоң мааниге ээ. Андыктан мелдешке КРнын ФФсынан ФИФАнын калысы Дамир Жаныбеков жетектеген жогорку квалификациядагы калыстар тобу чакырылды.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

БАЙМАТОВ АНГЛИЯ ПРЕМЬЕР-ЛИГАСЫНДА ОЙНОЙБУ?
Англиялык “Блэкпул” командасы 39 жылдык тыныгуудан кийин Англиянын Премьер-Лигасына кайрадан жолдомо алды. Бул үчүн ал тандап алуу оюнунда “Кардифф Ситини” 3:2 эсебинде жеңген. Мындай жаңылыкты берип жатканыбыздын себеби “Блэкпулдун” кожоюндарынын бири болуп Максим Бакиев саналат. Анан дагы февралда “дордойчу” Азамат Байматов “Блэкпулга” кароого чакырылып, бирок виза ала албай, барбай калган. Эми Азамат кайра Англияга кароого барабы же жокпу, убакыт көргөзөт.

Ушу

ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ
26-майда Бишкектеги “Жаштык” республикалык борборунда ушу таулу боюнча өлкөбүздүн чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда чоңдор арасында Алмаз Тойчуев, жаштар арасында Рустам Менибаев жана балдар арасында Чыңгыз Бөрүбаев чемпион аталышты. Чемпиондуктун негизинде түзүлгөн улуттук курама командабыз күзүндө Азия оюндарына жа­на чыгыш уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат.


Эл аралык кабарлардан

Хоккей

ОРУСИЯНЫ ЧЕХИЯ ТОКТОТТУ
Өткөн дем алышта хоккей боюнча жаңы Дүйнө чемпиону аныкталды. Германияда өткөн мелдеште Дүйнө кубогу быйыл да Европада кала тургандыгы билинди. Чечүүчү беттеште славяндар, тактап айтсак, Орусия менен Чехия беттешти. Буга чейин 2 жыл катары менен чемпиондукту бербей келген орустар бул жолу чехтерди жеңе албады. 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен чехтердин бул өз алдынча өлкө болгондон бери (Чехословакияны эске албаганда) 6-жеңиши.

Футбол

«ИНТЕР» – ЕВРОПАНЫН ЧЕМПИОНУ
22-майда Мадридде клубдар арасында Европанын чемпиону аныкталды. УЕФАнын ЧЛсынын финалында италиялык “Интер” германиялык “Баварияны” 2:0 эсебинде тизе бүктүрдү. 2 голду тең өз эсебине жазып койгон “Интердин” аргентиналык чабуулчусу Диего Милито башкы каарман болду. А анын командасы акыркы жолу мындай жеңишке 45 жыл мурда жетишкен. Кызыгы, “Интер” италиялык команда болгонуна карабастан, негизги курамында бир да италиялык футболчу ойногон жок.
Финалдан көп өтпөй чемпиондун канча сыйлыкка ээ боло тургандыгы белгилүү болду. “Интер” баш-аягы 100 миллион евро акчага ээ болот. Анын 40 пайызын УЕФА төлөп берсе, калган кирешени билет сатуудан, жарнамадан жана демөөрчүлүк колдоодон түшкөн каражат түзөт.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Asat
2010-06-07 20:13:01
a gde teakvando tama BAKTYGYL SHERMATOVA
0
Asat
2010-06-07 20:13:41
byla
0
№ 395, 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан