Ош шаарында жашап-иштеп жаткан чыгармачыл адамдардын арасында Айпери Кулбаева да бар. Ырчыны биз «Тамашалуу ыр», «Элегия», «Кымбатым» сыяктуу ырлары менен тааныйбыз. Айперинин үйүнө конокко барганыбызда ал жолдошу Эльзар экөө жарык маанай менен тосуп алышты. «Эркек балдардын арасында чоңойгондуктан мүнөзүм да эркектердей болуп калган. Андыктан назик сүйлөй албасам капа болбогула» деген ачык мүнөз ырчы үйдү тааныштыруу милдетин өзү аркалады.
– Үйдү 2012-жылы эл катары ипотекага алганбыз. Жолдошум Эльзар учурда жеке ишкер болгону менен, кесиби электрик. Андыктан үйгө жарык киргизүүнү, сантехниканы орнотууну өзү бүтүргөн. Ашкананын эмеректерин тилдирип келип, өзү кураштырып, өзү орноткон. Үйдө бекер уста бар десем жарашат.
Кире бериш
– Үй кичине болсо, кире бериш деле кичинекей болот экен да. Ага карабай бул жерден кийим илгенге, бут кийим чечкенге, ал тургай ашыкча буюм койгонго деле орун табылып калат.
Конок бөлмө
– Конок тосуп, бапырап-шатырап, чер жазыша сүйлөшүп отурчу бөлмөбүз. Жакын санаалаш курбулар, шеринелештер келгенде күлкүбүз, ырдаган ырларыбыз жаңырып турат. Эл көп келгенде биздин пейилдей болуп кеңейе да түшөт (күлүп). Эл жокто 2 уулубуз Алман (4 жаш) менен Акдил (3 жаш) башына көтөрүп чаңытчу бөлмө да ушул.
– Бактылуу күндөрүбүздүн күбөсү болгон 2 бөлмөлүү үйүбүз убагында биз үчүн хан сарайдай сезилчү. Кийинчерээк үйүбүз тар экени билинип калды. Азыр чоң жер там салууну пландап жүрөбүз.
Бул шкафта менин эмгегим бааланган сыйлыктарым, биздин сүрөттөр бар.
Ашкана
– Чакан, уядай жылуу бөлмө. Үй-бүлөм мен жасаган күрүч жана макарон тамактарды баалап жешет. Өзүм да аларды жакшы көргөндүктөн жасаганда болгон өнөрүмдү көрсөтөм. Мактанбайын, азыр өзүңүздөр палоомду жеп, баалап көрөсүздөр. Өзүм бошобой калганымда тамакты колумда жүргөн сиңдим жасайт.
Жакшы тамак жасап алып, бала-чакабыз болуп дасторкон үстүндө кужулдашып отургандан ырахат алам. Кийинки кезде идиштердин тамак ичсең табитиң ачылып, көңүлүң көтөрүлчүдөй түрлөрүн алууга аракет кылып калдым.
Уктоочу бөлмө
– Бул бөлмөдөгү уктоочу эмеректердин топтому менин себиме келген. Бөлмөдө менин 30дай улуттук формам, 20 чактыдай улуттук баш киймим бар. Батпай калган 20дан ашык формам башка жерде сакталуу. Апамдын колун жоорутуп мага арнап тиккен төшөнчүлөрүн шкаф-купеге жыйып койгом.
Айпери Кулбаеванын жолдошу Эльзар: "АЙПЕРИ ЭКӨӨБҮЗ ДУЭТ ЖАЗДЫРГАНЫ ЖАТАБЫЗ"
– Айпери, чыгармачыл адамдардан кимдер менен мамилең жакшы?
– Оштон Жеңишбек Айтиев, Жумагүл Раимжан кызы, Венера Назаралиева болуп шеринелешпиз. Алишер Тоотаев өкүл атабыз. Бишкектен Роза Шакирова, Саламат Садыкова, Азиза жана башка бир топтору менен тыгыз байланыштамын.
– Эльзар, сен деле чыгармачыл чөйрөдө жүргөндүктөн ырдасаң керек?
– Ооба, ырдайм. «Периштем» деген ырды ырдап чыкканымда эл жакшы кабыл алды. Той-топурда деле ырдап калам. Эми Айпери экөөбүз дуэт жаздырсак деп турабыз.
– Бул кадамыңды колдойбуз. Эми айтсаң, баалап алган жарыңдын мүнөзүн кандай сүрөттөйт элең?
– Айпери тиричиликке тың, ким келсе да кабак-кашын бүркөбөй жакшы кабыл алат. Ачуусу чукул, бирок жазгы күндөй болуп бат эле жазылат. Жүрөгү таза, кекчил эмес. Кемчилиги – түндө тойлордо жүрүп келет да, эртең менен кеч турат.
Баш кошконубузга 5 жыл болду, бир да ирет катуу таарынышып, ызылдаша элекпиз. Балдар ата-энесинин ызы-чуусун көрбөй, бактылуу, мээримге чулганып өссө деп турабыз.
– Айпери, Эльзардын дагы кандай жактары бар?
– Өтө баласаак. Бир жакка барып кечиксек, менден мурун балдарды ойлоп сарсанаа боло баштайт. Тумоолоду дегиче жанын коёрго жер таппай, көзүнөн жаш агып да кетет.
– Үйүңөрдүн шамы болгон балдарыңар кимди тарткан?
– Чоңу Айперинин агасын, башкача айтканда, тайын тарткан. Балпайып актёрлукка жакын. Кичүүсү футболго жакын. Мүнөзү кимди тартып баратканын азыр айта албайм.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg