Алтынай Абдурасулова, бийчи:«БРЕЙК-ДАНС ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН КАТАРЫНА КИРДИ»

Брейк-данс башка бийлерден айырмаланып, кызыктуу жана татаал кыймылдар менен коштолот. Ал спорттук бий катары көрсөтүлүп, өспүрүмдөр арасында 2018-жылкы Олимпиада оюндарынын программасына кошулду. Аталган Олимпиаданын тандоо туруна Кыргыз өлкөсүнөн 17 жаштагы Алтынай Абдурасулова катышууда.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган күнү, айы, жылы
– 18-июль, 2000-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
Салмагы – 55 килограмм
Бою – 168 сантиметр
Учурда КМТУ алдындагы лицейдин 11-классынын окуучусу


БРЕЙК-ДАНС СПОРТКО КАНДАЙЧА АРАЛАШУУДА?
Учурда бий түрлөрүнөн бир канча бий спорттук аталып, эл аралык мелдештер орун алып келет. Аталган спорттук бий түрлөрүнө вальс, танго, фокстрот, квикстеп, ча-ча-ча, самба, румба, жайв жана пасодобль кирет. Эл аралык Олимпиада комитети ар бир 4 жыл сайын Олимпиадага жаңы спорт түрлөрүн кошуу менен кызыгууну арттырат. Бийлердин катарына эми брейк-данс спорт катары киргизилип, быйылкы жылы өспүрүмдөр арасындагы Олимпиадада алгачкы медалдар ойнотулат. Брейк-данс өзү бий катары эле кызыктуу саналып, жаштарды өзүнө арбап келет. Эми спорт катары расмий түрдө таанылып баштаса калган спорттук бий түрлөрүн бат эле артка калтырары күмөн жаратпайт.

– Салам, Алтынай. Өспүрүмдөр арасындагы брейк-данс боюнча Олимпиаданын экинчи тандоо турунан өтүп, үчүнчүсүнө барганы жатыптырсың. Буга кандайча катышуучу болуп калдың?
– Былтыр Москвага ушул бийдин түрү боюнча мастер-класска катышып, орусиялык бийчилер менен тааныштым. Алар 2000-2002-жылкы өспүрүмдөр арасында Олимпиада болорун айтып калышты. Анан интернеттен кантип катышуу керек экенин билип, күчүмдү сынап көрөйүн дедим. 1-турда Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын расмий сайтына 45 секунддук видео жөнөтүш керек болчу. Шарттарын аткарып, өтүп кеттим. Алардын талабы боюнча бир мамлекеттен 5 жигит, 5 кыз эле катыша алат экен. Кыргыз өлкөсүнөн эки кыз өткөнбүз, бирок берки кыз шартына жараша катышпай турган болду. Ошентип апама сүйүнчүлөп, колубузда каражат кенен болбосо да, мүмкүнчүлүк таап, 2-турга катышуу үчүн декабрда Тайванга жөнөп кеттик.

– Анда кимдер калыстык кылышты?
– Калыстар негизинен көп жылдан бери брейк-данс бийлеп жүргөн белгилүү бийчилер. Арасында 14 жашынан бери бийлеген германиялык 50 жаштагы Шторм деген белгилүү бийчи да бар. Ошондой эле менин сүйүктүү бийчим, кумирим Анина Тикка деген кыз да калыстык кылды. Аны жанынан көргөнүмө да бактылуу болдум. Кыскасы, бий легендаларынын баары чогулуптур. Брейк-дансты Олимпиадалык оюндардын катарына киргизүү да мына ушул бийчилердин эмгеги.

– Каршылаштарың тууралуу айтсаң, кайсы өлкөнүн бийчилери күчтүү экен?
– Негизинен баары күчтүү, баары таланттуу. 2-турга Азиядан барган 30 кыздын ичинен япон жана корей бийчилери алдыңкы үч орунду алып кетишти. Аларды көрүп психологиялык жактан бир аз коркунуч пайда болду. Баллга жараша алдыңкы ондукка кирген бийчилер 3-этапка өтмөк. Мен алтынчы болдум.

– Алдыңкы он адам кандай өзгөчөлүгү менен 3-турга өттү?
– Брейк-данс номерин аткарууда 3 мүнөттүк бийди алдын ала даярдап чыгууга болбойт. Ошол жерде ди-джей кандай музыка койсо ошонун ыргагына жараша импровизация кылуу керек. Мисалы, олуттуу музыка койсо, ошого жараша олуттуу жүз менен чыгып бийлеш керек. Тескерисинче, шаңдуу музыка болсо, жылмайып бийлөө туура.

– Кийинки тандоо туруна даярдыктарың кандай?
– Ушул жылдын май айында Японияда 3-тандоо туру болот. Андан өткөндөр сентябрда боло турчу брейк-данс боюнча 2018-жылы Аргентинада өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Олимпиадага жолдомо алышат. Даярдыктарым жакшы, Улуттук олимпиада комитети учактын билетин, жатакана маселесин чечип берүүгө убада кылды. Олимпиадада кыргыздын желегин көтөргүм келет, бирок он чакты жылдан бери бийлеп жүргөн каршылаштарымды көрүп, алтынга жетпей каламбы деп коркуп турам. Негизги фавориттер брейк-данстын мекени болгон Американын бийчилери.

– Эмнеден улам бийдин брейк-данс түрүн тандап калгансың?
– Кичинекей кезимде түрдүү ийримдерге катышып көргөм. 14 жашымда Жан Воинов жана анын айланасындагы бийчилер популярдуу болуп турганда алардын бийлегенин жактырып, бийлеп көрүүнү чечтим. Анан бий ийримине көрүүчү катары барганда кокустан эле брейк-данска туш келип калдым. Көрдүм, жактырдым, анан апама «ушул бийге катышам» дедим.

– Брейк-данс көбүнчө баттлдар менен коштолсо аны эки жааттын кармашуусу деп эсептесе болобу?
– Ооба, брейк-данс – бул бий аркылуу күрөшүү. Мурда жаштар арасындагы талашып-тартышуулар мушташ аркылуу чечилсе, кийин аны тынчтык жолу менен чечүүнү үйрөнүшүп, хип-хоп маданияты пайда болгон. Демек, маселелерди жааттар бий баттлы менен чечсе болот.

– Брейк-данстын өлкөбүздө федерациясы жок да, бул канчалык кыйынчылык жаратат?
– Көп эле өлкөлөрдө брейк-данстын федерациясы жок. Азырынча ансыз деле Олимпиадага катыша берсе болот. Менимче, биздин өлкөдө брейк-данс бийчилери көбөйгөндө федерация түзүлөт деп ишенем. Ал эми ага чейин ушул бий түрүн жайылтууну, атайын бий топторун түзүүнү максат кылам. Кийин мүмкүнчүлүк болсо федерация түзүп, аны жетектегим келет.

– Брейк-данс сен үчүн искусствобу же спортпу?
– Искусство. Гимнасттар жасаган кыймылды биз стиль менен кооз картина катары элге тартуулайбыз. Ошондой эле ар бир адамдын өзүнө таандык, башкаларга окшошпогон стили болушу керек. «Фишканы» өзүң ойлоп таап, дайыма изденүүнүн үстүндө болушуң керек. Искусство болсо да спорттогудай жаракаттарга кабылууга болот. Бийлеп жатканда баш, моюн же желке менен жыгылып, жаракат алып, колу-бутубуз көгөрөт. Туура жыгылууга, өзүн-өзү көтөрө алууга да үйрөнөбүз.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2018-01-16 09:34:51
Озунду корсот эми карындаш.Ийгилик каалайм.
+6
nurda00
2018-01-16 18:52:44
Азамат, мыкты..
+6
Zainidin96
2018-01-17 01:36:00
Азаматсын ийгилик кыргыздын желегин желбиретип журо бер ар дайым
+6
asad345
2018-01-19 15:02:44
Зачем брейкданс, лучше выйти замуж
-4
wirintai27
2018-01-21 13:49:01
asad345,18ге эми чыгыптыр азыр эрте.Жаш тийип эмне кылат.Максаттары коп экен.
+1
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан