ТОНОО ҮЧҮН КИРГЕН КАРАКЧЫ ҮЙ ЭЭЛЕРИН МЫК СУУРУГУЧ МЕНЕН САБАГАН. ҮЙ ЭЭСИ ӨЗҮНӨ КЕЛБЕЙ КАЗА БОЛДУ

Узап кеткен жылдын акыркы күндөрүндө жана ушул жылдын башталган алгачкы түнү өлкөбүздө бир нече оор кылмыш катталды. Бул кылмыштардын көпчүлүгүнүн бети ачылды.


«МЫК СУУРУГУЧ МЕНЕН САБАГАН»
Жалал-Абад облусунда каракчылык фактысы катталып, кылмышка шектүү кармалган. Бул кылмыш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматкери Самара Кадырова төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2017-жылдын 29-декабрынан 30уна караган түнү болжол менен 2 жарымдар чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ошол эле районго караштуу Күмүш-Азиз айылында каракчылык болгону тууралуу маалымат түшкөн. Күмүш-Азиз айылынын тургунунун үйүнө кирген белгисиз жаран үй ээлерин мык сууругуч менен сабап, үйдүн ичинен баалуу буюмдарды издеп таба албаган соң из жашырып качып кеткен. Натыйжада үй-бүлө мүчөлөрү: үй ээси 1956-жылы туулган С.Т., анын аялы 1964-жылы туулган С.Х. жана алардын кызы 2002-жылы туулган С.М. Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, өтө катуу сокку жегенден улам, үй ээси С.Т. 3-январда ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Аталган факт боюнча Сузак РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жашоочусунун бул кылмышка тийиштиги бар экендиги аныкталды. Кылмышка шектүү 30-декабрда уурулукка шектелип кармалган болчу. Ал Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунда болгон 10 чакты уурулук фактысына шектелип жаткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулук фактыларынан сырткары үй ээси каза болгон каракчылык фактысына да анын катыштыгы бар экендиги аныкталды. Ошондой эле анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.


«БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ТАППАЙ, 120 СОМДУ АЛЫП КЕТКЕН»
– Кылмышка шектүү кантип үйгө киргенин, киргенден кийин эмне кылганын бүт көрсөтүп берди. Ал мурда жабырлануучулардын үйүндө батирде жашаган экен. Мындан 3-4 жыл мурун ал жабырлануучу аялдан буюм сатып алып, акчасын бербей качып жүргөн. Бир нече күн мурун жабырлануучу аял ага көчөдөн жолугуп калып карызын доолап, аны урушуп, уяткарган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал жабырлануучу аялдын сөздөрүнө теригип, өч алуу үчүн ушул кылмышка барган. 30-декабрга караган түнү ал күрөк көтөрүп жабырлануучунун үйүнө барат. Үйүнө кирерде мык сууругуч турганын көрүп, күрөктү ыргытып жиберген да, мык сууругучту көтөрө кирген. Өзүн таанып калышпасы үчүн жарыкты өчүрүп уктап жаткан үй ээлерин мык сууругуч менен сабап кирген. Алгач ал жабырлануучу аялды сабаган, ошол убакта жабырлануучу аялдын күйөөсү ойгонуп кеткенде аны да бир нече ирет чаап жиберет. Андан соң ойгонуп кыймылдап баштаган кызын да чапкан. Мындан сырткары үйдө жабырлануучулардын 5 жаштагы майып небереси да болгон. Анын көзү көрбөйт, кулагы укпайт экен, ошондуктан үйдө эмне болгонун сезген да эмес. Үй ээлерин сабаган кылмышка шектүү үйдөн баалуу буюмдарды, акча издеген. Шашып жатып баалуу буюм таппай койгон соң жабырлануучунун баштыгында болгон 120 сомду алып качып кеткен. Жабырлануучу аял өзүнө келип, телефон чалып инисин чакырган. Иниси келип эжесин, жездесин жана жээнин ооруканага алып барган.
Сузак райондук ооруканасынын башкы дарыгери Азиз Жолдошевге байланышканыбызда, ал бейтаптар баш мээсинен катуу жаракат алышканын, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулуп дарыланып жатышканын жана учурда абалдары туруктуу экендигин билдирди.

КИШИ ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТКЕН КАРАКЧЫЛЫКТАР
2017-жылдын 27-декабрынан 28ине караган түнү Токмок шаарында каракчылык катталган. Анда белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирине кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн арматура менен сабап, үйдөн акча жана алтын зер буюмдарды алып кетишкен. Катуу токмок жегенден улам үй ээси 44 жаштагы К.Диля аттуу аял, анын 25, 22 жаштагы балдары жана 16 жаштагы келини катуу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, үй ээсинин эки уулу алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болушту. Азырынча бул кылмышты жасагандар кармала элек.
2018-жылдын 1-январында таңкы саат 4 жарымдар чамасында Москва районундагы Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде ок атуучу курал колдонулган кылмыш катталган. Беткапчан кирген белгисиз кылмышкерлер 45 жаштагы П.И. аттуу аялды, анын 69 жаштагы К.М. аттуу апасын жана 45 жаштагы П.В. аттуу үйдүн кожоюнун атып, үйдөн акча жана зер буюмдарды карактап кетишкен. Натыйжада эки аял тийген октон каза таап, үй ээси ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектелип 6 адам кармалган. Кармалган учурда алардын жанынан кылмышка далил буюмдар: тонолгон 90 миң сом акча, зер буюмдар, ок атуучу курал табылган.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Stervamyn
2018-01-16 09:20:10
Олум жаза ушундайларга.
+3
Varonin
2018-01-16 09:40:06
Кызыл шапкачандар пара ала бербештен ушуга окшогондордун алдын алса болотго. Жанагы эле карапайым элдерге кыйын.
0
medya123
2018-01-16 12:20:39
16 жаштагы келини дейби....
+4
Zainidin96
2018-01-17 01:30:02
Кунуго ушуга окшогон кылмыш кырсык деген кобойуп жатат Аллах Субхана Ва Таалам баарыбызга Ыйман берсин ИншАллах
+1
ermek_tagaibekov
2018-01-17 03:08:01
Кайсы жерде турат 16 гы келин
0
Guli.raimbekova95
2018-01-17 12:19:29
ermek_tagaibekov,25 22 жаштагы уулдары + 16 жаштагы келини
0
Mamatmuso84
2018-01-17 04:58:26
Олум жазасыни киргизыш керек ошондо токтойт андайлар
0
Arush17
2018-01-18 05:41:20
Кудай сактаа эмне эле болуп баратышат,арзыбаган акча учун адамдын омурун алып.Мындайларды омур бою эркинен ажыратыш керек
0
ggvatua
2018-01-20 01:11:44
Сузактын милициясы иштейби озу?
Кайсы каракчылык болбосун Сузактан чыгып атат!Тообо!!!
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан