БОИНГ КЫРСЫГЫНА БИР ЖЫЛ. Жакындарынан ажыраган эне:«БЕЙИТТЕРИНЕ БАРЫП КЕЛМЕЙИНЧЕ БУГУМ ЖАЗЫЛБАЙТ»

39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына 16-январда бир жыл толот. Былтыр дал ушул күнү Бишкектин четиндеги дачалар жайгашкан аймакка учак кулап түшүп, жергиликтүү тургундардын өмүрүн алган. Жакынынан айрылган мекендештерибиздин али да болсо көз жаштары кургай элек, айрымдары кырсыктан алган жарааттары менен дале күрөшүп келүүдө. Биз жабыркаган адамдардан кабар алып, ал-жайын сурап кайттык.


«УУЛУМ МЕНЕН КЕЛИНИМ БИРИ-БИРИНЕН АЖЫРАГЫСЫ КЕЛЧҮ ЭМЕС. МИНТИП ТОБУ МЕНЕН КЕТИШТИ»
26 жаштагы ата-энеси, эки карындашы апаатта каза болгон Жакшылыктын чоң энеси Токтайым апа небересин карап Бишкек шаарында жашоодо. Уулунан калган жалгыз туягынын жакшы окушу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын айтат. Эне кырсыкта каза болгон уулун, неберелерин, келинин эстеп бир саамга ыйлап да алды:
– Балам Уларбек 1990-жылы туулган. 11-классты бүтөрү менен классташ кызына үйлөнүп алган. Жашсыңар деп бир топко каршы да болдук. Алар 8 жыл чогуу бактылуу жашашты. Жакшылык биздин биринчи неберебиз. Ал төрөлгөн учурда чоң атасына операция жасалып, ооруканадан чогуу чыгышкан. Ошондо биздин аяштар жолдошумду көргөнгө ооруканага келишип, арты жакшылык болсун деп неберемдин атын Жакшылык коюшкан. Садагасы болоюн, Уларбегим шайыр мүнөз, кабагын бүркөбөгөн жан эле. 15-январь күнү жубайы, балдары менен чогуу манты жейбиз деп үйгө келишиптир. Ушул үйдө бапырап түнкү 1 жарымга чейин отурдук. Түн жарымда башкача коштошуп үйүнө кетишкен. Эртеси биз саат 11лерге чейин учак кулаганын деле билбептирбиз. Анан эле суук кабар келди. Андан аркысын билбей деле калдым.
Жакшылыгыма Кудайдын боору ооруса керек, кандайдыр бир күч аны кошунасынын үйүн көздөй чуркатыптыр. Эгер башка тарапка чуркаса ал деле аман калмак эмес. Өзү «Мени Гүлзина эже ойготту. Бирок апамдарды ойготкон жок» деп айтып калат. Балким, түшүнө киргендир, анысы табышмак. Уларбегим Бишкек шаарында маршруттук кичи автобус айдачу. Азыр көчөдөн ал иштеген номердеги кичи автобустарды көрсөм эле эске түшөт. Чогуу иштешкен досторуна кезигип калсам, уулум жөнүндө сүйлөсө экен дей берем. Анан бейшемби, жума күндөрү сөзсүз бейиттерине барып келмейинче бугум жазылбайт. Анан дагы бул күндөрү аларга жолукчудай күтүп алганымды айт.
Келиним менен уулум болгону 8 жыл бирге өмүр сүрүштү, дайыма бири-биринен ажырабай ынак болушчу. Жакшылыктан кийин төрөлгөн 2 кызын уулум ушунчалык жакшы көрчү. Азыр өзүмдү «булар тобу менен кетти, анткени бири-биринен ажырай алышмак эмес» деп сооротуп коём. Эмнегедир Жакшылыкты бизге көндүрүп, өздөрүн сагынбагыдай кылып өстүргөнүнө да таң калып кетем. Келиним жаш болсо дагы өйдө-төмөндү көтөрө билген, түшүнүктүү жан эле. Балдардын жамандыгын ата-энеге көргөзбөсүн, биз эми гана өзүбүзгө келип, Жакшылыкка алаксый баштадык.

«МЕКТЕПТЕ ДОСТОРУМ ТОЛТУРА»
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз аман калган Жакшылык баарыбыздын эсибизде. Учурда ал «Сапат» билим берүү мектебиндеги мыкты окуучулардын бири. Чоңойгондо президент болгусу келет:
– Мен учурда 1-класста окуп жатам. Окууларым жакшы, мага математика жана менталдык арифметика жана музыка сабактары жагат. Мектепте менин досторум толтура. Аттары: Дима, Алинур, Арслан, Абдугапар, Умар. Биз кечке эле футбол ойной беребиз. Мен сабактан чыгып каратэ, шахмат, футбол, математика боюнча ийримдерге барам. Үй тапшырмаларын эжекем экөөбүз аткарабыз. Мен чоңойгондо жоокер, анан президент болгум келет. Алар элди башкарышат.

«МУУНУП АЛГАН КЫЗЫМДЫ АМАН АЛЫП КАЛДЫК»
Мастура Исаеванын кызы кырсыкта катуу коркуп калгандыктан, ушул күнгө чейин ооруп келет. Ал кызынын түйшүгүн тартып жүрүп, жолдошум дагы ооруга чалдыгып калды дейт:
– Кырсыктан кийин кызымдын тагдыры бизди катуу ойлонтууда. Оорунун айынан ал окубай да калды. Быйыл 9-классты бүтмөк. Ал учак кырсыгына чейин ооруган эмес. Сабакты жакшы окуп, журналист болом деген тилеги бар болчу. Азыр андай ой-максаттар менен иши да жок. Кырсык болгондон кийин аны текшерген врачтар бир канча дарыларды берген. Оорусу кармай баштаганда эле ичирип койсок, уктап калчу. Көрсө, кызыбызды кадимкидей эле баңги кылып алыптырбыз. Кийин кошуна-колоң, туугандар «дары бербей эле койгула, зыян» дешкенинен токтотуп койсок, көздөрү кызарып, тура албай калды. Ошондо биз кызыбыз дарыга муктаж болуп калганын билип отурбайбызбы. 2 ай мурун кызым эртең менен короого барып муунуп алыптыр. Кичүү неберем көрүп калып, аны аман алып калдык. Өзү эмне кылып жатканын да билбейт. Анан кан чыгарып ырымдап, кызымдын атын башка койдук. Бишкек шаарынан батир таап, ошол күндөн бери ал жерде эжелеринин көзөмөлүндө жүрөт. Эки кызым кезектешип карай турган болуп сүйлөшүп алышкан. Жалгыз калтыргандан коркуп жатабыз. Дача-СУга алып келбей жатабыз. Бул жакка келсе эле учак түшкөн жерди көргөндө ыйлап «мени чакырып жатышат» дей берет. Күн сайын оорусу кармап, көздөрү кызарып, ары-бери чуркай баштайт. Анын үстүнө биз кырсык болгон жерге абдан жакын болуп жатпайбызбы. Көчүп кетүүгө шартыбыз жок, жок дегенде ушул 6 үйдү көчүрүп койсо жакшы болмок (ред.: учак кулаган жерге жакын турган үйлөрдү көрсөтүп). Кызымдын түйшүгү атасын да оорукчан кылып койду.

«АПАМ БАЛАСЫНЫН ЖҮРӨГҮ КАРМАП ЖЫГЫЛГАН ЖЕРИНЕ БАРА БЕРИП АРТЫНАН КЕТЕ БЕРДИ»

Учак кулаган аймакта жашаган Зарипа Ташматованын иниси Арзымамат Ташматов да кырсыкта каза болгон:
– Өзүм Дача-СУда жашайм. Иним «Ош базарында» араба түртүп иштечү. Былтыркы январь айы абдан суук болгондуктан, инимди «эс ал, суукта иштебей эле тур» деп үйгө алып келип алгам. Үй-бүлөсү менен 12 жыл мурун ажырашып кеткен. Анан 16-январда кырсык болуп кетти. Мен балдарыма "сыртка чыгып жардам бергиле" дедим. Ал эми Арзыматка «сен чыкпагын, сага болбойт» дегем. Сыртта кыямат болуп жатса кантип отурмак эле, эл менен кошо аралашып жиликтенип калган сөөктөрдү чогултуп мүшөккө салышкан экен. Каза болгондордун бирин иним көтөрө калса, мээси агып кетиптир. Ошондо инимдин жүрөгү кармап, ооруканага жетпей жан бериптир. Инимдин сөөгүн айылга алып барып жерге бердик. Бул жактан уулу менен кызын кошо ала баргам. Ошол учурда бизге эч кандай жардам берилген эмес. Эмнегедир инимдин фамилиясы туура эмес жазылып калып, кийин ал үчүн да ызы-чуу болдук. Бизди алдап жатасыңар дегендей кылышты. 12 жыл мурун инимдин жубайы нике күбөлүгүн, тийиштүү документтерин өзү менен кошо ала кеткен окшойт. Кийин жардамдар ага көрсөтүлдү. Мен инимдин атына берилген жардамдардын бирин да алганым жок. Кейигеним, баласынын күйүтүнө чыдабай апам да каза болуп калды. Баласынын жүрөгү кармап жыгылган жерине барып, куран, намаз окуп жатып эле бул жашоо менен кош айтышып кете берди.
Мектепке баруу үчүн аялдамада автобус күтүп жатып учак кулаганын көргөн Султан үй-бүлө мүчөлөрүнөн жалгыз өзү аман калган. Абалын билүү үчүн үйүнө барганыбызда, ал кышкы каникулда эс алууга туугандарына кеткен экен. Чоң атасы Рахат Сыдыковдун айтымында, Султан 3-класста жакшы бааларга окуп жатат.


Айсалкын Качкынбекова,
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Stervamyn
2018-01-16 09:03:38
Эххх.Жакындарына сабыр.Ошол бойдок жазасыз калып кетти куноолулор
+4
ararat...
2018-01-16 09:30:56
Эстелик тургузгандан коро,кандуу жуктун ээлерин тапса туура болмок. Ушул бойдон унутулуп калбаса экен...
+8
ekaterinburg
2018-01-16 09:54:26
Психолог деген нерсе жок бизде озу...Жакындарын жоготкондорго,жогорудагы жаш кыз-балдарга ошол психологдор жардам берсе кыйла дух бермек деп ойлойм.Эми эмне дейбиз,сабыр тилейм баарына!Козу откондордун бейиши болсун!
+10
Leilek-razzakov
2018-01-16 15:31:30
Жакшылыкты корсом ыйлагым келе берет. Аман эсен чоноюп, тилегине жеткин. Бактылуу балалык каалаймын.
+3
Povetkin
2018-01-16 16:51:40
Кайдагы турктордун самолёту ушунча жоготуу кылса дагы лох болуп отурушатко оозун шамал тозуп дагы бир жерин тосупда берет булар..
+5
Nur96fat0000
2018-01-16 18:11:33
Жакшылыкты корсом эле ыйлагым келет! Жакындарынан ажырагандарга сабыр берсин! Отуп кеткендерди сураксыз бейишке кируучулордон кылсын Аллахым.
+4
Eli.91
2018-01-17 21:56:19
Баарын окуп алып ыйлагым келип жаман болдум,айрыкча Уларбек дегенге жаман башым ооруду,анткени менин да каза болгон инимдин аты Уларбек болчу,озумун Уларбегим эсиме тушуп ыйлагым Келли,кантседа конулум тушту,Кудайым аай баарынын жаткан жерлери жайлуу болуусун чын конулумдон тилеймин,билем 1 жакыныны жоготуу кандай оор экенин,оз башыман откон,Кудай мындан кийин салбасын деп тилейм башыма,ата-энеге эле кыйын,эч качан эненин алдында бала кетбесинчи,баланын айынан эне бутот,оорулу болуп калат
+1
Eli.91
2018-01-17 22:00:55
1 оору башка ооруну чыкырат,жанада бир-тууганды бири-биринен ажыратбасынчы Кудай,бир-туугандында куйуту жаман,неси болсода Кудайым баарынын жайларын Жаннаттан кылсын,апа-аталарыбызга Сабыр берсин Аллахым,аман калган балдарынын омурлорун узун кылсын,бактылуу таалайлуу болсун,Диндаркой-Исламкой балдардан болсун деп тилеймин.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 11:19:21
Самалеттун ээси журот эээн эркин
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан