Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:
– Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну күмүш булут дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,- деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти «экинчи жалган айтпас кылайын» деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун бир үзүмү жерде жаткан болот. Хан атынан түшүп, кебездей болгон муздак булутту алып, бети, колун жууп көрөт. Өңү капкара хан аппак жүздүү болуп, сергип чыга келет. Ушундан баштап хандын ак булутка кызыгып уучулугу башталат. Эми күмүш булутту атып түшүрүшүп, хан сарайынын айымдары сулуулана башташат.
Хан баш болуп, жигиттери менен булутту койбой атып тамашага батышат.
Жыл айланбай хан уучулук кылган жерлерде кургакчылык башталат. Хандын жерине булут тургай куштар да конбой калат. Кайберендер баш болуп, жан-жаныбарлар жер которуп ооп кетет. Табияттын куну учуп, эгин болбой, жер саргаят.
Жыл сайын жаз келет, бирок булуттар келбейт, жамгыр жаабайт.
Ошондой күндөрдүн биринде хан ойлуу отурса, үстүнөн каркыралар жаз келген жакка учуп өтө баштайт.
– Оо, каркыралар!- дейт хан аларга карап аянычтуу, – Биздин жерге да конуп өтсөңөр боло, бизге да жамгыр жаап, жаз келсин,- деп жалбарат.
Ошондо хандын кулагына каркыралар тараптан «ак булутту атпагыла», «ак булутту атпагыла» деген үн угулат. Эми хан өз айыбын түшүнүп, ушундан кийин ак булутка аңчылыгын токтотот. Кийинки жылы булуттар көчүп келип, жамгыр төгүп, жер жашарып, мурдагыдай табият көркүнө келет.
Ж.Тукендерова (жомок кыскартылып алынды)