Балдар, келгиле, силер менен бүгүн түстүү кагаздан асма шарларды жасаганды үйрөнөбүз. Ал үчүн бизге 20-30 даана кагаз, карандаш, суюк жана кургак клей, сызгыч, кайчы керек.
1. Алгач кагаздарды эки бүктөп, айлана формасын чийип алабыз.
2. Андан соң кайчы менен айлананы кесип алуу керек. Бардык кагаздарды тегерек кылып кесип коёбуз.
3. Эми бир даана кагаздын үстүнө кесилген айлананы коюп, анын борборун белгилейбиз. Андан кийин кесилген айланага төрт тилке чийип алабыз.
4. Алгач биринчи жана үчүнчү тилкеге суюк клейден куябыз. Үстүнө кийинки айлананы коёбуз. Кийинки баскычта экинчи жана төртүнчү тилкеге суюк клей куюп, үстүнө айлана коёбуз. Ушундай жол менен бардык кесилген айлананы жабыштырабыз.
5. Клей кургаганча 5 мүнөткө күтө турушубуз керек. Эми клей менен жабыштырылган кагаздарды тең ортосунан бүктөп, эки бөлүккө бөлүп кесебиз.
6. Бизде момундай эки кесинди пайда болду. Мунун бирин алабыз да, капталына кургак клей сүртүп, экинчи бөлүгүн жабыштырабыз.
7. Акырын кагазды ачып, кийинки капталын да клей менен жабыштырабыз.
8. Мына, балдар, силер менен кагаздан кооз шар жасадык. Шардын чокусуна жип байлап, шыптарга тагып, бөлмөңөрдү кооздогула.
Бактыгүл Момбекова